Difference between revisions of "АРКАЛЫК асем буюму"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
 
(Айырма жок)

15:00, 18 Июль (Теке) 2025 -га соңку версиясы

АРКАЛЫК– кыз-келиндердин чачпагынын учуна кадалуучу күмүштөн жасалган асем буюм. Кыргыз элинин көчмөн турмушунда аш-тойлордо жанa шаан-шөкөттөрдө кыз-келиндер кеңири колдонгон. Бүгүнкү күндө аркалыкты музейден гана кездештирүүгө болот.