Difference between revisions of "АБСЕНТЕИЗМ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
м (→‎top: clean up)

(10 intermediate revisions by 5 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
(гр. absentis – катышпаган, фр. absenteisme – катышпоо) – шайлоочулардын
'''АБСЕНТЕИЗМ''' (гр. absentis – катышпаган, фр. absenteisme – катышпоо) – шайлоочулардын шайлоого жана референдумдарга катышуудан баш тартышы. Абсентеизм тар маанисинде – шайлоо укугуна ээ адамдар шайлоочулардын тизмесине катталуудан же добуш берген күнү шайлоо участогуна келүүдөн баш тартуусу; кең маанисинде – шайлоо участогуна келгени менен өз пикирин билдирбестен, шайлоо урнасына кийин жараксыз деп табылган бюллетендерди салган же такыр эле салбай кеткен шайлоочуларды айтса болот. Абсентеизмдин активдүү Абсентеизм (шайлоочунун добуш берүүдөн, шайлоого катышуудан баш тартууну өз эрки менен тандап алган түрү) жана пассивдүү Абсентеизм (саясий апатиянын, б. а. саясий кайдыгерликтин натыйжасы), туруктуу Абсентеизм (саясий иш-чараларга тыюу салган айрым диний сектадагылар, ошондой эле саясий пассивдүүлүк, шайлоонун жыйынтыгына ишенбөөчүлүк, саясий партиялардан жана анын лидерлеринен көңүл калуу ж. б. менен байланыштуу) деген түрлөрү бар. Шайлоого адамдар кээ бир учурларда башка жерлерге көчүп кетүүнүн, командировка, отпуск ж. б. шарттарга байланыштуу, ошондой эле референдумдун же кандидаттардын программалары шайлоочунун кызыкчылыгына жооп бербеген учурда же саясий маданияттын төмөндүгүнүн натыйжасында катышпай калуусу ыктымал. Бийлик тарабынан шайлоо процесстери катуу көзөмөлдөнгөн тоталитардык мамлекеттерде Абсентеизмдин көрсөткүчү өтө төмөн болот. Анда көбүнчө добуш берүүгө катышпагандар 10%ке жакынын гана түзөт. Айрым өлкөлөрдө (Бельгия, Австралия, Австриянын бир бөлүгүндө) шайлоого катышпагандарга штраф, мамлекеттик кызматка алууга убактылуу тыюу салуу ж. б. чаралар көрүлөт, ошондой эле шайлоо корпусуна шайлоо укугуна ээ шайлоочулар толугу менен камтылбастан, өздөрү катталгандардын гана камтылышы Асентеизмдин көрсөткүчүн жасалма түрдө төмөндөтөт. Абсентеизм негизинен Швейцария жана АКШга мүнөздүү болсо, 20-кылымдын аяк ченинен Чыгыш Европа өлкөлөрүнө да тарай баштаган. Кыргызстанда да айрым учурларда Асентеизм болгон учурлар белгилүү. Учурда көпчүлүк өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда да шайлоонун өтүшүнө карата тоскоолдуктарды жоюу жана Абсентеизмдин алдын алуу максатында атайы шарттар иштелип чыккан. Анда шайлоону жекшемби күнү гана өткөрүү, жашаган жеринен алыс, башка жерде жүргөндөргө атайын шайлоо күбөлүгүн берүү, ден соолугуна байланыштуу шайлоо участогуна келе албагандарга атайын комиссия барып, добушун алып келүү каралган.

