Difference between revisions of "АБЕЛЯР"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: clean up)

(3 intermediate revisions by 3 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
Пьер (1079, Ле-Пале, Нантка жакын – 21. 4. 1142, Бургундия, Сен-Марсель аббатчылыгы) – о. кылымдагы француз философу, теолог, акын, концептуализмдин негиздөөчүсү. 1113-ж. өз мектебин ачкан. Пьердин жаш Элоизага, кийин жеке турмушундагы трагедияга айланган сүйүүсү алардын монастырга кетиши м-н аяктаган. А-дын көз карашына рационализм мүнөздүү. Анын ишениминин алгачкы шарты - акыл-эс («ишенүү үчүн түшүнөм» дейт). А-дын ою б-ча акыл-эстин сынагына туруштук бере албаган ишеним адамга арзыбайт. Чиркөө талаптары да акыл-эс м-н ырасталышы керек. Ыйык жазуулар ж-а чиркөөнүн жашыруун сырлары гана буга муктаж эмес. Ал чындыкты изилдөөдө ар кандай ой жүгүртүүлөрдү, а. и. «карама-каршы ой жүгүртүүлөрдү да талкуулоо керек» - деген. Чиркөө догмаларындагы сокур ишенимден акыл-эс алда канча артык. Ыймандуулуктун (нравалуулуктун) критерийи, чен-өлчөмү - адамдын кылык-жоругу м-н уят-сыйытынын өз ара шайкеш келиши. А-дын чыгармалары азыр да окумдуу.
'''АБЕЛЯР''' Пьер (1079, Ле-Пале, Нантка жакын – 21. 4. 1142, Бургундия, Сен-Марсель аббатчылыгы) – орто  кылымдагы француз философу, теолог, акын, концептуализмдин негиздөөчүсү. 1113-жылы  өз мектебин ачкан. Пьердин жаш Элоизага, кийин жеке турмушундагы трагедияга айланган сүйүүсү алардын монастырга кетиши менен аяктаган. Абелярдын көз карашына рационализм мүнөздүү. Анын ишениминин алгачкы шарты - акыл-эс («ишенүү үчүн түшүнөм» дейт). Абелярдын ою боюнча акыл-эстин сынагына туруштук бере албаган ишеним адамга арзыбайт. Чиркөө талаптары да акыл-эс менен ырасталышы керек. Ыйык жазуулар жана чиркөөнүн жашыруун сырлары гана буга муктаж эмес. Ал чындыкты изилдөөдө ар кандай ой жүгүртүүлөрдү, анын ичинде «карама-каршы ой жүгүртүүлөрдү да талкуулоо керек» - деген. Чиркөө догмаларындагы сокур ишенимден акыл-эс алда канча артык. Ыймандуулуктун (нравалуулуктун) критерийи, чен-өлчөмү - адамдын кылык-жоругу менен уят-сыйытынын өз ара шайкеш келиши. Абелярдын чыгармалары азыр да окумдуу.

''Т. Эсенгелдиев.''

''Т. Эсенгелдиев.''

[[Категория:1-Том]]

16:34, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АБЕЛЯР Пьер (1079, Ле-Пале, Нантка жакын – 21. 4. 1142, Бургундия, Сен-Марсель аббатчылыгы) – орто кылымдагы француз философу, теолог, акын, концептуализмдин негиздөөчүсү. 1113-жылы өз мектебин ачкан. Пьердин жаш Элоизага, кийин жеке турмушундагы трагедияга айланган сүйүүсү алардын монастырга кетиши менен аяктаган. Абелярдын көз карашына рационализм мүнөздүү. Анын ишениминин алгачкы шарты - акыл-эс («ишенүү үчүн түшүнөм» дейт). Абелярдын ою боюнча акыл-эстин сынагына туруштук бере албаган ишеним адамга арзыбайт. Чиркөө талаптары да акыл-эс менен ырасталышы керек. Ыйык жазуулар жана чиркөөнүн жашыруун сырлары гана буга муктаж эмес. Ал чындыкты изилдөөдө ар кандай ой жүгүртүүлөрдү, анын ичинде «карама-каршы ой жүгүртүүлөрдү да талкуулоо керек» - деген. Чиркөө догмаларындагы сокур ишенимден акыл-эс алда канча артык. Ыймандуулуктун (нравалуулуктун) критерийи, чен-өлчөмү - адамдын кылык-жоругу менен уят-сыйытынын өз ара шайкеш келиши. Абелярдын чыгармалары азыр да окумдуу.

Т. Эсенгелдиев.