Difference between revisions of "АБУ-ДАБИ"
9-71>KadyrM |
м (→top: clean up) |
||
(10 intermediate revisions by 6 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АБУ-ДАБИ''' (Абу-Заби) – БАЭнин курамындагы кооз <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> эң ири эмирлик. Перс булуңун бойлой 400 ''км''ге созулуп жатат. Аянты 67,3 миң км<sup>2</sup>. Калкы 2,1 млн (2011). Негизинен ислам динин тутат. Борбору – Абу-Даби (БАЭнин да борбору). Рельефи түздүктүү. Климаты кургак. Тропиктин климаттан субтропикке өтмө. Жылдык орточо температурасы 26<sup>0</sup>С. Эң суук айы – январь (18<sup>0</sup>С), жылуу айы – август (34<sup>0</sup>). Жылдык жаан-чачындын саны 107 ''мм''. Жамгыр көп жааган ай – декабрь (36 ''мм''). Майдан декабрга чейин жамгыр дээрлик жаабайт. Абу-Дабиде 19-кылымдын орто ченинен 20-кылымдын башына чейин Британиянын протектораты үстөмдүк кылган. 1961-жылдан өз алдынча административдик бирдик, 1971-жылдан БАЭнин курамында. Экономикасынын негизин нефть өндүрүшү түзөт. Нефтини экспорттоодон түшкөн кирешени киши башына бөлүштүргөндө эң жогорку көрсөткүчкө ээ. Саодият аралында 1996-жылы Эркин экономикалык зона түзүлгөндөн тарта, ал эл аралык офшордук финансы борбору. Деңиз курорту иштейт. | |||
[[Категория:1-Том]] |
16:38, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АБУ-ДАБИ (Абу-Заби) – БАЭнин курамындагы кооз жана эң ири эмирлик. Перс булуңун бойлой 400 кмге созулуп жатат. Аянты 67,3 миң км2. Калкы 2,1 млн (2011). Негизинен ислам динин тутат. Борбору – Абу-Даби (БАЭнин да борбору). Рельефи түздүктүү. Климаты кургак. Тропиктин климаттан субтропикке өтмө. Жылдык орточо температурасы 260С. Эң суук айы – январь (180С), жылуу айы – август (340). Жылдык жаан-чачындын саны 107 мм. Жамгыр көп жааган ай – декабрь (36 мм). Майдан декабрга чейин жамгыр дээрлик жаабайт. Абу-Дабиде 19-кылымдын орто ченинен 20-кылымдын башына чейин Британиянын протектораты үстөмдүк кылган. 1961-жылдан өз алдынча административдик бирдик, 1971-жылдан БАЭнин курамында. Экономикасынын негизин нефть өндүрүшү түзөт. Нефтини экспорттоодон түшкөн кирешени киши башына бөлүштүргөндө эң жогорку көрсөткүчкө ээ. Саодият аралында 1996-жылы Эркин экономикалык зона түзүлгөндөн тарта, ал эл аралык офшордук финансы борбору. Деңиз курорту иштейт.