Difference between revisions of "АБУЛКАЙЫР"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
9-71>KadyrM
м (→‎top: clean up)
 
(9 intermediate revisions by 5 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
, АбулкайырМукамбет казы Бахадур хан (1693–12. 8. 1748) – казак ханы ж-а кол башчы. 1710-ж. Кичи жүздүн ханы болуп шайланган. А. казактар м-н калмактардын арасындагы өз ара мамилелер өтө курч деңгээлге жеткендиктен, 1716–18-ж. Рос сия империясынан жардам алуу максатында Сибирь губернатору М. П. Гагаринге, Уфа воеводасына кат жазып, казактардын абалын оңдоого аракет жасаган. 1723-ж. чейин Түркстанда жашап, андан жунгарлар кууп чыккандан кийин Бухара ж-Хива хандыктарынын чек
'''АБУЛКАЙЫР''', Абулкайыр Мухаммед казы Бахадур хан (1693, Казак хандыгы, Түркстан – 12. 8. 1748, ошол эле жерде) – казак ханы жана кол башчы. Кичи жүздүн 1-ханы (1718—1748). Абулкайыр казактар менен калмактардын арасындагы өз ара мамилелер өтө курч деңгээлге жеткендиктен, 1716–18-жылдары Россия империясынан жардам алуу максатында Сибирь губернатору М. П. Гагаринге, Уфа воеводасына кат жазып, казактардын абалын оңдоого аракет жасаган. 1723-жылга чейин Түркстанда жашап, андан жунгарлар кууп чыккандан кийин Бухара жана Хива хандыктарынын чек арасындагы казак урууларына конуш которгон. 1726-жылы элдик жыйында жунгарларга каршы түзүлгөн казак колуна башчы болуп шайланган. Буланты өзөнүнүн боюнда (1728) жана Аңыракайдагы (1729–30) салгылаштарда кол башчылык жөндөмүн бөтөнчө көрсөткөн. Казак хандары менен султандардын ич ара чыр-чатактары, ошондой эле тышкы душмандардын кол салуу коркунучунан улам Россия империясы менен жакындашууну көздөгөн Абулкайыр өз элчилерин Петербургга жөнөтүп, жооп иретинде ал тараптан да элчилер келген. Натыйжада 1731-жылы Абулкайыр Кичи жүздүн султандары, эл жакшылары, ошондой эле Орто жүздүн айрым султандары менен бирге Россия империясынын курамына киргендиги тууралуу ант берген. Ал эми орус бийлиги болсо аларга аскердик жардам көрсөтүү жана коргоо милдетин алган. Натыйжада 1741–42-жылдары жунгарлардын Кичи жана Орто жүзгө тийиштүү аймактарга кайрадан басып кирүүсү орустардын кийлигишүүсү менен токтотулган. Ошол эле учурда Абулкайыр өзүнө көз каранды элдердин өз алдынча Россия менен мамиле түзүшүнө каршы болгон. Ал орус император айымы Елизавета Петровнага Россиянын курамына кошуп алуу өтүнүчү менен кайрылган кара калпактарга 1743-жылы кол салып, алардын көпчүлүгүн жаңы жерлерге күч менен жер которууга аргасыз кылган. Орус бийлиги менен мамилесин үзбөй, ошол эле учурда жунгарлардын башчысы Галдан Церен менен астыртан байланыш түзгөн. Жунгарлар алсыраган сайын ал Россиядан оолактоого аракет кыла баштаган. 1740-жылы Хиваны басып алып, анда хан аталган. Бирок Иран шахы Надирдин кысымынан улам Хиваны таштап кетүүгө аргасыз болгон. Абулкайыр Орто, Кичи, Улуу жүздүн эл башчылары, кадырлуу билермандары, баатырлары менен тыгыз байланыш түзгөн. Өзүнөн бир топ кичүү, бирок эл арасында аброю өсүп келе жаткан ''Абылай'' менен жакын мамиледе болуп, бир кызын ага күйөөгө берген. 