Difference between revisions of "АХВАЗ"
556-684>KadyrM |
м (→top: категория кошуу) |
||
(4 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АХВАЗ''' ‒ Ирандын түштүк-батышындагы шаар. Хузестан останынын (администрациялык-аймактык бирдик) администрациялык борбору. Карун дарыясынын боюнда, Месопотамия ойдуӊунун түштүк-чыгышында жайгашкан. Калкы 1,1 млн (2011). Жолдор тоому. Дарыя порту. Иран ханы Ардашир I (224‒241) шаарды кайра курдуруп, Ормузд-Ардашир атаган. 500-жылдар чамасында шаар несториан епискобунун резиденциясы болгон; 640-жылы араб мусулмандары басып алып, Сук-аль-Ахваз атаган. 19-кылымда Насерия, 20-кылымдан азыркыдай аталат. 1980‒88-жылдары Иран ‒ Ирак согушундагы салгылашуунун чордону болгон. Шахид-Чамран университети (1955-жылдан), медициналык университет (1988), техникалык ЖОЖдор бар. Тамак-аш, текстиль, химиялык, металлургия, машина куруу өнөр жайлары иштейт. Ахваз ‒ нефть өнөр жайынын уюштуруу борбору. Шаардын түндүгүндө ири Ахваз нефть кени жайгашкан. Шаар аркылуу Тегеранга нефть кууру өтөт. | |||
[[Категория:1-Том]] |
10:54, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АХВАЗ ‒ Ирандын түштүк-батышындагы шаар. Хузестан останынын (администрациялык-аймактык бирдик) администрациялык борбору. Карун дарыясынын боюнда, Месопотамия ойдуӊунун түштүк-чыгышында жайгашкан. Калкы 1,1 млн (2011). Жолдор тоому. Дарыя порту. Иран ханы Ардашир I (224‒241) шаарды кайра курдуруп, Ормузд-Ардашир атаган. 500-жылдар чамасында шаар несториан епискобунун резиденциясы болгон; 640-жылы араб мусулмандары басып алып, Сук-аль-Ахваз атаган. 19-кылымда Насерия, 20-кылымдан азыркыдай аталат. 1980‒88-жылдары Иран ‒ Ирак согушундагы салгылашуунун чордону болгон. Шахид-Чамран университети (1955-жылдан), медициналык университет (1988), техникалык ЖОЖдор бар. Тамак-аш, текстиль, химиялык, металлургия, машина куруу өнөр жайлары иштейт. Ахваз ‒ нефть өнөр жайынын уюштуруу борбору. Шаардын түндүгүндө ири Ахваз нефть кени жайгашкан. Шаар аркылуу Тегеранга нефть кууру өтөт.