Difference between revisions of "ИНСТРУМЕНТАЛИЗМ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
vol3>KadyrM
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

08:30, 30 Июнь (Кулжа) 2025 -га соңку версиясы

ИНСТРУМЕНТАЛИ́ЗМ – философияда ж-а илим методологиясында ил. түшүнүктөрдү, теориялар­ды, гипотезаларды адамдын жаратылыш, коом м-н болгон өз ара аракеттенишүүсүндө ага ориен­тация берүүчү курал (инструмент) катары кара­ган багыт. И. прагматизм, операционализм ж-а конвенционализм м-н тыгыз байланыштуу.