Difference between revisions of "АДМИНИСТРАЦИЯЛЫК ЖАЗА"
м (1 версия) |
117-179>KadyrM |
(Айырма жок)
|
16:40, 11 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы
– укук нормаларын бузуучуларга карата мамлекеттин ыйгарым укуктуу органы же кызмат адамы тарабынан мыйзамга ылайык колдонулуучу жаза. Ал жоопкерчилик чарасы болуп эсептелет да, адм. укук бузган адамды мыйзамдарды сактоо, коомдук жашоо эрежелерин урматтоо сезиминде тарбиялоо, о. эле укук бузуучунун өзүн ж. б. адамдарды жаңы укук бузуулардан алдын алуу максатында колдонулат. Адм. укук бузуулар үчүн колдонуучу жалпы эрежелер жазаларды колдонууда (жасалган укук бузуунун мүнөзү; укук бузуучунун инсандыгы; анын күнөө даражасы; мүлктүк абалы) жоопкерчиликти жеңилдетүүчү ж‑a оордотуучу жагдайларды эсепке алат.
С. Алымкулов.
АДМИНИСТРАЦИЯЛЫК ЖООПКЕРЧИЛИК -
кылмыш жасаганга караганда коомдук опурталдуулугу азыраак укук тартибин бузгандыгы үчүн жарандын же кызмат адамынын мамлекет алдындагы жоопкерчилиги. Ал адм. укукту буз ган адам мыйзамдын негизинде жоопко тартылууга тийиш; адм. укук бузууларга байланыштуу таасир көрсөтүү чаралары мыйзамдарда белгиленген негиздерден ж‑a тартиптен башкача түрдө эч кимге колдонулушу мүмкүн эмес. Адм. укук бузууларды жасаган он алты жаштан он сегиз жашка чейинки адамдарга жашы жетпегендердин иштери б‑ча комиссиялар ж‑дөгү КРдин Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү жободо каралган чаралар колдонулат. Башкаруу тартибинин мамл. ж‑a коомдук тартипти, жаратылышты, калктын ден соолугун коргоо чөйрөсүндө белгиленген эрежелерди кызматтагы милдети катарында сактабаганына байланыштуу адм. укук бузуулар үчүн кызмат адамдары
А. ж‑ке тартылышат. Аскер кызматчылары ж‑a жыйналууларга чакырылган аскерге милдеттүүлөр, о. эле ички иштер органдарынын катардагы ж‑a жетекчи орундагы командирдик курамындагы кызматкерлер адм. укук бузуулар үчүн дисциплиналык уставдар б‑ча жоопкерчиликке тартылышат. Жол кыймылынын, мергенчилик, балык уулоочулук ж‑a балык коругун, жаратылышты коргоо б‑ча эрежелерди ж‑a нормаларды бузганда, өрт коопсуздугун сактабаганда, аталган жактар жалпы негиздерде А. ж‑ке тартылышат. КРдин аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандарга ж‑a жарандыгы жокторго жалпы негизде адм. жоопкерчилик колдонулат. С. Алымкулов.