Difference between revisions of "АХМЕД ЮГНЕКИ"
м (→top: категория кошуу) |

(4 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АХМЕД ЮГНЕКИ,''' Югнеки Адиб Ахмед ибн Махмуд (12-кылымдын аягы, Түркстандын чет жакасында ‒ 13-кылымдын башы, ошол эле жерде) ‒ акын, ойчул. Югнаки шаарында туулуп (Самаркандга жакын) өскөн. Тубаса көзү азиз бала жаштайынан илим-билимге умтулуп, түрк тилдери менен араб тилин жакшы өздөштүргөн, ошондуктан ал «Адиб Ахмед» деген атка ээ болгон. Шарият эрежелерин изилдеп-таанып, билимин тереӊдеткен. Ахмед Югнекинин өмүр жолу жөнүндө так маалымат жок. Ислам баалуулуктарына негизделген майда ырлары «Акыйкат сыйы» аттуу дидактикалык ырлар жыйнагына топтолгон. «Акыйкат сыйы» мазмуну жагынан Абу Наср ал-Фараби, Махмуд Кашгари, Ж. Баласагуни, Кожо Ахмет Яссавинин эмгектери менен катар 9‒13-кылымдардын аралыгындагы түрк дүйнөсүнүн рухий казынасына айланган. Бул поэманын 14‒15-кылымдарда жазылган үч түрдүү көчүрмөсүнөн үч түрдүү үзүндүлөр азыр Стамбулдагы Айя-София (Ыйык-София) китепканасында, Берлин китепканасында сакталып турат. Стамбулдагы араб жазуусу менен көчүрүлгөн нускасы прозалык, поэтикалык котормосу менен казак тилинде 1985-жылы Алматыда «Илим» басмасында жарык көргөн. Поэмада адамдарды терс сапаттардан алыс болууга үндөө, өмүрдүн кыскалыгы, кайталанбай тургандыгы баса белгиленет.

''Ч. Жумагулов.''
| ''Ч. Жумагулов.''

[[Категория:1-Том]] |
10:55, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АХМЕД ЮГНЕКИ, Югнеки Адиб Ахмед ибн Махмуд (12-кылымдын аягы, Түркстандын чет жакасында ‒ 13-кылымдын башы, ошол эле жерде) ‒ акын, ойчул. Югнаки шаарында туулуп (Самаркандга жакын) өскөн. Тубаса көзү азиз бала жаштайынан илим-билимге умтулуп, түрк тилдери менен араб тилин жакшы өздөштүргөн, ошондуктан ал «Адиб Ахмед» деген атка ээ болгон. Шарият эрежелерин изилдеп-таанып, билимин тереӊдеткен. Ахмед Югнекинин өмүр жолу жөнүндө так маалымат жок. Ислам баалуулуктарына негизделген майда ырлары «Акыйкат сыйы» аттуу дидактикалык ырлар жыйнагына топтолгон. «Акыйкат сыйы» мазмуну жагынан Абу Наср ал-Фараби, Махмуд Кашгари, Ж. Баласагуни, Кожо Ахмет Яссавинин эмгектери менен катар 9‒13-кылымдардын аралыгындагы түрк дүйнөсүнүн рухий казынасына айланган. Бул поэманын 14‒15-кылымдарда жазылган үч түрдүү көчүрмөсүнөн үч түрдүү үзүндүлөр азыр Стамбулдагы Айя-София (Ыйык-София) китепканасында, Берлин китепканасында сакталып турат. Стамбулдагы араб жазуусу менен көчүрүлгөн нускасы прозалык, поэтикалык котормосу менен казак тилинде 1985-жылы Алматыда «Илим» басмасында жарык көргөн. Поэмада адамдарды терс сапаттардан алыс болууга үндөө, өмүрдүн кыскалыгы, кайталанбай тургандыгы баса белгиленет.
Ч. Жумагулов.