Difference between revisions of "Алымбек Акылбек уулу"
(Created page with "'''АЛЫМБЕК АКЫЛБЕК УУЛУ''' (1862, Чүй өрөөнү – 1930, Россия империясы, Пермь крайы, Орда кыштагы) – солт...") |
|||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АЛЫМБЕК АКЫЛБЕК УУЛУ''' (1862, Чүй өрөөнү – 1930, Россия империясы, Пермь крайы, Орда кыштагы) – солто | '''АЛЫМБЕК АКЫЛБЕК УУЛУ''' (1862, [[Чүй өрөөнү]] – 1930, [[Россия империясы]], [[Пермь]] крайы, Орда кыштагы) – [[солто уруусу]]нан чыккан атактуу [[манап]], белгилүү санжырачы. Манасчы [[Балыкооз]]ду 10 жашынан баштап угуп, көп сөздөрүн жаттап калган. Анын көзү өткөндөн кийин эсине сактап калганын анын уулу Тургунбек көчүрүп, аны 1947-ж. Кыргыз ССР ИАсынын кол жазмалар фондусуна өткөргөн жана ал кол жазмага 1981-жылы «[[Кыргыздар]]дын келип чыгышы» деген шарттуу аталуу берилген. Анда Балыкоозго таандык «[[Отор хан]]» жомогу жана казак ханы (1771–1780) [[Абылай]]дын доорундагы кыргыз-казак мамилелери кеңири чагылдырылган. Тарыхчы [[Белек Солтоноев]]ден айырмаланып, калмак доорунда (кара: [[Жуңгар хандыгы]]) кыргыздардын [[Талас]], Чүйдү ээлеп калышы жана азыркы чек аранын түптөлүшү тууралуу так маалыматтарды камтыйт. Алымбек манаптын билимдүү-илимдүү (магрифат) адам экенин тарыхчы [[Осмонаалы Сыдык]] (Кыдык) да эскерип кеткен. Бир нече жылы [[Олуя-Ата]] уездинин Талкан болуштугунда [[болуш]] (1890–1893), [[бий]] (1893–1896) болуп иштеген. 1927-жылы 29-июлдагы ОГПУнун Коллегиясынын Өзгөчө Кеңешинин токтому менен 3 жылга кесилип Урал губерниясынын Бөкөй уездине айдалган. Мөөнөтү аяктаганда ага [[Казакстан]] жана [[Орто Азия]]да турууга тыюу салынып, башка, каалаган жер таңдап жашоого уруксат берилген. 1930-жылы Пермь крайындагы Орда кыштагында кайтыш болуп, сөөгүн уулу Ашымбек көөмп келген. 1989-жылы 16-январдагы [[СССР Жогорку Советинин Президиму]]нун Указынын негизинде жана 1991-жылы 1-ноябрдагы [[Кыргыз Республикасы]]нын Прокурорунун корутундусу менен акталууга жаткан. | ||
Ад.: Алымбектин санжырасы. Б., 2007; Акылбеков А., Алымбеков Т. Балыкооздун санжырасы. Б., 2009. | Ад.: Алымбектин санжырасы. Б., 2007; Акылбеков А., Алымбеков Т. Балыкооздун санжырасы. Б., 2009. | ||
[[Категория:1-Том]] | |||
14:30, 23 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку версиясы
АЛЫМБЕК АКЫЛБЕК УУЛУ (1862, Чүй өрөөнү – 1930, Россия империясы, Пермь крайы, Орда кыштагы) – солто уруусунан чыккан атактуу манап, белгилүү санжырачы. Манасчы Балыкоозду 10 жашынан баштап угуп, көп сөздөрүн жаттап калган. Анын көзү өткөндөн кийин эсине сактап калганын анын уулу Тургунбек көчүрүп, аны 1947-ж. Кыргыз ССР ИАсынын кол жазмалар фондусуна өткөргөн жана ал кол жазмага 1981-жылы «Кыргыздардын келип чыгышы» деген шарттуу аталуу берилген. Анда Балыкоозго таандык «Отор хан» жомогу жана казак ханы (1771–1780) Абылайдын доорундагы кыргыз-казак мамилелери кеңири чагылдырылган. Тарыхчы Белек Солтоноевден айырмаланып, калмак доорунда (кара: Жуңгар хандыгы) кыргыздардын Талас, Чүйдү ээлеп калышы жана азыркы чек аранын түптөлүшү тууралуу так маалыматтарды камтыйт. Алымбек манаптын билимдүү-илимдүү (магрифат) адам экенин тарыхчы Осмонаалы Сыдык (Кыдык) да эскерип кеткен. Бир нече жылы Олуя-Ата уездинин Талкан болуштугунда болуш (1890–1893), бий (1893–1896) болуп иштеген. 1927-жылы 29-июлдагы ОГПУнун Коллегиясынын Өзгөчө Кеңешинин токтому менен 3 жылга кесилип Урал губерниясынын Бөкөй уездине айдалган. Мөөнөтү аяктаганда ага Казакстан жана Орто Азияда турууга тыюу салынып, башка, каалаган жер таңдап жашоого уруксат берилген. 1930-жылы Пермь крайындагы Орда кыштагында кайтыш болуп, сөөгүн уулу Ашымбек көөмп келген. 1989-жылы 16-январдагы СССР Жогорку Советинин Президимунун Указынын негизинде жана 1991-жылы 1-ноябрдагы Кыргыз Республикасынын Прокурорунун корутундусу менен акталууга жаткан.
Ад.: Алымбектин санжырасы. Б., 2007; Акылбеков А., Алымбеков Т. Балыкооздун санжырасы. Б., 2009.