Difference between revisions of "АБДУРАХМАН АПТАБАЧЫ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
9-71>KadyrM
м (→‎top: clean up)

(10 intermediate revisions by 5 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
(т. ж. белгисиз – 1881) – Кокон хандыгынын мамл. ишмери ж-а кол башчы; кыргыз-кыпчак урууларынын төбөлү. ''Мусулманкул'' миң башынын уулу. 1845-ж. 14 жашар Кудаяр белгилүү бий Мусулманкулдун жардамы м-н такка олтурган. Мусулман кул хандын тукуму м-н туугандашуу үчүн кызын ''Кудаяр ханга'' берген. Ошол кездеги жаш Абдурахман Кудаярдын бир тууган кайниси катары ордодо чоңоюп, курбалдашы Кудаяр м-н теңтуш болуп өскөн. Атасы 1852-ж. Кудаяр хандын буйругу м-н өлтүрүлгөндүгүнө, көз алдында кыпчак туугандарын кырдыргандыгына карабай, баарына чыдап, акырындык м-н
'''АБДУРАХМАН''' '''аптабачы''' (1844, Кокон хандыгы – 25. 5. 1881) – Кокон хандыгынын мамлекеттик  ишмери жана кол башчы; кыргыз-кыпчак урууларынын төбөлү. ''Мусулманкул'' миң башынын уулу. 1845-жылы  14 жашар Кудаяр белгилүү бий Мусулманкулдун жардамы менен такка олтурган. Мусулман кул хандын тукуму менен туугандашуу үчүн кызын ''Кудаяр ханга'' берген. Ошол кездеги жаш Абдурахман Кудаярдын бир тууган кайниси катары ордодо чоңоюп, курбалдашы Кудаяр менен теңтуш болуп өскөн. Атасы 1852-жылы  Кудаяр хандын буйругу менен өлтүрүлгөндүгүнө, көз алдында кыпчак туугандарын кырдыргандыгына карабай, баарына чыдап, акырындык менен жөнөкөй «аптабачылык» (хан колуна суу куюучу бала) кызматтан ордодогу негизги бийлик миң башылыкка чейин жеткен.
[[File:АБДУРАХМАН АПТАБАЧЫ36.png | thumb | Абдурахман аптабачы ж-а Иса олуя (мамл. борб. архив. архив).]]
жөнөкөй «аптабачылык» (хан колуна суу куюучу бала) кызматтан ордодогу негизги бийлик миң башылыкка чейин жеткен. 1870-ж-дын башында ал кыргыз бийлери м-н байланышып, Кудаяр ханды алмаштырууну көздөгөн. А. а. лейлектик кыргыздардын чапкылык уруусунун бийлерине көтөрүлүшкө чыгуу зарылдыгы ж-дө кат жазган. Натыйжада лейлектиктер Кокон хандарынын Кожент ш-нда жашап жаткан урпактарынын бири – Садыкбектин уулу Абдыкеримбекти чакырышып, хан көтөрүшкөн. Көтөрүлүшчүлөргө каршы Кудаяр хан 7 падсаттын
башчылыгында чоң кошуун жиберип, кыймылды аёосуз баскан. Кыргыздар тоого качып кетишкен. Ошол мезгилде Россиянын карамагында турган Кожентке кайткан Абдыкеримбекти орус бийликтери Кудаярдын өтүнүчү м-н Кокон ордосуна туткун катары тапшырышкан. 1873– 74-ж. А. а. Кудаяр ханга каршы көтөрүлгөн ''Полот хандын, Мамыр Мерген'' уулунун, ''Абдылдабектин'' ж. б. кыргыз бийлеринин көтөрүлүшүн басууда кокондук жазалоочу аскерлерине башчылык кылып, бул кызматы үчүн 1874-ж. Ку даяр хандан «Парваначы» наамын алган. 