Difference between revisions of "АБСТРАКЦИЯ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
9-71>KadyrM
м (→‎top: clean up)

(8 intermediate revisions by 5 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
( лат. abstractio - ажыратып, бөлүп алуу) – нерселердин, кубулуштардын түп маңызын алардын ички касиеттеринен, байланыштарынан жана өз ара мамилелеринен ой
'''АБСТРАКЦИЯ''' (лат. abstractio - ажыратып, бөлүп алуу) – нерселердин, кубулуштардын түп маңызын алардын ички касиеттеринен, байланыштарынан жана өз ара мамилелеринен ой-кубаты аркылуу ажыратып, бөлүп кароо, түшүнүү. Абстракция  таанып билүүнүн, б. а. нерсенин маңызына сүңгүп кирүүнүн негизги формасы, идеялаштыруу жолу. Абстракция  «ой», «түшүнөм» терминдеринин синоними. Философияда «абстрактуулук» түшүнүгү «конкреттүүлүккө» карама-каршы коюлат. Абстракция  реалдуу дүйнөнү эмпирикалык баамдоодон теориялык  түшүнүүгө өтүүнү ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берүүчү рационалдык таанып билүүнүн өбөлгөсү болуп саналат. Абстракциялуу ойлоонун элементтери – бир объектти башка менен орун алмаштыруунун эң жөнөкөй формасы айбанаттарда бар (шарттуу рефлекстердин келип чыгышы ушуга негизделген). Адамдарда болсо, абстрактуу ойлонуунун калыптанышы сөз сүйлөөсүнүн өнүгүшү менен байланыштуу. Aбстракцияда таанып билүү процессинин эки тактикасы ишке ашырылат: бири көңүл каякка алагдыланса, ошол жакка; экинчиси - эмнеден көңүл алагдыланса, ошого багытталышын билдирет. Бул тактикалар кошумча болсо да, Абстракцияга баа берүүдө, тигинисине же мунусуна басым жасоо, көп убактарда карама-каршы маанидеги баалардын берилишине алып келет. Абстракция  муну же дүйнө жөнүндөгү олуттуу маалыматтардын булагы катары же булагы бурмалаган, жакырданткан маалыматтар катары карайт. Абстракция  илимий  таанып билүүнүн универсалдуу методу болуп саналат, абстрактуу объекттер илимдин бүткүл түшүнүк материалын түзөт. Абстракцияда тийиштүү маалыматтардын (бул абстракция  үчүн олуттуу эмес деп эсептелген) кээ бир көптүктөр тобунан алагдыланган актылардын жана бул маалыматтардан келип чыкпаган жаңы кабардын кошулуусу менен айкалышынан улам абстракциянын таянып билүүсүнүн активдүү, жаратмандык мүнөзү көрүнөт. Алагдылантып ажыратуудан жөнөкөйлөшөт жана схемаланат. Ал эми кошумчаланып - толуктоо менен реалдуулуктун сынагы татаалданат (теориялашып кетет) да, анын курамы көрүнүшү жагынан гана эмес, маңызы боюнча да элестелип чыгат. Мисалы: алынган мейкиндиктеги нерселердин түспөлү жөнүндөгү алгачкы түшүнүктөр нерселердин формасы менен өлчөмүнүн башка бардык жекече касиеттеринен алагдыланып - ажыратылып, индуктивдүү түзүлөт. Абстракттуу объекттин калыптандыруу (түзүү) таанып билүүнүн тигил же бул милдеттерин чечүүнү көздөгөн максаттарга байланыштуу. Бир эле материалда өзүнүн ар кыл алагдылануу актысы жасалуусу мүмкүн. Айталык, нерселердин масса менен байланышпаган, жалаң созулуу өлчөмүн (узуну, туурасы, бийиктиги) изилдөө геометриянын илим катары түзүлүшүнө негиз салды. Ал эми бүтүндү (чөйрөнү) мүнөздөөчүлөрдүн кайсылары абстракттуу объект үчүн бөлөк болорун аныктоо абстракциянын негизги маселелеринин бири. Абстракциянын жүрүшүндө «бөлөк» нерселерден алагдылап ажыратуу таанып билүү милдетин жөнөкөйлөштүрөт. Бирок, илимий абстракция  жалаң жөнөкөйлөштүрүү гана эмес, ошондой  эле маалыматтардын «бөлөктөрүн» бөлүп алып салууда башкы, жалпылоочу элементти көрө (таба) билүү аркылуу гносеологиялык модель түзүүгө болот. Мунун өзү иликке алган процесстерди алдын ала көрүүгө (прогноздоого) мүмкүнчүлүк берүүчү теориялык инструмент болуп саналат.
