Difference between revisions of "АБДУЛКАДЫР Инан"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
м (→‎top: clean up)
 
(7 intermediate revisions by 5 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
  Инан (1889, Башкыртстан Республикасы, Екатеринбург-Чыгай - 1976, Ан кара ш.) - окумуштуу, манас изилдөөчү. Алгач Чыгайда Усулу Жадид мектебинен окуган, ки йин Троицкидеги Расулис мектебин бүтүргөн. Алгачкы ил. макаласы 1908-ж. Оренбургдан чыгуучу «Вахт» («Убакыт») гезитине жарыяланган. 1914-ж. Жогорку мектепти бүтүрүп, 1915-ж. «Мусулмандар шарыят мекемесинин» кеңешмесинде профессор наамын алган. 1915-23-ж. мектептерде мугалим болуп иштеген. 1925-ж. Стамбулга келип, Түркология ин-тунда түрк элдеринин фольклору тууралуу ил. иштерин улант кан. 1933-ж. Түрк тил коомунун чакыруусу м-н Анкарага келет. 1935-ж. Ататүрктүн буйругу м-н чыгыш түрк диалектилеринин профессору наамы ыйгарылган. Ал этнография, фольклор, түрк тарыхы, түрк элдеринин дини, ишеними, түрк диалектилери, түрк филологиясы ж-дө эмгектерин, «Манас» эпосу тууралуу алгачкы маалымдама-баяндамаларды, ил. эмгектерди жазган. 1936-68-ж. «Манаска» байланыштуу жазган макалаларында эпостун кыргыз тили б-ча мол материал берген зор эстелик экендиги айтылган, эпостун каармандары, андагы элдин турмушу, каада-салты, эпостун идеологиясы иликтенген ж-а анын түрк элдеринин эпосторунун ичинде өзгөчө орду белгиленген. Түрк энциклопедияларына чыккан «Манас» тууралуу макалалардын автору. Түрк мад-тын изилдөө интунун, Түрк тарых коомунун анык мүчөсү.  
'''АБДУЛКАДЫР''' '''Инан (Ынан),''' чыныгы ысмы '''Фатхелкадир Мустафа уулу Сулайманов''' (башк. ''Фәтхелҡадир Мостафа улы Сөләймәнов'', 29. 10. 1889, Росия империясы, Перм губерниясы, Шыгай айылы – 26. 07. 1976, Стамбул) – башкыр элинин окумуштуусу, жазуучу, манас изилдөөчү, башкырлардын улуттук-боштондук кыймылынын мүчөсү. Алгач Чыгайда Усулу Жадид мектебинен окуган, кийин Троицкидеги Расулия медресесин бүтүргөн. Алгачкы ырлары жана илимий макалалары 1908-жылы Оренбургдан чыгуучу «Вакыт» («Алга») гезитине «Инан» деген каймана ат менен жарыяланган. Өзү «Менин ынангандарым: биринчиси – ислам дини, экинчиси – илим, үчүнчүсү – улуу түрк эли. Инан деген ысым менин ушул үч ишенимимди билдирет» деп түшүндүргөн. Эмиграцияга кеткенден кийин биротоло Абдулкадыр Инан деген ысым алган. 1914-жылы жогорку мектепти бүтүрүп, 1915-жылы «Мусулмандар шарыят мекемесинин» кеңешмесинде профессор наамын алган. 1920-жылы апрель айынан Башкыр Автономиялык Советтик Социалисттик Республикасынын мамлекеттик басмаканасына караштуу коллегиянын мүчөсү болуп иштеген. 19-майда Бүкткүлроссиялык Борбордук аткаруу комитети (БАК) жана Эл комиссарлар кеңешинин (ЭКК) биргелешкен '''«'''Башкыр Автономиялык Советтик Республикасынын мамлекеттик түзүлүшү тууралуу»  токтомуна нааразы болуп, алгач Орто Азияга, андан Афганстан, Иран, Индияда жүрүп, 1925-жылы Стамбулга келет. Бул жерде түркология институтунда түрк элдеринин фольклору тууралуу илимий иштерин уланткан. 1933-жылы Түрк тил коомунун чакыруусу менен Анкарага келет. 1935-жылы Ататүрктүн буйругу менен чыгыш түрк диалектилеринин профессору наамы ыйгарылган. Ал этнография, фольклор, түрк тарыхы, түрк элдеринин дини, ишеними, түрк диалектилери, түрк филологиясы жөнүндө эмгектерин, «Манас» эпосу тууралуу алгачкы маалымдама-баяндамаларды, илимий эмгектерди жазган. 1936-68-жылдары «Манаска» байланыштуу жазган макалаларында эпостун кыргыз тили боюнча мол материал берген зор эстелик экендиги айтылган, эпостун каармандары, андагы элдин турмушу, каада-салты, эпостун идеологиясы иликтенген жана анын түрк элдеринин эпосторунун ичинде өзгөчө орду белгиленген. Түрк маданиятын изилдөө институтунун, Түрк тарых коомунун анык мүчөсү. 350дөн ашык илимий макалаларды жазып, Ж. Баласагундун «Кутадгу билик», М. Кашгаринин «Диван лугат ат-түрк», түрк элинин белгилүү эпосу «Китабе деде-и Коркут» («Коркут ата китеби»), кыпчактардын «Кодикус куманикус» аттуу сөздүгү, кыргыз элинин улуу эпосу «Манас» сыяктуу ж. б. оозеки жана жазма эстеликтерге илимий талдоо жүргүзгөн.
 
