Difference between revisions of "АФРОДИТА"
556-684>KadyrM |
м (→top: категория кошуу) |

(4 intermediate revisions by 4 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АФРОДИТА ‒''' грек мифологиясындагы сүйүүнүн жана сулуулуктун пири; Зевс менен Дионанын кызы (дагы бир мифтик вариант боюнча деӊиз толкундарынын көбүгүнөн жаралган). Афродитанын түбөлүк жаштыгы, жандуу образы биздин заманга чейин 1-кылымда римдик акын Лукрецийдин «Заттардын табияты жөнүндө» поэмасында таасын чагылдырылган. Аны түбөлүк жаздын жана жашоонун, түшүмдүүлүктүн, ошондой эле никенин, төрөттүн пири катары да кабылдашкан. Мифология боюнча махабатка туш болгон кудайлар жана бардык адамдар Афродитанын бийлигине багынышкан. ''Гомер'' боюнча ага ''Афина, Артемида'' жана Гестия гана баш ийген эмес. Афродитанын күйөөсү колунан көөрү төгүлгөн темир уста, бирок кебетеси суук Гефест кудай болгон. Кифер аралында, Афиндер акрополунда Афродитага храмдар, ошондой эле Грекиянын башка аймактарында, өзгөчө Кичи Азияда, Сирияда табынуучу | |||
[[File:АФРОДИТА65.png | thumb|Венера Милосская. Мрамор. б. з. ч. 130‒120-ж., Париж, Лувр.]] | |||
[[File:АФРОДИТА65.png | thumb | Венера Милосская. Мрамор. б. з. ч. 130‒120-ж., Париж, Лувр.]] | ыйык жайлар курулган. Финикиялык Аспартага, ассирия-вавилондук Иштар жана египеттик Исидага окшоштурулат. Римдиктер аны Венера деп аташкан. Афродитанын антикалык көркөм-сүрөт искусствосунда А. Книдская (биздин заманга чейин 4-кылым), Афродита (Венера) Милосская (биздин заманга чейин 2-кылым) статуялары кеӊири белгилүү.

ыйык жайлар курулган. Финикиялык Аспартага, ассирия-вавилондук Иштар ж-а египеттик Исидага окшоштурулат. Римдиктер аны Венера деп аташкан. | [[Категория:1-Том]] | ||
10:54, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АФРОДИТА ‒ грек мифологиясындагы сүйүүнүн жана сулуулуктун пири; Зевс менен Дионанын кызы (дагы бир мифтик вариант боюнча деӊиз толкундарынын көбүгүнөн жаралган). Афродитанын түбөлүк жаштыгы, жандуу образы биздин заманга чейин 1-кылымда римдик акын Лукрецийдин «Заттардын табияты жөнүндө» поэмасында таасын чагылдырылган. Аны түбөлүк жаздын жана жашоонун, түшүмдүүлүктүн, ошондой эле никенин, төрөттүн пири катары да кабылдашкан. Мифология боюнча махабатка туш болгон кудайлар жана бардык адамдар Афродитанын бийлигине багынышкан. Гомер боюнча ага Афина, Артемида жана Гестия гана баш ийген эмес. Афродитанын күйөөсү колунан көөрү төгүлгөн темир уста, бирок кебетеси суук Гефест кудай болгон. Кифер аралында, Афиндер акрополунда Афродитага храмдар, ошондой эле Грекиянын башка аймактарында, өзгөчө Кичи Азияда, Сирияда табынуучу
ыйык жайлар курулган. Финикиялык Аспартага, ассирия-вавилондук Иштар жана египеттик Исидага окшоштурулат. Римдиктер аны Венера деп аташкан. Афродитанын антикалык көркөм-сүрөт искусствосунда А. Книдская (биздин заманга чейин 4-кылым), Афродита (Венера) Милосская (биздин заманга чейин 2-кылым) статуялары кеӊири белгилүү.