''Т.Эсенгелдиев.''
кубаты аркылуу ажыратып, бөлүп кароо, түшүнүү. А. таанып билүүнүн, б. а. нерсенин маңызына сүңгүп кирүүнүн негизги формасы, идеялаштыруу жолу. А. «ой», «түшүнөм» терминдеринин синоними. Философияда «абстрактуулук» түшүнүгү «конкреттүүлүккө» карамакаршы коюлат. А. реалдуу дүйнөнү эмпирикалык баамдоодон теор. түшүнүүгө өтүүнү ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берүүчү рационалдык таанып билүүнүн өбөлгөсү болуп саналат. Абстракциялуу ойлоонун элементтери – бир объектти башка м-н орун алмаштыруунун эң жөнөкөй формасы айбанаттарда бар (шарттуу рефлекстердин келип чыгышы ушуга негизделген). Адамдарда болсо, абстрактуу ойлонуунун калыптанышы сөз сүйлөөсүнүн өнүгүшү м-н байланыштуу. A-да таанып билүү процессинин эки тактикасы ишке ашырылат: бири көңүл каякка алагдыланса, ошол жакка; экинчиси - эмнеден көңүл алагдыланса, ошого багытталышын билдирет. Бул тактикалар кошумча болсо да, А-га бая берүүдө, тигинисине же мунусуна басым жасоо, көп убактарда карамакаршы маанидеги баалардын берилишине алып келет. А. муну же дүйнө ж-дөгү олуттуу маалыматтардын булаты катары же булаты бурмалаган, жакырданткан маалыматтар катары карайт. А. ил. таанып билүүнүн универсалдуу ме тоду болуп саналат, абстрактуу объекттер илимдин бүткүл түшүнүк материалын түзөт. А-да тийиштүү маялыматтардын (бул А. үчүн олут туу эмес деп эсептелген) кээ бир көптүктөр тобунан алагдыланган актылардын ж-а бул маалыматтардан келип чыкпаган жаңы кабардын кошулуусу м-н айкалышынан улам А-нын таянып билүүсүнүн активдүү, жаратмандык мүнөзү көрүнөт. Алагдылантып ажыратуудан жөнөкөйлөшөт ж-а схемаланат. Ал эми кошумчаланып - толуктоо м-н реалдуулуктун сынагы татаялданат (теориялашып кетет) да, анын курамы көрүнүшү жагынан гана эмес, маңызы б-ча да элестелип чыгат. Мис.: алынган мейкиндиктеги нерселердин түспөлү ж-дөгү алгачкы түшүнүктөр нерселердин формасы м-н өлчөмүнүн башка бардык жекече касиеттеринен алагдыланып - ажыратылып, индуктивдүү түзүлөт. Абстракттуу объекттин калыптандыруу (түзүү) таанып билүүнүн тигил же бул милдеттерин чечүүнү көздөгөн максаттарга байланыштуу. Бир эле материалда өзүнүн ар кыл алагдылануу актысы жасалуусу мүмкүн. Айталык, нерселердин масса м-н байланышпаган, жалаң созулуу өлчөмүн (узуну, туурасы, бийиктиги) изилдөө геометриянын илим катары түзүлүшүнө негиз салды. Ал эми бүтүндү (чөйрөнү) мүнөздөөчүлөрдүн кайсылары абстракттуу объект үчүн бөлөк бо лорун аныктоо А-нын негизги маселелеринин бири. А-нын жүрүшүндө «бөлөк» нерселерден алагдылап ажыратуу таанып билүү милдетин
жөнөкөйлөштүрөт. Бирок, илимий А. жалаң жөнөкөйлөштүрүү гана эмес, о. эле маялымат тардын «бөлөктөрүн» бөлүп алып салууда баш кы, жалпылоочу элементти көрө (таба) билүү аркылуу гносеологиялык модель түзүүгө болот. Мунун өзү иликке алган процесстерди алдын ала көрүүгө (прогноздоого) мүмкүнчүлүк берүүчү теор. инструмент болуп саналат.

''Т. Эсенгелдиев.''