1875ж. июлда Кокон хандыгына каршы көтөрүлүш күчөп, Кырг-ндын түштүгү ж-а Фергананын бир катар аймактары Полот хан жетектеген көтөрүлүшчүлөрдүн колуна өтө баштаган. Өзгөндө башталган көтөрүлүштү басууга Кудаяр хан тарабынан жиберилген А. а., Калназар ж-а Сарымсак эшик ага 4000 аскери м-н 17-июлда көтөрүлүшчүлөр тарапка өтүп кеткен. 19-июлда Анжиян вилаетинин беги Кудаяр хандын уулу Насреддинбек, Маргалаң вилаетинин беги Султанмурат да күрөшкө чыккан эл тарапка кошулган. 22-июлда Кудаяр хан Коконду таштап, Россия ээлигине баш калкалап качууга аргасыз болот. А. а., Иса олуя ж.б. колдоосу м-н анын ордуна уулу Насреддинбек хан көтөрүлөт, ал эми Полот хан жашыруун түрдө туткунга алынат (ал 22-августта Чаткал тарапка качып кеткен). А. а. м-н Насреддин хан элдин күрөшүн диний мүнөзгө багыттап, «ыйык казатка» («газаватка») чакырган. 1875-ж. элдик көтөрүлүш кайра күчөгөндө Насреддин хан орус падышалыгынын аскерлерин жардамга чакырууга аргасыз болот. Падышалык бийликтин М. Д. Скобелев башында турган жазалоо отрядына 1876-ж. январдын акырында Анжияндан 8 чакырым аралыкта жайгашкан Индукыштакта А. а. ж-а аны м-н кошо кыймылдын бел гилүү жетекчилеринен болгон 26 бий ж-а бектер, 400 жигит багынып берип, көтөрүлүшчүлөргө чыккынчылык кылган. А. а. Екатерин бург ш-на жөнөтүлүп, жылына 3000 рубль көлөмүндө маяна алып жашап турган. 1881-ж. 1-январдагы буйрук м-н орус падышачылыгы А. а-га милициянын полковниги деген чин ыйгарып, полициялык көзөмөлдөн куткарган. 1881-ж. 25-февралда А. а. Мекеге барууга уруксат сурап, борб. бийликке кат жазган. Бирок каттын жообун алууга үлгүрбөй, 1881-ж. 25майда көз жумган.

[[File:АБДУРАХМАН АПТАБАЧЫ36.png | thumb|Абдурахман аптабачы жана Иса олуя (мамл. борб. архив).]]
1870-жылдын башында ал кыргыз бийлери менен байланышып, Кудаяр ханды алмаштырууну көздөгөн. Абдурахман  аптабачы лейлектик кыргыздардын чапкылык уруусунун бийлерине көтөрүлүшкө чыгуу зарылдыгы жөнүндө кат жазган. Натыйжада лейлектиктер Кокон хандарынын Кожент шаарында жашап жаткан урпактарынын бири – Садыкбектин уулу Абдыкеримбекти чакырышып, хан көтөрүшкөн. Көтөрүлүшчүлөргө каршы Кудаяр хан 7 падсаттын башчылыгында чоң кошуун жиберип, кыймылды аёосуз баскан. Кыргыздар тоого качып кетишкен. Ошол мезгилде Россиянын карамагында турган Кожентке кайткан Абдыкеримбекти орус бийликтери Кудаярдын өтүнүчү менен Кокон ордосуна туткун катары тапшырышкан. 1873–74-жылдары  Абдурахман аптабачы Кудаяр ханга каршы көтөрүлгөн ''Полот хандын, Мамыр Мерген'' уулунун, ''Абдылдабектин'' ж. б. кыргыз бийлеринин көтөрүлүшүн басууда кокондук жазалоочу аскерлерине башчылык кылып, бул кызматы үчүн 1874-жылы  Кудаяр хандан «Парваначы» наамын алган. 