Difference between revisions of "АМЕРИКА ТАСКАКЧЫЛЫ"
| 1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АМЕРИКА ТАСКАКЧЫЛЫ''' – таскакчыл жылкы породасы, негизинен ат спортуна (бир орундуу жеңил араба чегип жарышуу) пайдаланылат. 19-кылымдын ортосунда АКШда миңги (таза кандуу, миңги, араб жылкылары) <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> таскакчыл (голланд жылкысы | '''АМЕРИКА ТАСКАКЧЫЛЫ''' – таскакчыл жылкы породасы, негизинен ат спортуна (бир орундуу жеңил араба чегип жарышуу) пайдаланылат. 19-кылымдын ортосунда АКШда миңги (таза кандуу, миңги, араб жылкылары) <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> таскакчыл (голланд жылкысы жана башка) жылкы породаларын, кайталап аргындаштыруу жолу <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> чыгарылган. Негизинен күлүктүгү, асыл тукумдуулугу боюнча тандалып, тез чоңоюучу эң күлүк жылкы алынган. Башы анча чоң эмес, мойну узун, өркөчү бийик, бели, жону түз, сорусу жайык. Жоргосунун көкүрөгү кенен, сорусу салыңкы. Өңү тору, кара кер жана башка. Ыйык жалынан бийиктиги 153–157 ''см'', көкүрөк курчамы 170–185 ''см'', тулку боюнун узундугу 154–158 ''см'', бутунун жоондугу 18–20 ''см''. Айгырынын орточо салмагы 450 ''кг'', бээсиники 350 ''кг''. Америка таскакчылы жылкысынын айрымдары 1609 ''м'' аралыкты 1 мин 55,25 ''сек''да таскактап (Грейхаунд аты, 2 асый), 1 мин 53,6 ''сек''да жорголоп (Бреет Ганновер айгыры, бышты) өтүп, дүйнөлүк рекорд койгон. АКШ, Канада, Италия, Франция жана башка өлкөлөрдө асыралат. Россияга 19-кылымдын аягында алып келинген. Америка таскакчылы <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> орлов таскакчыл жылкысын аргындаштырып, орус таскакчыл жылкысы алынган. | ||
[[Категория:1-Том]] | [[Категория:1-Том]] | ||
16:27, 28 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку версиясы
АМЕРИКА ТАСКАКЧЫЛЫ – таскакчыл жылкы породасы, негизинен ат спортуна (бир орундуу жеңил араба чегип жарышуу) пайдаланылат. 19-кылымдын ортосунда АКШда миңги (таза кандуу, миңги, араб жылкылары) жана таскакчыл (голланд жылкысы жана башка) жылкы породаларын, кайталап аргындаштыруу жолу менен чыгарылган. Негизинен күлүктүгү, асыл тукумдуулугу боюнча тандалып, тез чоңоюучу эң күлүк жылкы алынган. Башы анча чоң эмес, мойну узун, өркөчү бийик, бели, жону түз, сорусу жайык. Жоргосунун көкүрөгү кенен, сорусу салыңкы. Өңү тору, кара кер жана башка. Ыйык жалынан бийиктиги 153–157 см, көкүрөк курчамы 170–185 см, тулку боюнун узундугу 154–158 см, бутунун жоондугу 18–20 см. Айгырынын орточо салмагы 450 кг, бээсиники 350 кг. Америка таскакчылы жылкысынын айрымдары 1609 м аралыкты 1 мин 55,25 секда таскактап (Грейхаунд аты, 2 асый), 1 мин 53,6 секда жорголоп (Бреет Ганновер айгыры, бышты) өтүп, дүйнөлүк рекорд койгон. АКШ, Канада, Италия, Франция жана башка өлкөлөрдө асыралат. Россияга 19-кылымдын аягында алып келинген. Америка таскакчылы менен орлов таскакчыл жылкысын аргындаштырып, орус таскакчыл жылкысы алынган.