Difference between revisions of "АЛЫМКУЛ АТАЛЫК"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)
 
4 -сап: 4 -сап:


''Т.Өмүрбеков.''<br>
''Т.Өмүрбеков.''<br>
[[Категория:1-Том]]

09:27, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АЛЫМКУЛ АТАЛЫК, Молдо Алымкул Асан бий уулу (болжол менен 1833-жылдар, Бучун-Биткан деген жер, Кокон хандыгы – 10. 5. 1865, Ташкент шаары) – Кокон хандыгынын белгилүү саясий ишмери; аскер башчысы (амир-лашкер) жана аталык (1863–1865). Түштүк кыргыздардын ичкилик тобундагы кыргыз-кыпчак уруусунун өкүлү. Эки жашка чыкканда атасы Асан каза болуп, тайкесинин колунда калып, аны Анжиян, Кокондогу медреседен окуткан. Кийин жездеси Тагайкул датканын жардамы менен аскер ишин да өздөштүргөн. Кыска убакыт Коргон-Дөбөнү (азыркы Өзбекстан, Анжиян облусу) бийлеп турган. Бул учурда Кудаяр (1829–1879) Кокондун ханы (1844–58; 1862–63; 1865–75) болуп жарыяланып, Анжиян менен Ташкентти агасы Малабекке (Малла-хан, 1858–1862-жылдардагы Кокон ханы) берген. Бирок, илгертен келе жаткан эреже боюнча такка отуруу укугу үй-бүлөдөгү эң улуу балага таандык (кара: майорат) болгондуктан, көп өтпөй ага-ининин ортосунда араздашуу башталган. Агасын баш ийдирүү үчүн Кудаяр хан Ташкентке жүрүш жасап, шаарды курчоого алганда, Малабек Бухарага качкан. Бир топ убакыттан кийин экөө жарашып, Малабек Коконго келген. Бирок, 1852-жылы Мусулманкул өлтүрүлгөндөн кийин (кара: Кыпчак кыргыны) ордо ишине аралашып жүрүшкөн Алымбек датка, Алымкул, Кыдыр, Чотон, Сейитбек, Касым датка ж.б. сыяктуу кыргыз, кыпчак бийлери Кудаяр хандын бийлигине нааразы болуп, Малабекти хан көтөрүүгө даярдана башташкан. Алардын даярдыгы билинип калганда, Кудаяр хан Малабекти кармоого буйрук кылат. Натыйжада кыргыз-кыпчак бийлери аны Үч-Коргонго качырышкан. Фергана өрөөнүнүн чыгыш тарабы толук Малабекти колдоп чыккан. Айрым имиштер боюнча 1857-жылдын аягы, 1858-жылдын башында Алымкул жана Алымбектер биригип, Жар-Мазар деген жерде Малабекти ак кийизге салып, хан көтөрүп, Алымкулду аскер башы кылып дайындашкан. Бул учурда орус өкмөтү Иле өзөнүнүн батышы, Үч-Алматыга Верный чебин куруп, Кокон хандыгына коопсуздук туудура башташган. 1858-жылы күзгө жуук Саманчы деген жерде (Анжияндын түштүк-чыгышы) Кудаяр хандын колу жеңилип, иниси Султан-Мурат-бек менен адегенде Кожентке, андан Бухарага качкан. 1858-жылы 13-ноябрда Кокондогу ордодо Малабекти кайрадан ак кийизге салып, хан көтөрүшүп, Алымкул Маргалаңга бек болуп дайындалган. 1862-жылы 24-февралда Малла хан өлтүрүлүп, тактыга Сарымсактын уулу (Шераалы хандын небереси) 15 жаштагы Шахмурад олтуруп, Алымкул баш вазирликке дайындалат. Малла хан өлтүрлүгөнүн уккан Кудаяр Канаат-шаанын колдоосунда Ташкент шаарына келип, кайрадан Кокон ханы болуп жарыяланган жана көп өтпөй Бухаранын эмири (1860–1885) Музаффардын жардамы менен Коконду алат. 1863-жылы жазында тоолук кыргыздардан жардам алган Алымкул төңкөрүш уюштуруп, тактыга Малла хандын уулу Султан Саидди отургузуп, иш жүзүндө хандыкты өзү башкарып калган (1863–1865). Кыска убакыт аралыгында Алымкул аталык хандыкта тартипти чыңдап, хандыкты борборлоштурууга аракет кылган. Чек аралардын коопсуздугун чыңдоо максатында чептерди оңдоп, сарбаздардын санын көбөйткөн. Ал анжияндык, аркалык кыргыздарды ынтымакка чакырган. Мисалы, 1863-жылы сарыбагыш уруусунун чоң манабы Жантай Карабек уулуна орус аскерлерине каршы күрөштө бирге болууга үндөгөн кат жөнөткөн. Алымкул аталыктын көрсөтмөсү менен Кокондон Талас, Чүй, Ысык-Көл, Нарындын манаптарына ынтымакка чакырган каттарды жана өкүлдөрдү жиберишкен. Ошондой эле өлкөнүн эл аралык абалын жакшыртуу максатында 1863–64-жылдары ал Россия императоруна, Түрк султанына, Кытайга, Индиядагы Англия бийлигине, Афганистанга ж. б. мамлекеттерге Кокон хандыгынын атынан элчилерди жөнөткөн. 1864-жылы полковник М. Г. Черняев башында турган 2500дөй орус аскери Олуя-Ата шаарын, полковник Н.А. Веревкин 1600дөй аскери менен Түркстан чеп калаасын каратып алышкандан кийин Алымкул аталык 4–6 миңдей аскери менен аларга каршы жортуулга чыккан. Орус аскерлери менен айыгышкан салгылашуулар Ак-Булак, Чымкент, Ыкан ж. б. жерлерде болгон. 1865-жылы ал кокон аскерлеринин башкы аскер командачысы катары Ташкенттин алдында Шор-Төбө деген жерде Черняев башында турган орус аскерлерине каршы күчтүү коргонууну уюштура алган. Маргалаң, Анжиян, Ош, Шахрикандан ж. б. жерлерден шашылыш аскер топтоп, натыйжада шаарды коргоочулардын санын 30 миңге жеткирген. Салгылашуу 9-майда башталып, адеп орус аскерлери чегинүүгө жанa чабуул коюудан коргонууга өтүүгө аргасыз болушкан. Кайрадан башталган салгылашуу учурунда Алымкул аталык оор жаракат алып, курман болот. Бул окуяны өз көзү менен көргөн Мухаммед Салих Кори Ташканди «Тарих-и Жадидаи Ташканд» («Ташкенттин жаңы тарыхы») аттуу эмгегинде Алымкул аталыктын өлүмдөн коркпой айкаштын алдынкы катарында жүрүп, баатырларча курман болгондугу тууралуу баяндайт. Күчтүү кол башчысынан айрылган соң Ташкент шаары тез эле орус аскерлери тарабынан басылып алынган.

Ад.: Бейсембиев Т. К. Неизвестный источник по истории Кокандского ханства в ХIХ в. (анонимная биография Алимкула амир-и лашкара) //Бартольдские чтения 1987 г. Тезисы докладов и сообщений. М., 1987; Бейсембиев Т. К. «Тарих-и Шахрухи» как исторический источник. А.-А., 1987; Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхый булактары. /Котор. М.Кожобеков, Т.Абдиев Б., 2002; Бабаджанов, Б. М. Кокандское ханство: власть, политика, религия. Таш., Токио. 2010.

Т.Өмүрбеков.