шайлоого ж-а референдумдарга катышуудан баш тартышы. А. тар маанисинде – шайлоо укугуна ээ адамдар шайлоочулардын тизмесине катталуудан же добуш берген күнү шайлоо участогуна келүүдөн баш тартуусу; кең маанисинде – шайлоо участогуна келгени м-н өз пикирин билдирбестен, шайлоо урнасына кийин жараксыз деп табылган бюллетендерди салган же такыр эле салбай кеткен шайлоочуларды айтса болот. А-дин активдүү А. (шайлоочунун добуш берүүдөн, шайлоого катышуудан баш тартууну өз эрки м-н тандап алган түрү) ж-а пассивдүү А. (сая сий апатиянын, б. а. саясий кайдыгерликтин натыйжасы), туруктуу А. (саясий иш-чараларга тыюу салган айрым диний сектадагылар, о. эле саясий пассивдүүлүк, шайлоонун жыйынтыгына ишенбөөчүлүк, саясий партиялардан ж-а анын лидерлеринен көңүл калуу ж. б. м-н байланыштуу) деген түрлөрү бар. Шайлоого адам дар кээ бир учурларда башка жерлерге көчүп кетүүнүн, командировка, отпуск ж. б. шарттарга байланыштуу, о. эле референдумдун же кандидаттардын программалары шайлоочунун кызыкчылыгына жооп бербеген учурда же сая сий мад-ттын төмөндүгүнүн натыйжасында катышпай калуусу ыктымал. Бийлик тарабынан шайлоо процесстери катуу көзөмөлдөнгөн тоталитардык мамлекеттерде А-дин көрсөткүчү өтө төмөн болот. Анда көбүнчө добуш берүүгө катышпагандар 10% ке жакынын гана түзөт. Ай рым өлкөлөрдө (Бельгия, Австралия, Австриянын бир бөлүгүндө) шайлоого катышпагандарга штраф, мамл. кызматка алууга убактылуу тыюу салуу ж. б. чаралар көрүлөт, о. эле шай лоо корпусуна шайлоо укугуна ээ шайлоочулар толугу м-н камтылбастан, өздөрү катталгандардын гана камтылышы А-дин көрсөткүчүн жасалма түрдө төмөндөтөт. А. негизинен Швейца рия ж-а АКШга мүнөздүү болсо, 20-к-дын аяк ченинен Чыгыш Европа өлкөлөрүнө да тарай баштаган. Кырг-нда да айрым учурларда А. бол гон учурлар белгилүү. Учурда көпчүлүк өлкө лөрдө, а. и. Кырг-нда да шайлоонун өтүшүнө карата тоскоолдуктарды жоюу ж-а А-дин алдын алуу максатында атайы шарттар иштелип чыккан. Анда шайлоону жекшемби күнү гана өткөрүү, жашаган жеринен алыс, башка жерде жүргөндөргө атайын шайлоо күбөлүгүн берүү, ден соолугуна байланыштуу шайлоо участогуна келе албагандарга атайын комиссия барып, добушун алып келүү каралган.

[[Категория:1-Том]]

16:36, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АБСЕНТЕИЗМ (гр. absentis – катышпаган, фр. absenteisme – катышпоо) – шайлоочулардын шайлоого жана референдумдарга катышуудан баш тартышы. Абсентеизм тар маанисинде – шайлоо укугуна ээ адамдар шайлоочулардын тизмесине катталуудан же добуш берген күнү шайлоо участогуна келүүдөн баш тартуусу; кең маанисинде – шайлоо участогуна келгени менен өз пикирин билдирбестен, шайлоо урнасына кийин жараксыз деп табылган бюллетендерди салган же такыр эле салбай кеткен шайлоочуларды айтса болот. Абсентеизмдин активдүү Абсентеизм (шайлоочунун добуш берүүдөн, шайлоого катышуудан баш тартууну өз эрки менен тандап алган түрү) жана пассивдүү Абсентеизм (саясий апатиянын, б. а. саясий кайдыгерликтин натыйжасы), туруктуу Абсентеизм (саясий иш-чараларга тыюу салган айрым диний сектадагылар, ошондой эле саясий пассивдүүлүк, шайлоонун жыйынтыгына ишенбөөчүлүк, саясий партиялардан жана анын лидерлеринен көңүл калуу ж. б. менен байланыштуу) деген түрлөрү бар. Шайлоого адамдар кээ бир учурларда башка жерлерге көчүп кетүүнүн, командировка, отпуск ж. б. шарттарга байланыштуу, ошондой эле референдумдун же кандидаттардын программалары шайлоочунун кызыкчылыгына жооп бербеген учурда же саясий маданияттын төмөндүгүнүн натыйжасында катышпай калуусу ыктымал. Бийлик тарабынан шайлоо процесстери катуу көзөмөлдөнгөн тоталитардык мамлекеттерде Абсентеизмдин көрсөткүчү өтө төмөн болот. Анда көбүнчө добуш берүүгө катышпагандар 10%ке жакынын гана түзөт. Айрым өлкөлөрдө (Бельгия, Австралия, Австриянын бир бөлүгүндө) шайлоого катышпагандарга штраф, мамлекеттик кызматка алууга убактылуу тыюу салуу ж. б. чаралар көрүлөт, ошондой эле шайлоо корпусуна шайлоо укугуна ээ шайлоочулар толугу менен камтылбастан, өздөрү катталгандардын гана камтылышы Асентеизмдин көрсөткүчүн жасалма түрдө төмөндөтөт. Абсентеизм негизинен Швейцария жана АКШга мүнөздүү болсо, 20-кылымдын аяк ченинен Чыгыш Европа өлкөлөрүнө да тарай баштаган. Кыргызстанда да айрым учурларда Асентеизм болгон учурлар белгилүү. Учурда көпчүлүк өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда да шайлоонун өтүшүнө карата тоскоолдуктарды жоюу жана Абсентеизмдин алдын алуу максатында атайы шарттар иштелип чыккан. Анда шайлоону жекшемби күнү гана өткөрүү, жашаган жеринен алыс, башка жерде жүргөндөргө атайын шайлоо күбөлүгүн берүү, ден соолугуна байланыштуу шайлоо участогуна келе албагандарга атайын комиссия барып, добушун алып келүү каралган.