Difference between revisions of "ВИКТИМОЛОГИЯ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)
 
2 -сап: 2 -сап:


<br>
<br>
[[Категория:Жаңы макалалар]]

11:15, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

ВИКТИМОЛОГИЯ ( лат. Victina – курман болгон, зыян тарткан, жабырлануучу жана ...логия) – криминологиянын өзгөчө бир бөлүгү; социалдык, табигый жана технотектүү катастрофа, эпидемия, согуш ж. б. куралдуу чыр-чатактар, саясий тирешүүлөрдөн жабыр чеккендер. Крминалдык виктимология 20 – кылымдарда пайда болгон. Виктимология биринчи жолу румыниялык психиатр Б. Мендельсон (1900–98) тарабынан Психиатрлардын эл аралык конгрессинде (Бухарест, 1947), анын “Биопсихология менен социологиянын жаңы ачылыштары: виктимология” деген докладында айтылган. Виктимологияга немец криминологу Г. Фон Гентигтин (1888–1974) “Кылмышкер менен жабыр чегүүчүнүн ортосундагы интеракцияга карата пикир” (1941) деген макаласында ж. б. эмгектеринде илимий негиз салынган. Виктимологияда жабырлануучу бул, кылмыш аракетинин кесепетинен жабыр тарткан жеке же юридикалык жак, башкача айтканда криминалдык кылмыштан жапа чеккендер, ошондой эле жабыр тарта элек, бирок өзүнүн жүрүм-туруму, көнүмүш адаттарынан улам жабыр тартып калышы мүмкүн болгон жак (потенциалдык курмандык). Виктимологиянын объектиси болуп в и к т и м и з а ц и я – бул, кылмышкердин жабырлануучусу катары саналган жеке жак, ошондой эле айрым бир адамдардын тобу (статистикалык деңгээли). Калкты виктимизациялоону статистикалык жана социологиялык материалдарга таянып жүргүзсөк, ал кылмыштуулуктун деңгээлин бир кыйла даана (кылмыш жасаган кылмыштуу топтору боюнча, топтогу жеке жактар боюнча, региондор боюнча ж. б. ) көрсөтөт. Мында айрым экономика тармагындагы, мамлекеттик бийликке же башкаруу тартибине, аскер кызматына каршы жабырлануучусу жок кылмыштуулуктар эсепке алынбайт. Виктимология тармагындагы эл аралык документтердин негизи катары бийликти ашыкча пайдалануудан улам, же түздөн түз кылмышкер тарабынан жапа чеккендердин Декларациясы (1985) саналат.
Ж. Арзыкулов