Difference between revisions of "АДАМКАЛЫЙ Байбатыров"
117-179>KadyrM |
|||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АДАМКАЛЫЙ''' Байбатыров (1895, Чүй обл., Кант р‑ну, Ат‑Башы айылы – 1953, Фрунзе ш.) – белгилүү кыргыз өнөрпозу, туңгуч куурчак оюнчусу, темир комузчу, имитатор (тууроочу), Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти (1941). А. 1925‑30-ж. айылдык советтин төрагасы, 1931‑ж. Кыргыз мамл. театрынын артисти, 1937‑ж. Кыргыз мамлекеттик филармониясынын солисти болуп иштеген. Жаш кезинде орус байларында малай жүрүп, балалайка м‑н кыякты үйрөнгөн. Ал чебер комузчу, ооз комуздун мыкты устаты болгон. Октябрь революциясына чейин эле (1912) куурчак оюнун көрсөтө баштаган. 1918‑21‑ж. Кызыл Армиянын катарында кызмат өтөп, кайтып келгенден кийин (1921‑25) Чүй, Ысык‑Көл, Нарын өрөөндөрүндө «Куурчак катын Куртунай», «Теке сүзгөн келин», «Жарын тапты» сыяктуу кыска куурчак спектаклдерин көрсөтөт. Ал чебер темир комузчу катарында «Күйгөн», «Күңөтай», «Кыздар ай» аттуу обондорду, «Тагылдыр тоо», «Турумтай», «Булбул», «Карача‑торгой», «Көк музоо», «Чоор күүсү», «Арман күү» деген күүлөрдү аткарган. Ал 1939-ж. туңгуч темир комузчулар ансамблин түзгөн.<br> | |||
Ад.: ''КумүшалиевК., Алагушов Б.'' Адамкалый. «Ала-Тоо». 1969, № 11.<br> |
09:22, 20 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 -деги абалы
АДАМКАЛЫЙ Байбатыров (1895, Чүй обл., Кант р‑ну, Ат‑Башы айылы – 1953, Фрунзе ш.) – белгилүү кыргыз өнөрпозу, туңгуч куурчак оюнчусу, темир комузчу, имитатор (тууроочу), Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти (1941). А. 1925‑30-ж. айылдык советтин төрагасы, 1931‑ж. Кыргыз мамл. театрынын артисти, 1937‑ж. Кыргыз мамлекеттик филармониясынын солисти болуп иштеген. Жаш кезинде орус байларында малай жүрүп, балалайка м‑н кыякты үйрөнгөн. Ал чебер комузчу, ооз комуздун мыкты устаты болгон. Октябрь революциясына чейин эле (1912) куурчак оюнун көрсөтө баштаган. 1918‑21‑ж. Кызыл Армиянын катарында кызмат өтөп, кайтып келгенден кийин (1921‑25) Чүй, Ысык‑Көл, Нарын өрөөндөрүндө «Куурчак катын Куртунай», «Теке сүзгөн келин», «Жарын тапты» сыяктуу кыска куурчак спектаклдерин көрсөтөт. Ал чебер темир комузчу катарында «Күйгөн», «Күңөтай», «Кыздар ай» аттуу обондорду, «Тагылдыр тоо», «Турумтай», «Булбул», «Карача‑торгой», «Көк музоо», «Чоор күүсү», «Арман күү» деген күүлөрдү аткарган. Ал 1939-ж. туңгуч темир комузчулар ансамблин түзгөн.
Ад.: КумүшалиевК., Алагушов Б. Адамкалый. «Ала-Тоо». 1969, № 11.