Difference between revisions of "АДАБИЯТ ТАРЫХЫ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
v1e2_72-116>Kadyrm
м (→‎top: категория кошуу)
 
(8 intermediate revisions by 3 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
‒ илиминин курамдык бөлүгү. А. т. дүйнөлүк ад-ттын жалпы өнүгүүсүнүн жүрүшүн, конкреттүү көркөм ад-ттын жаралыш ж-а өнүгүш процессин, андагы стилдер м-н багыттардын пайда болушун, калыптанышын, алмашып турушун, о. эле айрым жазуучулардын жекече чыг. өсүү жолун, тарыхын изилдейт. Улуттук же дүйнөлүк адабий өнүгүүнүн процессин тереӊ үйрөнүп, ушул өсүш процессиндеги тигил же бул конкреттүү адабий көрүнүштүн ордун салмактайт, аныктайт. Макалаларды, монографиялык эмгектерди, жазуучулардын жеке чыг-тарын үйрөнүү ж-а тигил же бул көркөм методдун, түрдүн, жанрдын калыптанышын, өзгөчөлүгүн, тарыхый тагдырын үйрөнүү А. т-нын изилдөө объектисине кирет. А. т. б-ча изилдөөлөр айрым учурда бүтүндөй бир доорду (мис., «Кыргыз совет адабиятынын тарыхы», 2 томдук. Ф., 1987, 1990; «Кыргыз адабиятынын тарыхы», 7 томдук. Б., 2002), кээде белгилүү бир мезгилдик алкакты (мис., С. Жигитов. «20-жылдардагы кыргыз адабияты». Ф., 1983) камтыйт, кээде белгилүү бир акын-жазуучунун чыг-ына (мис., Ш. Үмөталиев. «А. Осмонов. Өмүрү жана чыгармалары». Ф., 1958) арналат. А. т. тигил же бул конкреттүү адабий процессти, изилдөөдө ''адабият теориясынын'' принциптерине негизденет ж-а адабий материалды кароодо ''адабий сындын'' жыйынтыктарын эске алат.
'''АДАБИЯТ ТАРЫХЫ''' адабият илиминин курамдык бөлүгү. Адабият тарыхы дүйнөлүк адабияттын жалпы өнүгүүсүнүн жүрүшүн, конкреттүү көркөм адабияттын жаралуу <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> өнүгүү процессин, андагы стилдер <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> багыттардын пайда болушун, калыптанышын, алмашып турушун, ошондой эле айрым жазуучулардын жекече чыгармачылыгынын өсүү жолун, тарыхын изилдейт. Улуттук же дүйнөлүк адабий өнүгүүнүн процессин тереӊ үйрөнүп, ушул өсүү процессиндеги тигил же бул конкреттүү адабий көрүнүштүн ордун салмактайт, аныктайт. Макалаларды, монографиялык эмгектерди, жазуучулардын жеке чыгармачылыктарын үйрөнүү <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> тигил же бул көркөм методдун, түрдүн, жанрдын калыптанышын, өзгөчөлүгүн, тарыхый тагдырын үйрөнүү адабият тарыхынын изилдөө объектисине кирет. Адабият тарыхы боюнча изилдөөлөр айрым учурда бүтүндөй бир доорду (мис., «Кыргыз совет адабиятынын тарыхы», 2 томдук. Ф., 1987, 1990; «Кыргыз адабиятынын тарыхы», 7 томдук. Б., 2002), кээде белгилүү бир мезгилдик алкакты (мис., С. Жигитов. «20-жылдардагы кыргыз адабияты». Ф., 1983) камтыйт, кээде белгилүү бир акын-жазуучунун чыгармачылыгына (мис., Ш. Үмөталиев. «А. Осмонов. Өмүрү жана чыгармалары». Ф., 1958) арналат. Адабият тарыхы тигил же бул конкреттүү адабий процессти изилдөөдө ''адабият теориясынын'' принциптерине негизденет <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> адабий материалды кароодо ''адабий сындын'' жыйынтыктарын эске алат.
[[Категория:1-Том]]

08:24, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АДАБИЯТ ТАРЫХЫ ‒ адабият илиминин курамдык бөлүгү. Адабият тарыхы дүйнөлүк адабияттын жалпы өнүгүүсүнүн жүрүшүн, конкреттүү көркөм адабияттын жаралуу жана өнүгүү процессин, андагы стилдер менен багыттардын пайда болушун, калыптанышын, алмашып турушун, ошондой эле айрым жазуучулардын жекече чыгармачылыгынын өсүү жолун, тарыхын изилдейт. Улуттук же дүйнөлүк адабий өнүгүүнүн процессин тереӊ үйрөнүп, ушул өсүү процессиндеги тигил же бул конкреттүү адабий көрүнүштүн ордун салмактайт, аныктайт. Макалаларды, монографиялык эмгектерди, жазуучулардын жеке чыгармачылыктарын үйрөнүү жана тигил же бул көркөм методдун, түрдүн, жанрдын калыптанышын, өзгөчөлүгүн, тарыхый тагдырын үйрөнүү адабият тарыхынын изилдөө объектисине кирет. Адабият тарыхы боюнча изилдөөлөр айрым учурда бүтүндөй бир доорду (мис., «Кыргыз совет адабиятынын тарыхы», 2 томдук. Ф., 1987, 1990; «Кыргыз адабиятынын тарыхы», 7 томдук. Б., 2002), кээде белгилүү бир мезгилдик алкакты (мис., С. Жигитов. «20-жылдардагы кыргыз адабияты». Ф., 1983) камтыйт, кээде белгилүү бир акын-жазуучунун чыгармачылыгына (мис., Ш. Үмөталиев. «А. Осмонов. Өмүрү жана чыгармалары». Ф., 1958) арналат. Адабият тарыхы тигил же бул конкреттүү адабий процессти изилдөөдө адабият теориясынын принциптерине негизденет жана адабий материалды кароодо адабий сындын жыйынтыктарын эске алат.