Difference between revisions of "БАТУН ПИЯЗЫ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
(Created page with "(Allium) – көп жылдык, жалбырагы түп пияздыкындай, көңдөй, кескен кезде илешкээк ширеси куюлат. Түп...")
 
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
1 -сап: 1 -сап:
(Allium) – көп жылдык, жалбырагы түп пияздыкындай, көңдөй, кескен кезде илешкээк ширеси куюлат. Түп пияздыкындай түбү чоң болбойт, цилиндр сыяктуу, сүйрү келген карандаштын көлөмүндөй пияз түптөр пайда болот. Өлкөсү Кытай, кээде кытай, татарка, кышкы, кумдак пияз деп да аташат. Бул пияз суукка, үшүккө чыдамдуу, кардын астында кыштап, эрте жазда кар кетери м-н жаңы жалбырактар өсүп, улам жыл өткөн сайын түптөрү көбөйүп, ар бир түптө өзүнчө жалбырактар пайда болушуп, бир айдын ичинде кесип жегенге жарап калат. Үрөнү, өркүнү 2–30С де өнүп, өсөт, оптималдык температура 10–180С, өтө жогорку температурада, өзгөчө нымдуулук жетишсиз болсо, жалбырактар бат катып, картайып, даамын жоготот. Жакшы багылып бардык агротехника сакталган учурда, жайы бою жаңы жалбырактар өсүп, аларды улам кесип турганга жарайт.
'''БАТУН ПИЯЗЫ''' (Allium) – көп жылдык, жалбырагы түп пияздыкындай, көңдөй, кескен кезде илешкээк ширеси куюлат. Түп пияздыкындай түбү чоң болбойт, цилиндр сыяктуу, сүйрү келген карандаштын көлөмүндөй пияз түптөр пайда болот. Өлкөсү Кытай, кээде кытай, татарка, кышкы, кумдак пияз деп да аташат. Бул пияз суукка, үшүккө чыдамдуу, кардын астында кыштап, эрте жазда кар кетери м-н жаңы жалбырактар өсүп, улам жыл өткөн сайын түптөрү көбөйүп, ар бир түптө өзүнчө жалбырактар пайда болушуп, бир айдын ичинде кесип жегенге жарап калат. Үрөнү, өркүнү 2–30С де өнүп, өсөт, оптималдык температура 10–180С, өтө жогорку температурада, өзгөчө нымдуулук жетишсиз болсо, жалбырактар бат катып, картайып, даамын жоготот. Жакшы багылып бардык агротехника сакталган учурда, жайы бою жаңы жалбырактар өсүп, аларды улам кесип турганга жарайт.
[[Категория:Жаңы макалалар]]

16:05, 14 Январь (Үчтүн айы) 2025 -га соңку версиясы

БАТУН ПИЯЗЫ (Allium) – көп жылдык, жалбырагы түп пияздыкындай, көңдөй, кескен кезде илешкээк ширеси куюлат. Түп пияздыкындай түбү чоң болбойт, цилиндр сыяктуу, сүйрү келген карандаштын көлөмүндөй пияз түптөр пайда болот. Өлкөсү Кытай, кээде кытай, татарка, кышкы, кумдак пияз деп да аташат. Бул пияз суукка, үшүккө чыдамдуу, кардын астында кыштап, эрте жазда кар кетери м-н жаңы жалбырактар өсүп, улам жыл өткөн сайын түптөрү көбөйүп, ар бир түптө өзүнчө жалбырактар пайда болушуп, бир айдын ичинде кесип жегенге жарап калат. Үрөнү, өркүнү 2–30С де өнүп, өсөт, оптималдык температура 10–180С, өтө жогорку температурада, өзгөчө нымдуулук жетишсиз болсо, жалбырактар бат катып, картайып, даамын жоготот. Жакшы багылып бардык агротехника сакталган учурда, жайы бою жаңы жалбырактар өсүп, аларды улам кесип турганга жарайт.