Difference between revisions of "АБД АЛЬ-АЗИЗ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
9-71>KadyrM
м (→‎top: clean up)

(5 intermediate revisions by 5 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
Ибн Сауд (24. 11. 1880, Эр-Рияд – 9. 11. 1953, Таиф) – Сауд Аравиясынын негиздөөчүсү ж-а биринчи королу. Саудиддер династиясынан. 1890-ж. Эр-Рияд ш-нда бийликти басып алган Рашидиддердин үй-бүлөсүнүн кысымынан саудиялыктар Бахрейнге, андан соң Катарга, акыры Кувейтке жер которгон. 1902-ж. ал 60 кишиден турган отряды м-н Эр-Риядды басып алган. 1902-жылдан Недж мамлекетинин эмири, 1926-жылдан Хижастын королу, 1932-жылдан Сауд Аравиясынын королу. 1-дүйнөлүк согуш башталганда ал Британия империясынын колдоосу м-н Рашидиддерди жеңген. А. А.-А. Жебел Шаммарды (1921), Хижазды (1924–25), Асирди (1932) басып алган. Ислам дүйнөсүнүн руханий лидери деп ырасталган. Англиядан оолактап, АКШга ыктаган. 1933-ж. амер. «Стандарт ойл оф Калифорния» мунай компаниясы м-н чалгындоо, мунай өндүрүү ж-а сатуу б-ча келишим түзгөн. 2-дүйнөлүк согуш мезгилинде нейтралитетин сактаган. Жакынкы Чыгыштагы жаңжал учурунда палестиналыктарды колдогон. Ал еврей мамлекетин түзүүгө каршы турган Араб мамлекеттер лигасынын лидерлеринин бири. Архаикалык араб коомун өзгөртүү максатында мамл. ин-ттарды ачып, заманбап армия түзгөн. Эр-Риядды Перс булуңунун жээги м-н туташтырган биринчи темир жол ачылган.

'''АБД АЛЬ-АЗИЗ''' ибн Сауд, Абдул-Азиз ибн Абдуррахман ибн Фейсал Ал Сауд (15. 01. 1876, Нежд эмираты, Эр-Рияд ш. – 9. 11. 1953, Сауд Арабиясы, Эр-Рияд шаары) – Сауд Аравиясын негиздөөчү жана анын биринчи королу. Сауд династиясынан чыккан. 1902–1926-жылдары Эр-Рияд, 1913–1926-жылдары Нежд жана Эл-Хаса, 1926-жылдан Хижас эмирликтеринин эмири. 23. 09. 1932-жылы Нежд менен Хижаз бириктирилгенден кийин өлкө Сауд Арабиясы болуп аталып калган. Алгач Жакынкы Чыгыштагы эң жакыр өлкө болуп саналган, 1933-жылы америкалык «Стандарт ойл оф Калифорния» мунай компаниясы менен чалгындоо, нефти өндүрүү жана сатуу боюнча келишим түзгөн. 1938-жылы Арабия жарым аралында нефтинин зор кени ачылгандан баштап, кирешелүү өлкөгө айланган. 2-дүйнөлүк согуш мезгилинде нейтралитетин сактап, Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдар учурунда палестиналыктарды колдогон. Ал еврей мамлекетин түзүүгө каршы турган Араб мамлекеттер лигасынын лидерлеринин бири. Архаикалык араб коомун өзгөртүү максатында мамлекеттик интернаттарды ачып, заманбап армия түзгөн. Эр-Риядды Перс булуңунун жээги менен туташтырган биринчи темир жол ачылган.

[[Категория:1-Том]]

16:27, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АБД АЛЬ-АЗИЗ ибн Сауд, Абдул-Азиз ибн Абдуррахман ибн Фейсал Ал Сауд (15. 01. 1876, Нежд эмираты, Эр-Рияд ш. – 9. 11. 1953, Сауд Арабиясы, Эр-Рияд шаары) – Сауд Аравиясын негиздөөчү жана анын биринчи королу. Сауд династиясынан чыккан. 1902–1926-жылдары Эр-Рияд, 1913–1926-жылдары Нежд жана Эл-Хаса, 1926-жылдан Хижас эмирликтеринин эмири. 23. 09. 1932-жылы Нежд менен Хижаз бириктирилгенден кийин өлкө Сауд Арабиясы болуп аталып калган. Алгач Жакынкы Чыгыштагы эң жакыр өлкө болуп саналган, 1933-жылы америкалык «Стандарт ойл оф Калифорния» мунай компаниясы менен чалгындоо, нефти өндүрүү жана сатуу боюнча келишим түзгөн. 1938-жылы Арабия жарым аралында нефтинин зор кени ачылгандан баштап, кирешелүү өлкөгө айланган. 2-дүйнөлүк согуш мезгилинде нейтралитетин сактап, Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдар учурунда палестиналыктарды колдогон. Ал еврей мамлекетин түзүүгө каршы турган Араб мамлекеттер лигасынын лидерлеринин бири. Архаикалык араб коомун өзгөртүү максатында мамлекеттик интернаттарды ачып, заманбап армия түзгөн. Эр-Риядды Перс булуңунун жээги менен туташтырган биринчи темир жол ачылган.