1737–38-жылдары башкыр элинин оторчул эзүүгө каршы көтөрүлүшүн басууга катышуусу эки элдин ортосундагы карым-катнашты бир кыйла татаалданткан. Абулкайырдын кыйлага тараган атагы, өз алдынчалыгы айрым казак султандарында ич күйдүлүктү туудурган. Алардын бири Орто жүздүн султаны Барак Ор чебинен кайтып келе жаткан Абулкайыр менен ээн жерде кездешип калып, аны жанындагы шериктери менен кошо өлтүрүп салган. Абулкайырдын бейити азыркы Ак-Төбө облусундагы Кабырга суусунун Улук-Аяк суусуна куйган жеринде. Ал жер кийин Хан бейити аталып калган. Абулкайырдын орус бийлигине баш ийиши менен Казакстандын Россиянын курамына кошулуу процесси башталган жана анын иш-аракеттери келечекте бирдиктүү казак мамлекетинин түзүлүшүнө жана өнүгүүсүнө өбөлгө болгон.
арасындагы казак урууларына конуш которгон. 1726-ж. элдик жыйында жунгарларга каршы түзүлгөн казак колуна башчы болуп шайлан ган. Буланты өзөнүнүн боюнда (1728) ж-а Аңыракайдагы (1729–30) салгылаштарда кол башчылык жөндөмүн бөтөнчө көрсөткөн. Казак хандары м-н султандардын ич ара чыр-чатактары, о. эле тышкы душмандардын кол салуу коркунучунан улам Россия империясы м-н жакындашууну көздөгөн А. өз элчилерин Петербургга жөнөтүп, жооп иретинде ал тараптан да элчилер келген. Натыйжада 1731-ж. А. Кичи жүздүн султандары, эл жакшылары, о. эле Орто жүздүн айрым султандары м-н бирге Россия империясынын курамына киргендиги тууралуу ант берген. Ал эми орус бийлиги болсо аларга аскердик жардам көрсөтүү ж-а коргоо милдетин алган. Натыйжада 1741–42-ж. жунгарлардын Кичи ж-а Орто жүзгө тийиштүү аймактарга кайрадан басып кирүүсү орустардын кийлигишүүсү м-н токтотулган. Ошол эле учурда А. өзүнө көз каранды элдердин өз алдынча Россия м-н мамиле түзүшүнө каршы болгон. Ал орус император айымы Елизавета Петровнага Россиянын курамына кошуп алуу өтүнүчү м-н кайрылган кара калпактарга 1743-ж. кол салып, алардын көпчүлүгүн жаңы жерлерге күч м-н жер которууга аргасыз кылган. Орус бийлиги м-н мамилесин үзбөй, ошол эле учурда жунгарлардын баш чысы Галдан Церен м-н астыртан байланыш түзгөн. Жунгарлар алсыраган сайын ал Россиядан оолактоого аракет кыла баштаган. 1740-ж. Хиваны басып алып, анда хан аталган. Бирок Иран шахы Надирдин кысымынан улам Хива ны таштап кетүүгө аргасыз болгон. А. Орто, Кичи, Улуу жүздүн эл башчылары, кадырлуу билермандары, баатырлары м-н тыгыз байла ныш түзгөн. Өзүнөн бир топ кичүү, бирок эл арасында аброю өсүп келе жаткан ''Абылай'' м-н жа кын мамиледе болуп, бир кызын ага күйөөгө берген. 1737–38-ж. башкыр элинин оторчул эзүүгө каршы көтөрүлүшүн басууга катышуусу эки элдин ортосундагы карым-катнашты бир кыйла татаалданткан. А-дын кыйлага тараган атагы, өз алдынчалыгы айрым казак султандарында ич күйдүлүктү туудурган. Алардын бири Орто жүздүн султаны Барак Ор чебинен кайтып келе жаткан А. м-н ээн жерде кездешип калып, аны жанындагы шериктери м-н кошо өлтүрүп салган. А-дын бейити Торгой ш-на жакын жер де. Ал жер кийин Хан бейити аталып калган. А-дын орус бийлигине баш ийиши м-н Казакстандын Россиянын курамына кошулуу процесси башталган ж-а анын иш-аракеттери келечекте бирдиктүү казак мамлекетинин түзүлүшүнө ж-а өнүгүүсүнө өбөлгө болгон.<br>
''Ч. Жумагулов.''