1875-жылы  июлда Кокон хандыгына каршы көтөрүлүш күчөп, Кыргызстандын түштүгү жана Фергананын бир катар аймактары Полот хан жетектеген көтөрүлүшчүлөрдүн колуна өтө баштаган. Өзгөндө башталган көтөрүлүштү басууга Кудаяр хан тарабынан жиберилген Абдурахман  аптабачы, Калназар жана Сарымсак эшик ага 4000 аскери менен 17-июлда көтөрүлүшчүлөр тарапка өтүп кеткен. 19-июлда Анжиян вилаетинин беги Кудаяр хандын уулу Насреддинбек, Маргалаң вилаетинин беги Султанмурат да күрөшкө чыккан эл тарапка кошулган. 22-июлда Кудаяр хан Коконду таштап, Россия ээлигине баш калкалап качууга аргасыз болот. Абдурахман  аптабачы, Иса олуя ж.б. колдоосу менен анын ордуна уулу Насреддинбек хан көтөрүлөт, ал эми Полот хан жашыруун түрдө туткунга алынат (ал 22-августта Чаткал тарапка качып кеткен). Абдурахман  аптабачы  менен Насреддин хан элдин күрөшүн диний мүнөзгө багыттап, «ыйык казатка» («газаватка») чакырган. 1875-жылы  элдик көтөрүлүш кайра күчөгөндө Насреддин хан орус падышалыгынын аскерлерин жардамга чакырууга аргасыз болот. Падышалык бийликтин М. Д. Скобелев башында турган жазалоо отрядына 1876-жылы январдын акырында Анжияндан 8 чакырым аралыкта жайгашкан Инду кыштакта Абдурахман аптабачы жана аны менен кошо кыймылдын белгилүү жетекчилеринен болгон 26 бий жана бек, 400 жигит багынып берип, көтөрүлүшчүлөргө чыккынчылык кылган. Абдурахман  аптабачы адегенде Оренбург, кийин Екатеринославль (азыр Украинадагы Днепр шаары) шаарына жөнөтүлүп, Фергана өрөөнүндөгү менчик кирешелеринин эсебинен жылына 3000 рубль көлөмүндө маяна алып жашап турган. 1881-жылы  1-январдагы буйрук менен орус падышачылыгы Абдурахман  аптабачыга милициянын полковниги деген чин ыйгарып, полициялык көзөмөлдөн куткарган. 1881-жылы  25-февралда Абдурахман  аптабачы  Мекеге барууга уруксат сурап, борбордук  бийликке кат жазган. Бирок каттын жообун алууга үлгүрбөй, 1881-жылы  25-майда ошол эле жерде көз жумган. Мүрзөсү кайда экени белгисиз.

[[Категория:1-Том]]

16:31, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АБДУРАХМАН аптабачы (1844, Кокон хандыгы – 25. 5. 1881) – Кокон хандыгынын мамлекеттик ишмери жана кол башчы; кыргыз-кыпчак урууларынын төбөлү. Мусулманкул миң башынын уулу. 1845-жылы 14 жашар Кудаяр белгилүү бий Мусулманкулдун жардамы менен такка олтурган. Мусулман кул хандын тукуму менен туугандашуу үчүн кызын Кудаяр ханга берген. Ошол кездеги жаш Абдурахман Кудаярдын бир тууган кайниси катары ордодо чоңоюп, курбалдашы Кудаяр менен теңтуш болуп өскөн. Атасы 1852-жылы Кудаяр хандын буйругу менен өлтүрүлгөндүгүнө, көз алдында кыпчак туугандарын кырдыргандыгына карабай, баарына чыдап, акырындык менен жөнөкөй «аптабачылык» (хан колуна суу куюучу бала) кызматтан ордодогу негизги бийлик миң башылыкка чейин жеткен.

Абдурахман аптабачы жана Иса олуя (мамл. борб. архив).

