Difference between revisions of "АБИДЖАН"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
м (→‎top: clean up)
 
(10 intermediate revisions by 5 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
  (Abidjan) – Кот-д Ивуар мамлекетинин башкы шаары ж-а порту (жылына 15 млн т жүк ташылат). Лагюн обл-нун адм. борбору. Атлантика океанындагы Эбрие көл чөгүндүлөрүнүн жээгинде, А. ж. а-нда жайгашкан. Калкы 4,7 млн (2014, шаар айланасы м-н). Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Тамак-аш (консерва, кофе з-ддору), нефть ажыратуу, металл иштетүү, жеңил (кездеме токуу, три котаж, бут кийим) өнөр жайы, кеме верфи, Да кар ун-тинин филиалы, асем өнөр улуттук жо горку мектеби, этногр. музейи, улуттук китепкана иштейт. 1880–90-ж. француздар негиздеген. 1934-жылдан Франциянын ээлиги – Пил Сөөктүү Жээктин, 1960–83-ж. Пиял Сөөктүү Жээк Респ-сынын борбору болгон. Жылуулук электр станциясы иштейт. Шаарга жакын Банко улут тук паркы жайгашкан.<br>
'''АБИДЖАН''' (Abidjan) – Кот-д Ивуар мамлекетинин башкы шаары <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> порту (жылына 15 млн ''т'' жүк ташылат). Лагюн облусунун административдик  борбору. Атлантика океанындагы Эбрие көл чөгүндүлөрүнүн жээгинде, Абиджан жарым  аралында жайгашкан. Калкы 4,7 млн (2014, шаар айланасы <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>). Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Тамак-аш (консерва, кофе заводдору), нефть ажыратуу, металл иштетүү, жеңил (кездеме токуу, трикотаж, бут кийим) өнөр жайы, кеме верфи, Дакар университетинин филиалы, асем өнөр улуттук жогорку мектеби, этнографиялык  музейи, улуттук китепкана иштейт. 1880–90-жылдарда  француздар негиздеген. 1934-жылдан Франциянын ээлиги – Пил Сөөктүү Жээктин, 1960–83-жылдары Пил Сөөктүү Жээк Республикасынын борбору болгон. Жылуулук электр станциясы иштейт. Шаарга жакын Банко улуттук паркы жайгашкан.<br>
 
[[Категория:1-Том]]

16:34, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АБИДЖАН (Abidjan) – Кот-д Ивуар мамлекетинин башкы шаары жана порту (жылына 15 млн т жүк ташылат). Лагюн облусунун административдик борбору. Атлантика океанындагы Эбрие көл чөгүндүлөрүнүн жээгинде, Абиджан жарым аралында жайгашкан. Калкы 4,7 млн (2014, шаар айланасы менен). Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Тамак-аш (консерва, кофе заводдору), нефть ажыратуу, металл иштетүү, жеңил (кездеме токуу, трикотаж, бут кийим) өнөр жайы, кеме верфи, Дакар университетинин филиалы, асем өнөр улуттук жогорку мектеби, этнографиялык музейи, улуттук китепкана иштейт. 1880–90-жылдарда француздар негиздеген. 1934-жылдан Франциянын ээлиги – Пил Сөөктүү Жээктин, 1960–83-жылдары Пил Сөөктүү Жээк Республикасынын борбору болгон. Жылуулук электр станциясы иштейт. Шаарга жакын Банко улуттук паркы жайгашкан.