Difference between revisions of "АДАМ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)
 
(4 intermediate revisions by 3 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
, к и ш и ‒ Жердеги тирүү организмдердин ичинен өзүнүн өрчүп-өсүшүндө эӊ жогорку баскычка жеткен, коомдук-тарыхый ишмердүүлүктүн ж-а мад-ттын жаратуучусу ж-а ээси. А. жаныбарлардан айырмаланып, акыл-эс, ойлоо жөндөмдүүлүгүнө ээ, эмгек куралын жасап, аны м-н айлана-чөйрөгө таасир этип, өзгөртө алат; мээ түзүлүшү татаал, сүйлөөгө жөндөмдүү. А. гендик жактан жаныбарлар м-н тектеш, ал аӊ-сезимдүү коомдук жандыкка айлангыча узакка созулган биол., социалдык, тарыхый жолду басып өткөн. А. сымал маймылдын жашоо үчүн табияттагы даяр нерселерди курал катары колдонушу кийин эмгек куралын жасашына түрткү берген. А-дын эӊ негизги жөндөмдүүлүгү ‒ эмгек куралын жасап, аны табиятты өзгөртүү үчүн пайдаланышы. А. сымал маймылдын адамга айланышына шарт түзгөн эмгек болгон. Эмгек анын аӊ-сезиминин, сезүү органдарынын ж-а мээсинин иштешин жакшыртып, дене түзүлүшүн өзгөртүп, антропогенездин улам жаӊы баскычына көтөрүп, миллиондогон жылдан кийин жаӊы биол. түрдү пайда кылган. Эмгек аӊ-сезимдин туундусу катары сүйлөө жөндөмдүүлүгүн жараткан. Анат.-морфол. бөтөнчөлүктөрү жагынан сүт эмүүчүлөрдүн ''приматтар'' түркүмүндөгү «гоминид» (лат. homo ‒ адам) тукумуна кирет. Гоминиддердин түпкү теги катары саналган, мындан 1 млн 600 жыл мурда Чыгыш Африкада жашаган хомохабилис (Homo habilis ‒ ишке жөндөмдүү А.) келип чыккан. Археол. казындыларда хомохабилистин сөөктөрү м-н кошо колго жасалган жөнөкөй эмгек куралдары да табылган. Эмгек куралын жасоо питекантроптордун убагында эле эзелки А-дын аӊ-сезимине таасир этип, өз ара пикир алышуу зарылдыгын туудурган. Ушуга байланыштуу алардын мээ түзүлүшү да өзгөрө баштаган. Мындай эвол. өзгөрүүлөр А. коомунун алгачкы доорунда эле башталган. Буга Европа, Африка, Азияда жашаган неандерталдардын көп калдыктары далил. Төртүнчүлүк доордун аяк ченинде неандерталдарда коомдук мамилелер өнүгө баштаган. Кийинчерээк алардын ордун кроманьондор баскан. Алар илимде Homo sapiens (акылы бар А.) деген атка конгон, неандерталдарга караганда татаалыраак курал жасоого жөндөмдүү болушкан. Алардын дене түзүлүшү м-н түр-түспөлүндө да туруктуу морфол. ж-а расалык белгилер пайда болгон. Ошентип, эвол. ж-а тарыхый өнүгүүнүн натыйжасында калыптанган А. Жер жүзүндөгү ар түрдүү материктерде жашап, ошол жердин ысык-суугуна ж-а тиричилик шарттарына ыӊгайлашып отурган. Натыйжада А-дын сырткы келбети, түспөлү өзгөрүп, ар кайсы жерде түрдүү ''расалар'' калыптанган. А-дын органдары ж-а системалары ткандардан куралат. Скелет, муундар ж-а булчуӊдар кыймыл функциясын аткарат. А-дын тамактанышы тамак сиӊирүү органдары аркылуу жүрөт, дем алуу жолу ж-а өпкө аркылуу дем алат. Зат алмашууда пайда болгон зыяндуу заттар бөйрөк, тери аркылуу денеден сыртка чыгарылып, кан курамын туруктуу сактап турат. Ткандарды ж-а клеткаларды азык, кычкылтек, гормон м-н камсыз кылуу, зыяндуу заттарды бөлүп чыгаруу милдетин жүрөк, кан тамыр ж-а лимфа системалары аткарат. Жалпы денеде ткань, орган системаларынын бири-бири м-н байланышын борб. нерв системасы башкарат. А-дын бою антропологияда ж-а медицинада дененин морфол. өсүшүн, мүчөлөрдүн бири бирине шайкеш келишин мүнөздөйт. Жаӊы төрөлгөн эркек ымыркайдын боюнун орточо уз. 54  ''см'', кыздыкы 53 ''см'' болот. Аялдын боюнун өсүшү 17‒18, эркектики 20-23 жашка чыкканда токтолот. Бул процесс ''акцелерацияга'' байланыштуу. А. бою 45 жаштан кийин ар бир он жылда 1‒1,5 ''см''ге кыскара баштайт. Бул негизинен омуртка кемирчектеринин, тамандын жукарышынан ж. б. себептерден болот. А-дын конституциясы дененин тукум куума ж-а көнүмүш касиеттеринин негизинде калыптанган функциялык ж-а морфол. өзгөчөлүктөрү болуп эсептелет. Азыр дүйнөдө А-дардын саны 9 млрддан ашты (2022).
'''АДАМ Смит''' (1723—1790) – шотландиялык экономист ж‑a философ, к. ''Смит'' Адам.<br>
Ад.:  ''Дарвин И.'' Происхождение человека и половой отбор, соч., т. 5, М. ‒Л., 1953; ''Неструх М. Ф.'' Происхождение человека. М., 1970.
[[Категория:1-Том]]
 
 
''                                                                                                                                                                                                                                                Бегалиева. Б.''

08:24, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АДАМ Смит (1723—1790) – шотландиялык экономист ж‑a философ, к. Смит Адам.