Difference between revisions of "ЖАМАНБАЕВА Тамара Кусеин кызы"
м (→top: категория кошуу) |
|||
6 -сап: | 6 -сап: | ||
Фрунзе медициналык окуу жайын (1959), Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетин (1968) бүтүргөн. Кыргыз мамлекеттик телерадиокомитетинде жогорку категориядагы диктор (1959–1975), Программа боюнча директордун орун басары (1974–1988), илимий-популярдык жана кино редакциясынын, Борбордук телерадиого көрсөтүүлөрдү даярдоо редакциясынын, Ош облустук телерадиокомитетинин башкы редактору, төрайымы (1988–1992), Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиокорпорациясында программа боюнча директор (1992–1994), вице-президент (1994–1995), «Замана» чыгармачыл-өндүрүштүк бирикмесинин директору, продюсери (1995–2005, 2008), Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиокорпорациясынын радио боюнча координациялык борборунун директору (2005–2007), 2009-жылдан «Ибарат» маданий борборунун продюсери болуп эмгектенген. «Б. Миңжылкыевдин аткаруусундагы романстар» аттуу телетасманын, республиканын юбилейлик даталуу күндөрүнө арналган көптөгөн телекөрсөтүүлөрдүн сценарийлеринин автору. | Фрунзе медициналык окуу жайын (1959), Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетин (1968) бүтүргөн. Кыргыз мамлекеттик телерадиокомитетинде жогорку категориядагы диктор (1959–1975), Программа боюнча директордун орун басары (1974–1988), илимий-популярдык жана кино редакциясынын, Борбордук телерадиого көрсөтүүлөрдү даярдоо редакциясынын, Ош облустук телерадиокомитетинин башкы редактору, төрайымы (1988–1992), Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиокорпорациясында программа боюнча директор (1992–1994), вице-президент (1994–1995), «Замана» чыгармачыл-өндүрүштүк бирикмесинин директору, продюсери (1995–2005, 2008), Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиокорпорациясынын радио боюнча координациялык борборунун директору (2005–2007), 2009-жылдан «Ибарат» маданий борборунун продюсери болуп эмгектенген. «Б. Миңжылкыевдин аткаруусундагы романстар» аттуу телетасманын, республиканын юбилейлик даталуу күндөрүнө арналган көптөгөн телекөрсөтүүлөрдүн сценарийлеринин автору. | ||
[[Категория:Жаңы макалалар]] |
11:14, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
ЖАМАНБАЕВА (Бакиева) Тамара Кусеин кызы (14. 5. 1943-жыл, Нарын облусу, Нарын шаары) – туңгуч кыргыз теледиктору, Кыргыз Республикасынын эл артисти (2008), Кыргыз ССР маданиятына эмгек сиңирген ишмер (1989), СССР телерадиосунун отличниги (1970), Кыргыз Республикасынын телерадиосунун отличниги (2003), «Даңк» медалынын ээси (2002), Эл аралык Кувейт университетинин журналистика кафедрасынын профессору.
Тамара Жаманбаева Кыргыз телекөрсөтүүсү негизделген алгачкы жылдан тарта эфирге чыгып, жагымдуу үнү, келбеттүү өңү менен таанылып, 16 жашынан элдин эрке кызына айланган. Түрдүү жанрдагы телекөрсөтүүлөрдү жогору чеберчилик менен алып барып, дикторлуктан жетекчилик кызматтарга чейин көтөрүлгөн. Чыгармачылык ишиндеги ийгиликтери, жетекчилик милдеттериндеги талыкпас кызматы мамлекет тарабынан жогору бааланып, бир нече бийик сыйлыктардын ээси болду. Эс алуу курагын да пайдалуу өткөрүп, жаш кадрларга билим берип, профессорлук кызматты аркалап келе жатат.
Өмүр таржымалы
Фрунзе медициналык окуу жайын (1959), Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетин (1968) бүтүргөн. Кыргыз мамлекеттик телерадиокомитетинде жогорку категориядагы диктор (1959–1975), Программа боюнча директордун орун басары (1974–1988), илимий-популярдык жана кино редакциясынын, Борбордук телерадиого көрсөтүүлөрдү даярдоо редакциясынын, Ош облустук телерадиокомитетинин башкы редактору, төрайымы (1988–1992), Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиокорпорациясында программа боюнча директор (1992–1994), вице-президент (1994–1995), «Замана» чыгармачыл-өндүрүштүк бирикмесинин директору, продюсери (1995–2005, 2008), Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиокорпорациясынын радио боюнча координациялык борборунун директору (2005–2007), 2009-жылдан «Ибарат» маданий борборунун продюсери болуп эмгектенген. «Б. Миңжылкыевдин аткаруусундагы романстар» аттуу телетасманын, республиканын юбилейлик даталуу күндөрүнө арналган көптөгөн телекөрсөтүүлөрдүн сценарийлеринин автору.