Ад.: Шакур Р. Абдулкадыр Инан. //Атактуу башкырлар (Башкыр тилинде). Уфа, 1998.
[[Категория:1-Том]]

16:30, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АБДУЛКАДЫР Инан (Ынан), чыныгы ысмы Фатхелкадир Мустафа уулу Сулайманов (башк. Фәтхелҡадир Мостафа улы Сөләймәнов, 29. 10. 1889, Росия империясы, Перм губерниясы, Шыгай айылы – 26. 07. 1976, Стамбул) – башкыр элинин окумуштуусу, жазуучу, манас изилдөөчү, башкырлардын улуттук-боштондук кыймылынын мүчөсү. Алгач Чыгайда Усулу Жадид мектебинен окуган, кийин Троицкидеги Расулия медресесин бүтүргөн. Алгачкы ырлары жана илимий макалалары 1908-жылы Оренбургдан чыгуучу «Вакыт» («Алга») гезитине «Инан» деген каймана ат менен жарыяланган. Өзү «Менин ынангандарым: биринчиси – ислам дини, экинчиси – илим, үчүнчүсү – улуу түрк эли. Инан деген ысым менин ушул үч ишенимимди билдирет» деп түшүндүргөн. Эмиграцияга кеткенден кийин биротоло Абдулкадыр Инан деген ысым алган. 1914-жылы жогорку мектепти бүтүрүп, 1915-жылы «Мусулмандар шарыят мекемесинин» кеңешмесинде профессор наамын алган. 1920-жылы апрель айынан Башкыр Автономиялык Советтик Социалисттик Республикасынын мамлекеттик басмаканасына караштуу коллегиянын мүчөсү болуп иштеген. 19-майда Бүкткүлроссиялык Борбордук аткаруу комитети (БАК) жана Эл комиссарлар кеңешинин (ЭКК) биргелешкен «Башкыр Автономиялык Советтик Республикасынын мамлекеттик түзүлүшү тууралуу»  токтомуна нааразы болуп, алгач Орто Азияга, андан Афганстан, Иран, Индияда жүрүп, 1925-жылы Стамбулга келет. Бул жерде түркология институтунда түрк элдеринин фольклору тууралуу илимий иштерин уланткан. 1933-жылы Түрк тил коомунун чакыруусу менен Анкарага келет. 1935-жылы Ататүрктүн буйругу менен чыгыш түрк диалектилеринин профессору наамы ыйгарылган. Ал этнография, фольклор, түрк тарыхы, түрк элдеринин дини, ишеними, түрк диалектилери, түрк филологиясы жөнүндө эмгектерин, «Манас» эпосу тууралуу алгачкы маалымдама-баяндамаларды, илимий эмгектерди жазган. 1936-68-жылдары «Манаска» байланыштуу жазган макалаларында эпостун кыргыз тили боюнча мол материал берген зор эстелик экендиги айтылган, эпостун каармандары, андагы элдин турмушу, каада-салты, эпостун идеологиясы иликтенген жана анын түрк элдеринин эпосторунун ичинде өзгөчө орду белгиленген. Түрк маданиятын изилдөө институтунун, Түрк тарых коомунун анык мүчөсү. 350дөн ашык илимий макалаларды жазып, Ж. Баласагундун «Кутадгу билик», М. Кашгаринин «Диван лугат ат-түрк», түрк элинин белгилүү эпосу «Китабе деде-и Коркут» («Коркут ата китеби»), кыпчактардын «Кодикус куманикус» аттуу сөздүгү, кыргыз элинин улуу эпосу «Манас» сыяктуу ж. б. оозеки жана жазма эстеликтерге илимий талдоо жүргүзгөн.

Ад.: Шакур Р. Абдулкадыр Инан. //Атактуу башкырлар (Башкыр тилинде). Уфа, 1998.