Difference between revisions of "АДАМКАЛЫЙ Байбатыров"
Jump to navigation
Jump to search
м (1 версия) |
117-179>KadyrM |
(Айырма жок)
|
16:40, 11 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы
Байбатыров (1895, Чүй обл., Кант р‑ну, Ат‑Башы айылы – 1953, Фрунзе ш.) – бел гилүү кыргыз өнөрпозу, туңгуч куурчак оюнчусу, темир комузчу, имитатор (тууроочу), Кыр гыз ССРинин эмг. сиң. арт. (1941). А. 1925‑30ж. айылдык советтин төрагасы, 1931‑ж. Кыр гыз мамл. театрынын артисти, 1937‑ж. Кыргыз мамл. филармониясынын солисти болуп иштеген. Жаш кезинде орус байларында малай жүрүп, балалайка м‑н кыякты үйрөнгөн. Ал чебер ко музчу, оозкомуздун мыкты устаты болгон. Окт. рев‑ясына чейин эле (1912) куурчак оюнун көрсөтө баштаган. 1918‑21‑ж. Кызыл Армиянын катарында кызмат өтөп, кайтып келгенден кийин (1921‑25) Чүй, Ысык‑Көл, Нарын өрөөндөрүндө «Куурчак катын Куртунай», «Теке сүзгөн келин», «Жарын тапты» сыяктуу кыска куурчак спектаклдерин көрсөтөт. Ал чебер темир комузчу катарында «Күйгөн», «Күңөтай», «Кыздар ай» аттуу обондорду, «Тагылдыр тоо», «Турумтай», «Булбул», «Карача‑торгой», «Көк музоо», «Чоор күүсү», «Арман күү» деген күүлөрдү аткарган. А. туңгуч темир комузчулар ансамблин (1939) түзгөн.
Ад.: КумүшалиевК., АлагушовБ. Адамкалый. «АлаТоо». 1969, № 11.