Difference between revisions of "АБИОТА ФАКТОРЛОРУ"
9-71>KadyrM |

| (7 intermediate revisions by 5 users not shown) | |||
| 1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АБИОТА ФАКТОРЛОРУ''' (а, гр. bio – жашоо жана лат. factor – жасоочу) – жансыз жаратылыштын органикалык эмес дүйнөсүнүн компоненттеринин жана кубулуштарынын тирүү организмдерге түз жана кыйыр таасир этүүчү шарттары. Аларга негизинен климаттык , э д а ф и к а л ы к (т о п у р а к чөйрөсүнүн), орографиялык, гидрографиялык факторлор кирет. Бирок, анда өзгөчө орунду климаттык факторлор (күн радиациясы, жарык режими, температуpa, нымдуулук, жаан-чачын, шамал, басым жана башкалар) ээлейт. Күн радиациясы энергиянын жана жарыктын негизги булагы болгондуктан, биосферанын жылуулук балансын жана температуралык режимин аныктайт. Ошондой эле күн радиациясы негизги экологиялык фактордун кызматын аткарып, тирүү организмдердин физиологиялык жана морфологиялык өнүгүүсүнө таасир этет. Мында климаттык башка факторлор да орчундуу мааниге ээ. Жер бетиндеги өсүмдүк дүйнөсүнүн жана башка ландшафт компоненттеринин зоналдуулугу (тундра, тайга, талаа, чөл, саванна, нымдуу тропик токою жана башка) да негизинен климаттык факторлорго баш ийет. Организм тиричилигинде топурак кыртышынын да мааниси зор. Мисалы, өсүмдүктөрдүн ар түрдүүлүгү топурактын структурасына, механикалык курамына, кычкылдуулугуна (pH), күрдүүлүгүнө, курамындагы химиялык элементтерге жана башкаларга байланыштуу. | |||
Б.''Үсөнканов.''

[[Категория:1-Том]] | |||
11:18, 16 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку версиясы
АБИОТА ФАКТОРЛОРУ (а, гр. bio – жашоо жана лат. factor – жасоочу) – жансыз жаратылыштын органикалык эмес дүйнөсүнүн компоненттеринин жана кубулуштарынын тирүү организмдерге түз жана кыйыр таасир этүүчү шарттары. Аларга негизинен климаттык , э д а ф и к а л ы к (т о п у р а к чөйрөсүнүн), орографиялык, гидрографиялык факторлор кирет. Бирок, анда өзгөчө орунду климаттык факторлор (күн радиациясы, жарык режими, температуpa, нымдуулук, жаан-чачын, шамал, басым жана башкалар) ээлейт. Күн радиациясы энергиянын жана жарыктын негизги булагы болгондуктан, биосферанын жылуулук балансын жана температуралык режимин аныктайт. Ошондой эле күн радиациясы негизги экологиялык фактордун кызматын аткарып, тирүү организмдердин физиологиялык жана морфологиялык өнүгүүсүнө таасир этет. Мында климаттык башка факторлор да орчундуу мааниге ээ. Жер бетиндеги өсүмдүк дүйнөсүнүн жана башка ландшафт компоненттеринин зоналдуулугу (тундра, тайга, талаа, чөл, саванна, нымдуу тропик токою жана башка) да негизинен климаттык факторлорго баш ийет. Организм тиричилигинде топурак кыртышынын да мааниси зор. Мисалы, өсүмдүктөрдүн ар түрдүүлүгү топурактын структурасына, механикалык курамына, кычкылдуулугуна (pH), күрдүүлүгүнө, курамындагы химиялык элементтерге жана башкаларга байланыштуу.
Б.Үсөнканов.