Difference between revisions of "АДАПТЕР"
Jump to navigation
Jump to search
м (1 версия) |
117-179>KadyrM |
(Айырма жок)
|
16:40, 11 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы
(англ. adapter – ылайыктагыч, лат. adapto – ылайыктоо) -1)эсептөө техникасында – ЭЭМди перифериялык (четки) жабдуулар (принтер, дисплей, сканер ж. б.) м‑н байланыштыруучу түзүлүш. Мис., графиктик А. – информацияны (символдук, графиктик) дисплейдин экранына чыгарат, санариптик сигналды окшоштук (аналогдук) сигналга
өзгөртөт. Энелик тактада электрондук схема же микросхема түрүндө өзүнчө тактада (платада) аткарылат; анын оперативдүү эси, атайын процессору бар; 2)электр‑техникадаөзгөрмө агын (ток) тармагын (220 В) турактуу чыңалууга (1,5‑15 В) өзгөрткүч; колго алып жүрмө радио кабылалгычтын аккумуляторун, плеерди, мобилдүү телефонду, санариптик өлчөгүч приборду ж. б‑ды заряддоо үчүн колдонулат; 3)сүрөткө тартууда (фотографияда) – фотоаппаратка башка форматтагы жарык сезгич материалды пайдаланууга мүмкүндүк берүүчү кошумча кассета; стандартсыз бекитилген алмаштырма объективди фотокамерага жалгаштыруучу түзүлмө (өткөөл втулка, шакекче же фланец).