Difference between revisions of ""АБЫКЕЕВ Чолпонбек""

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
1 -сап: 1 -сап:
'''АБЫКЕЕВ''' '''Чолпонбек''' (16. 8. 1956-жылы туулган, Нарын облусу, Кочкор району, Көк-Дөбө (азыркы Ормон-Хан) айылы) – Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу (2021), айтылуу «Бриллиант жылан» чыгармасынын автору.[[Файл:Абыкеев Чолпонбек.jpg|left|thumb]]1975-жылдан бери мамлекеттик кызматтарда жана басма сөздө иштеп келе жатат. Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган (1983), 1990-жылы кыргыз тилиндеги «Аалам» гезитин түптөгөн жана 2005-жылга чейин башкы редактору болгон. Кийин Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. 2008-жылы Маданият жана маалымат министрлигине караштуу Мамлекеттик архив агенттигинин директору, 2009-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттигинин директору, 2020-жылы Конституциянын азыркы редакциясын иштеп чыккан Кыргыз Республикасынын Конституциялык кеңешинин мүчөсү болуп иштеген. 2021-жылдын май айында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын кеңешчиси, 2-июлунда Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен Мамлекеттик катчы болуп дайындалган. Азыркы тапта Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси.


«Качкын», «Кара илбирс», «Кызыл көйнөкчөн келин» повесттерин жазган. 
[[Категория:1-Том]]
[[Категория:Жаңы макалалар]]

09:42, 1 -октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку версиясы