[[Категория:1-Том]]

16:38, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АБСТРАКЦИЯ (лат. abstractio - ажыратып, бөлүп алуу) – нерселердин, кубулуштардын түп маңызын алардын ички касиеттеринен, байланыштарынан жана өз ара мамилелеринен ой-кубаты аркылуу ажыратып, бөлүп кароо, түшүнүү. Абстракция таанып билүүнүн, б. а. нерсенин маңызына сүңгүп кирүүнүн негизги формасы, идеялаштыруу жолу. Абстракция «ой», «түшүнөм» терминдеринин синоними. Философияда «абстрактуулук» түшүнүгү «конкреттүүлүккө» карама-каршы коюлат. Абстракция реалдуу дүйнөнү эмпирикалык баамдоодон теориялык түшүнүүгө өтүүнү ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берүүчү рационалдык таанып билүүнүн өбөлгөсү болуп саналат. Абстракциялуу ойлоонун элементтери – бир объектти башка менен орун алмаштыруунун эң жөнөкөй формасы айбанаттарда бар (шарттуу рефлекстердин келип чыгышы ушуга негизделген). Адамдарда болсо, абстрактуу ойлонуунун калыптанышы сөз сүйлөөсүнүн өнүгүшү менен байланыштуу. Aбстракцияда таанып билүү процессинин эки тактикасы ишке ашырылат: бири көңүл каякка алагдыланса, ошол жакка; экинчиси - эмнеден көңүл алагдыланса, ошого багытталышын билдирет. Бул тактикалар кошумча болсо да, Абстракцияга баа берүүдө, тигинисине же мунусуна басым жасоо, көп убактарда карама-каршы маанидеги баалардын берилишине алып келет. Абстракция муну же дүйнө жөнүндөгү олуттуу маалыматтардын булагы катары же булагы бурмалаган, жакырданткан маалыматтар катары карайт. Абстракция илимий таанып билүүнүн универсалдуу методу болуп саналат, абстрактуу объекттер илимдин бүткүл түшүнүк материалын түзөт. Абстракцияда тийиштүү маалыматтардын (бул абстракция үчүн олуттуу эмес деп эсептелген) кээ бир көптүктөр тобунан алагдыланган актылардын жана бул маалыматтардан келип чыкпаган жаңы кабардын кошулуусу менен айкалышынан улам абстракциянын таянып билүүсүнүн активдүү, жаратмандык мүнөзү көрүнөт. Алагдылантып ажыратуудан жөнөкөйлөшөт жана схемаланат. Ал эми кошумчаланып - толуктоо менен реалдуулуктун сынагы татаалданат (теориялашып кетет) да, анын курамы көрүнүшү жагынан гана эмес, маңызы боюнча да элестелип чыгат. Мисалы: алынган мейкиндиктеги нерселердин түспөлү жөнүндөгү алгачкы түшүнүктөр нерселердин формасы менен өлчөмүнүн башка бардык жекече касиеттеринен алагдыланып - ажыратылып, индуктивдүү түзүлөт. Абстракттуу объекттин калыптандыруу (түзүү) таанып билүүнүн тигил же бул милдеттерин чечүүнү көздөгөн максаттарга байланыштуу. Бир эле материалда өзүнүн ар кыл алагдылануу актысы жасалуусу мүмкүн. Айталык, нерселердин масса менен байланышпаган, жалаң созулуу өлчөмүн (узуну, туурасы, бийиктиги) изилдөө геометриянын илим катары түзүлүшүнө негиз салды. Ал эми бүтүндү (чөйрөнү) мүнөздөөчүлөрдүн кайсылары абстракттуу объект үчүн бөлөк болорун аныктоо абстракциянын негизги маселелеринин бири. Абстракциянын жүрүшүндө «бөлөк» нерселерден алагдылап ажыратуу таанып билүү милдетин жөнөкөйлөштүрөт. Бирок, илимий абстракция жалаң жөнөкөйлөштүрүү гана эмес, ошондой эле маалыматтардын «бөлөктөрүн» бөлүп алып салууда башкы, жалпылоочу элементти көрө (таба) билүү аркылуу гносеологиялык модель түзүүгө болот. Мунун өзү иликке алган процесстерди алдын ала көрүүгө (прогноздоого) мүмкүнчүлүк берүүчү теориялык инструмент болуп саналат.
Т.Эсенгелдиев.