Difference between revisions of "ИНСБУРК"
vol3>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:29, 30 Июнь (Кулжа) 2025 -га соңку версиясы
И́НСБУРК – Австриянын түн.-батышындагы шаар. Тироль жеринин (адм.-аймктык бирдик) адм. борбору. Альп тоолорундагы Бреннер ашуусуна жакын, Инн д-нын боюнда жайгашкан. Калкы 111,7 миң (2007); шаар айланасы м-н 250 миң; калкынын саны б-ча өлкөдөгү 5-шаар. Ири жол тоому. Австриянын батыш «көпүрөсү». Автобандар ж-а т. ж. магистралдары аркылуу Мюнхен, Цюрих, Вена (Зальцбург – Линц аркылуу), Венеция (Больцано – Тренто) м-н байланышат. Эл аралык аэропорту бар. 1234-жылдан белгилүү. Текстиль, электр-тех., хим.-фармацевтика, металл иштетүү, тамак-аш ө. ж. ишканалары иштейт. Көркөм промысели (мозаика, айнек, металл буюмдар), кол өнөрчүлүк (белек буюм) өнүккөн. Туризмдин ж-а спорттун кышкы түрлөрүнүн борбору. 1964-ж. IX, 1976-ж. XII Олимпия оюндары өткөрүлгөн. Ун-т (1669), музейлер [Тироль край таануу «Фердинандеум» музейи, эл чыгармачылыгы] бар. Габсбургдардын Хофбург ак сарайы (14–18-к.), Хофкирхе чиркөөсү (1553–63), Ыйык Анна колоннасы (1706), Ландхауз (1725–28) монастыры ж. б. сакталган. Европа музыка мад-тынын борборлорунун бири. Жыл сайын музыка фестивалдары, П. Хофхаймер атн. органчылардын эл аралык конкурсу өткөрүлүп турат.