Difference between revisions of "АУСКУЛЬТАЦИЯ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)
 
(5 intermediate revisions by 3 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
(лат. auscultatio ‒ тыӊшоо) ‒ адамдын органдарынан (өпкө, жүрөк, кан тамыр ж. б.) чыккан добушту тыӊшоого негизделген дарыгерлик изилдөө ыкмасы. Б. з. ч. 2-к-да гр. дарыгери Аретей жүрөктү 1-жолу тыӊшаган, ал эми фр. дарыгери Р. Лаэннек (1819) стетоскопту (мед. түтүк) колдонуп, А. методун иштеп чыккан. Дени соо адам дем алганда өпкөдөн өзгөчө добуш угулат. Ал эми өпкө ж-а бронх сезгенгенде нымдуу же кургак кырылдаган добуш чыгат. Жүрөктүн кадимки добушунун өзгөрүшү же андагы шуулдоо жүрөктө түрдүү оорунун пайда болгонун билгизет. Кан тамырлар артериялык кан басымын өлчөөдө тыӊшалат. Курсакты түздөн-түз (денеге кулакты такап) же кыйыр (стетоскоп же фонендоскоптун  жардамы м-н) тыӊшап ичеги-карындын жыйрылуусун, о. эле жатындагы баланын жүрөгүнүн сокконун аныктоого болот.<br>
'''АУСКУЛЬТА&#769;ЦИЯ''' (лат. auscultatio ‒ тыӊшоо) ‒ адамдын органдарынан (өпкө, жүрөк, кан тамыр ж. б.) чыккан добушту тыӊшоого негизделген дарыгерлик изилдөө ыкмасы. Б. з. ч. 2-кылымдарда грек дарыгери Аретей жүрөктү 1-жолу тыӊшаган, ал эми француз дарыгери Р. Лаэннек (1819) стетоскопту (медициналык түтүк) колдонуп, Аускультация методун иштеп чыккан. Дени соо адам дем алганда өпкөдөн өзгөчө добуш угулат. Ал эми өпкө <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> бронх сезгенгенде нымдуу же кургак кырылдаган добуш чыгат. Жүрөктүн кадимки добушунун өзгөрүшү же андагы шуулдоо жүрөктө түрдүү оорунун пайда болгонун билгизет. Кан тамырлар артериялык кан басымын өлчөөдө тыӊшалат. Курсакты түздөн-түз (денеге кулакты такап) же кыйыр (стетоскоп же фонендоскоптун  жардамы <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>) тыӊшап ичеги-карындын жыйрылуусун, ошондой эле жатындагы баланын жүрөгүнүн сокконун аныктоого болот.<br>
[[Категория:1-Том]]

10:52, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АУСКУЛЬТА́ЦИЯ (лат. auscultatio ‒ тыӊшоо) ‒ адамдын органдарынан (өпкө, жүрөк, кан тамыр ж. б.) чыккан добушту тыӊшоого негизделген дарыгерлик изилдөө ыкмасы. Б. з. ч. 2-кылымдарда грек дарыгери Аретей жүрөктү 1-жолу тыӊшаган, ал эми француз дарыгери Р. Лаэннек (1819) стетоскопту (медициналык түтүк) колдонуп, Аускультация методун иштеп чыккан. Дени соо адам дем алганда өпкөдөн өзгөчө добуш угулат. Ал эми өпкө жана бронх сезгенгенде нымдуу же кургак кырылдаган добуш чыгат. Жүрөктүн кадимки добушунун өзгөрүшү же андагы шуулдоо жүрөктө түрдүү оорунун пайда болгонун билгизет. Кан тамырлар артериялык кан басымын өлчөөдө тыӊшалат. Курсакты түздөн-түз (денеге кулакты такап) же кыйыр (стетоскоп же фонендоскоптун жардамы менен) тыӊшап ичеги-карындын жыйрылуусун, ошондой эле жатындагы баланын жүрөгүнүн сокконун аныктоого болот.