Ад.: ''Ерофеева'' ''И.'' В. ''Хан'' Абулхаир. Полководец, правитель, политик. А., 2007.
''Ч. Жумагулов.''
[[Категория:1-Том]]

16:39, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АБУЛКАЙЫР, Абулкайыр Мухаммед казы Бахадур хан (1693, Казак хандыгы, Түркстан – 12. 8. 1748, ошол эле жерде) – казак ханы жана кол башчы. Кичи жүздүн 1-ханы (1718—1748). Абулкайыр казактар менен калмактардын арасындагы өз ара мамилелер өтө курч деңгээлге жеткендиктен, 1716–18-жылдары Россия империясынан жардам алуу максатында Сибирь губернатору М. П. Гагаринге, Уфа воеводасына кат жазып, казактардын абалын оңдоого аракет жасаган. 1723-жылга чейин Түркстанда жашап, андан жунгарлар кууп чыккандан кийин Бухара жана Хива хандыктарынын чек арасындагы казак урууларына конуш которгон. 1726-жылы элдик жыйында жунгарларга каршы түзүлгөн казак колуна башчы болуп шайланган. Буланты өзөнүнүн боюнда (1728) жана Аңыракайдагы (1729–30) салгылаштарда кол башчылык жөндөмүн бөтөнчө көрсөткөн. Казак хандары менен султандардын ич ара чыр-чатактары, ошондой эле тышкы душмандардын кол салуу коркунучунан улам Россия империясы менен жакындашууну көздөгөн Абулкайыр өз элчилерин Петербургга жөнөтүп, жооп иретинде ал тараптан да элчилер келген. Натыйжада 1731-жылы Абулкайыр Кичи жүздүн султандары, эл жакшылары, ошондой эле Орто жүздүн айрым султандары менен бирге Россия империясынын курамына киргендиги тууралуу ант берген. Ал эми орус бийлиги болсо аларга аскердик жардам көрсөтүү жана коргоо милдетин алган. Натыйжада 1741–42-жылдары жунгарлардын Кичи жана Орто жүзгө тийиштүү аймактарга кайрадан басып кирүүсү орустардын кийлигишүүсү менен токтотулган. Ошол эле учурда Абулкайыр өзүнө көз каранды элдердин өз алдынча Россия менен мамиле түзүшүнө каршы болгон. Ал орус император айымы Елизавета Петровнага Россиянын курамына кошуп алуу өтүнүчү менен кайрылган кара калпактарга 1743-жылы кол салып, алардын көпчүлүгүн жаңы жерлерге күч менен жер которууга аргасыз кылган. Орус бийлиги менен мамилесин үзбөй, ошол эле учурда жунгарлардын башчысы Галдан Церен менен астыртан байланыш түзгөн. Жунгарлар алсыраган сайын ал Россиядан оолактоого аракет кыла баштаган. 1740-жылы Хиваны басып алып, анда хан аталган. Бирок Иран шахы Надирдин кысымынан улам Хиваны таштап кетүүгө аргасыз болгон. Абулкайыр Орто, Кичи, Улуу жүздүн эл башчылары, кадырлуу билермандары, баатырлары менен тыгыз байланыш түзгөн. Өзүнөн бир топ кичүү, бирок эл арасында аброю өсүп келе жаткан Абылай менен жакын мамиледе болуп, бир кызын ага күйөөгө берген. 1737–38-жылдары башкыр элинин оторчул эзүүгө каршы көтөрүлүшүн басууга катышуусу эки элдин ортосундагы карым-катнашты бир кыйла татаалданткан. Абулкайырдын кыйлага тараган атагы, өз алдынчалыгы айрым казак султандарында ич күйдүлүктү туудурган. Алардын бири Орто жүздүн султаны Барак Ор чебинен кайтып келе жаткан Абулкайыр менен ээн жерде кездешип калып, аны жанындагы шериктери менен кошо өлтүрүп салган. Абулкайырдын бейити азыркы Ак-Төбө облусундагы Кабырга суусунун Улук-Аяк суусуна куйган жеринде. Ал жер кийин Хан бейити аталып калган. Абулкайырдын орус бийлигине баш ийиши менен Казакстандын Россиянын курамына кошулуу процесси башталган жана анын иш-аракеттери келечекте бирдиктүү казак мамлекетинин түзүлүшүнө жана өнүгүүсүнө өбөлгө болгон.

Ад.: Ерофеева И. В. Хан Абулхаир. Полководец, правитель, политик. А., 2007.

Ч. Жумагулов.