Difference between revisions of "БАЗЕДОВ ООРУСУ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
м (→‎top: категория кошуу)
 
(7 intermediate revisions by 3 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
(ооруну алгач баяндаган немец врачы К. Базедовдун атынан) , д и ф ф у з и я л ы к у у л а н д ы р у у ч у б о г о к, т и-р о т о к с и к о з ‒ калкан сымал бездин иши күчөп, канга гормонду көп бөлүп чыгарышынан болуучу оору. Мында бездин көлөмү чоӊоёт; көбүнчө аялдар ооруйт. Психикалык жактан жабыркоо, жугуштуу оорулар, аялдын ички секреция бездеринин функциясынын өзгөрүшү ж.б. түрткү болот. Мында калкан безинин гормондору канга көп келип, зат алмашууну бузат. Оорулуу ачуулуу болуп, жүрөгү тез-тез согот, жүрөк тушу ооруйт, кара жумуш жасаганда деми кыстыгат, уйкусу качат, тер басат, ичеги-карындын иштеши начарлайт. Көзү тостоюп (экзофтальм), жалтырап турат. Оору көпкө созулат, күчөгөндө оорулуу арыктайт, жүрөк, боор, жыныс бездери жабыркайт. Нерв-психикалык жактан көп чарчоо ж.б. ооруну күчөтөт. Дарылоодо калкан сымал бездин ишин калыбына келтирүүчү, нерв системасын тынчтандыруучу дарылар берилет. Оорулуу өтө чарчабай, тынч жерде эс алып, 7 сааттан кем эмес уктоосу керек. Жакшы тамактанып, таза абада болуу сунуш кылынат. Ичкилик ичүүгө, тамеки тартууга болбойт. Керек учурда өз убагында хирургия лык дарылоо ооруну толук айыктырат.<br>
'''БАЗЕДОВ ООРУСУ''' (ооруну алгач баяндаган немец врачы К. Базедовдун атынан), д и ф ф у з и я л ы к     у у л а н д ы р у у ч у   б о г о к,   т и р о т о к с и к о з ‒ калкан сымал бездин иши күчөп, канга гормонду көп бөлүп чыгарышынан болуучу оору. Мында бездин көлөмү чоӊоёт; көбүнчө аялдар ооруйт. Психикалык жактан жабыркоо, жугуштуу оорулар, аялдын ички секреция бездеринин функциясынын өзгөрүшү ж.б. түрткү болот. Мында калкан безинин гормондору канга көп келип, зат алмашууну бузат. Оорулуу ачуулуу болуп, жүрөгү тез-тез согот, жүрөк тушу ооруйт, кара жумуш жасаганда деми кыстыгат, уйкусу качат, тер басат, ичеги-карындын иштеши начарлайт. Көзү тостоюп (экзофтальм), жалтырап турат. Оору көпкө созулат, күчөгөндө оорулуу арыктайт, жүрөк, боор, жыныс бездери жабыркайт. Нерв-психикалык жактан көп чарчоо ж.б. ооруну күчөтөт. Дарылоодо калкан сымал бездин ишин калыбына келтирүүчү, нерв системасын тынчтандыруучу дарылар берилет. Оорулуу өтө чарчабай, тынч жерде эс алып, 7 сааттан кем эмес уктоосу керек. Жакшы тамактанып, таза абада болуу сунуш кылынат. Ичкилик ичүүгө, тамеки тартууга болбойт. Керек учурда өз убагында хирургиялык дарылоо ооруну толук айыктырат.<br>                                                                                                                                                                                                                                                           ''М. Г. Кенжаев.''<br>
''М. Г. Кенжаев.''<br>
[[Категория:1-Том]]
 

11:10, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

БАЗЕДОВ ООРУСУ (ооруну алгач баяндаган немец врачы К. Базедовдун атынан), д и ф ф у з и я л ы к у у л а н д ы р у у ч у б о г о к, т и р о т о к с и к о з ‒ калкан сымал бездин иши күчөп, канга гормонду көп бөлүп чыгарышынан болуучу оору. Мында бездин көлөмү чоӊоёт; көбүнчө аялдар ооруйт. Психикалык жактан жабыркоо, жугуштуу оорулар, аялдын ички секреция бездеринин функциясынын өзгөрүшү ж.б. түрткү болот. Мында калкан безинин гормондору канга көп келип, зат алмашууну бузат. Оорулуу ачуулуу болуп, жүрөгү тез-тез согот, жүрөк тушу ооруйт, кара жумуш жасаганда деми кыстыгат, уйкусу качат, тер басат, ичеги-карындын иштеши начарлайт. Көзү тостоюп (экзофтальм), жалтырап турат. Оору көпкө созулат, күчөгөндө оорулуу арыктайт, жүрөк, боор, жыныс бездери жабыркайт. Нерв-психикалык жактан көп чарчоо ж.б. ооруну күчөтөт. Дарылоодо калкан сымал бездин ишин калыбына келтирүүчү, нерв системасын тынчтандыруучу дарылар берилет. Оорулуу өтө чарчабай, тынч жерде эс алып, 7 сааттан кем эмес уктоосу керек. Жакшы тамактанып, таза абада болуу сунуш кылынат. Ичкилик ичүүгө, тамеки тартууга болбойт. Керек учурда өз убагында хирургиялык дарылоо ооруну толук айыктырат.
М. Г. Кенжаев.