1870-жылдын башында ал кыргыз бийлери менен байланышып, Кудаяр ханды алмаштырууну көздөгөн. Абдурахман аптабачы лейлектик кыргыздардын чапкылык уруусунун бийлерине көтөрүлүшкө чыгуу зарылдыгы жөнүндө кат жазган. Натыйжада лейлектиктер Кокон хандарынын Кожент шаарында жашап жаткан урпактарынын бири – Садыкбектин уулу Абдыкеримбекти чакырышып, хан көтөрүшкөн. Көтөрүлүшчүлөргө каршы Кудаяр хан 7 падсаттын башчылыгында чоң кошуун жиберип, кыймылды аёосуз баскан. Кыргыздар тоого качып кетишкен. Ошол мезгилде Россиянын карамагында турган Кожентке кайткан Абдыкеримбекти орус бийликтери Кудаярдын өтүнүчү менен Кокон ордосуна туткун катары тапшырышкан. 1873–74-жылдары Абдурахман аптабачы Кудаяр ханга каршы көтөрүлгөн Полот хандын, Мамыр Мерген уулунун, Абдылдабектин ж. б. кыргыз бийлеринин көтөрүлүшүн басууда кокондук жазалоочу аскерлерине башчылык кылып, бул кызматы үчүн 1874-жылы Кудаяр хандан «Парваначы» наамын алган. 1875-жылы июлда Кокон хандыгына каршы көтөрүлүш күчөп, Кыргызстандын түштүгү жана Фергананын бир катар аймактары Полот хан жетектеген көтөрүлүшчүлөрдүн колуна өтө баштаган. Өзгөндө башталган көтөрүлүштү басууга Кудаяр хан тарабынан жиберилген Абдурахман аптабачы, Калназар жана Сарымсак эшик ага 4000 аскери менен 17-июлда көтөрүлүшчүлөр тарапка өтүп кеткен. 19-июлда Анжиян вилаетинин беги Кудаяр хандын уулу Насреддинбек, Маргалаң вилаетинин беги Султанмурат да күрөшкө чыккан эл тарапка кошулган. 22-июлда Кудаяр хан Коконду таштап, Россия ээлигине баш калкалап качууга аргасыз болот. Абдурахман аптабачы, Иса олуя ж.б. колдоосу менен анын ордуна уулу Насреддинбек хан көтөрүлөт, ал эми Полот хан жашыруун түрдө туткунга алынат (ал 22-августта Чаткал тарапка качып кеткен). Абдурахман аптабачы менен Насреддин хан элдин күрөшүн диний мүнөзгө багыттап, «ыйык казатка» («газаватка») чакырган. 1875-жылы элдик көтөрүлүш кайра күчөгөндө Насреддин хан орус падышалыгынын аскерлерин жардамга чакырууга аргасыз болот. Падышалык бийликтин М. Д. Скобелев башында турган жазалоо отрядына 1876-жылы январдын акырында Анжияндан 8 чакырым аралыкта жайгашкан Инду кыштакта Абдурахман аптабачы жана аны менен кошо кыймылдын белгилүү жетекчилеринен болгон 26 бий жана бек, 400 жигит багынып берип, көтөрүлүшчүлөргө чыккынчылык кылган. Абдурахман аптабачы адегенде Оренбург, кийин Екатеринославль (азыр Украинадагы Днепр шаары) шаарына жөнөтүлүп, Фергана өрөөнүндөгү менчик кирешелеринин эсебинен жылына 3000 рубль көлөмүндө маяна алып жашап турган. 1881-жылы 1-январдагы буйрук менен орус падышачылыгы Абдурахман аптабачыга милициянын полковниги деген чин ыйгарып, полициялык көзөмөлдөн куткарган. 1881-жылы 25-февралда Абдурахман аптабачы Мекеге барууга уруксат сурап, борбордук бийликке кат жазган. Бирок каттын жообун алууга үлгүрбөй, 1881-жылы 25-майда ошол эле жерде көз жумган. Мүрзөсү кайда экени белгисиз.