Difference between revisions of "ИНФАНТИЛИЗМ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
vol3>KadyrM
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

08:30, 30 Июнь (Кулжа) 2025 -га соңку версиясы

ИНФАНТИЛИ́ЗМ (лат. infantilis – балалык) – организмдин өсүшүнүн кечеңдеши; чоң кишинин дене түзүлүшүндө ж-а психикасында балдарга мүнөздүү белгилердин сакталышы. И-ге жугуш­туу оорулар, уулануу, мээ, жүрөк-кан тамыр сис­темасынын оорулары, ички секреция бездери­нин жабыркашы, о. эле сапатсыз тамактануу, гигиеналык начар шарттар ж. б. себеп болот. Ал жалпы (бүт организмдин өспөй калышы) ж-а толук эмес (айрым органдардын, система­нын жетилбей калышы) болуп бөлүнөт. Жал­пы И-де дене түзүлүшү балдардыкына окшош назик, сөөктөрү ичке, жүрөгү кичине, кан басы­мы төмөн болуп, экинчилик жыныс белгилери начар өөрчүйт. Толук эмес И-ге психикалык ж-а жыныс И-и кирет. Психикалык И-де мүнөзү туруксуз болуп, бат ишенчээк, таарынчаак, ой жүгүртүүсү тайкы, капарсыз, бала кыял, өзүмчүл келет. Жыныстык И-ге аялдарда эмчеги, жа­тыны өөрчүп жетилбей, жамбашы кууш болот, айызы такай келбей, көбүнчө төрөбөйт же бою­нан көп түшөт, жатындан тышкары бойго бүтөт. Жыныстык И. аялдарга караганда эркектерде азыраак жолугат. Дарылоо аны пайда кылган себептерге жараша жүргүзүлөт. Алдын алуу үчүн гигиеналык жакшы шарт түзүү, сапаттуу тамак­тануу, дене тарбия м-н машыгуу, балдарды ла­герге, санаторийге жиберүү, о. эле, ага түрткү болуучу ооруларды убагында дарылоо зарыл.