Difference between revisions of "АБЫЛАЙ ХАНДЫН КЫРГЫЗДАРГА КАРШЫ ЖОРТУУЛДАРЫ"
м (Турганбаев Элебай moved page АБЫЛАЙ ХАНДЫН КЫРГЫЗДАРГА ЖОРТУУЛДАРЫ to АБЫЛАЙ ХАНДЫН КЫРГЫЗДАРГА ЖАСАГАН ЖОРТУУЛДАРЫ) |
м (→top: clean up) |
||
(3 intermediate revisions by one other user not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АБЫЛАЙ ХАНДЫН КЫРГЫЗДАРГА ЖОРТУУЛДАРЫ''' – | '''АБЫЛАЙ ХАНДЫН КЫРГЫЗДАРГА КАРШЫ ЖОРТУУЛДАРЫ''' – кыргыздарды каратып алуу максатында 18-кылымдын 60–80-жылдарындагы ''Абылай хандын'' (1771–1780) баскынчыл согуштук аракеттери. Бул мезгилде Борбордук Азияда агрессивдүү саясат жүргүзүп жаткан күчтүү хандыктардын бири – ''Жуңгар хандыгында'' (1635–1758) саясий-экономикалык кризистер күчөп, алсырай баштаган. Ал учурлар кыргыз санжырасында «он сан ойрот бузулганда» деп айтылып калган. Хандыктын тез алсырап, тез жоюлушуна Цин империясынын (1644–1912) агрессивдүү тышкы саясаты да өзгөчө таасир тийгизген. Жаңыдан түзүлгөн кырдаалга байланыштуу кыргыздар эзелки конуштарын кайра кайтарууну чечкен. Оозеки санжыраларында ''Маматкул бий'', ''Кошой бийлер'' «өсүп-өнмөй бар, калмакты кууп чыгып, ата-бабалардан калган конушубуз, Чүйдүн аягы – Талас, Байгара, Жамбылды бошотолу, Иледен нары өтпөйлү» деп, жалпы эл менен кеңеш куруп, Чүй өрөөнүнө көчкөнү айтылат (кара: ''Кыргыздардын Чүйгө келиши''). Натыйжада илгерки ата-бабаларынан калган Таластан Илеге чейинки жерлерди ар уруулар өз-өз бетинче коргоп калууну чечип, кушчу, саруу, кытай жана каба саяктар Талас жагын, чекир саяк Кочкордон Кегети – Ысык-Атага, солтолор Аксуу – Карабалтадан Олуя-Атага, сарыбагыштар Кеминден Илеге чейинки жерлерге орношо баштайт. Бул учурга тиешелүү кытай жана орус жазма маалыматтарында казактардын чек арасы Иртыш өзөнү менен түштүккө Нор-Зайсан көлүнө чейин, андан кытайлыктар койгон Тарбагатай тоосундагы бекет аркылуу Иле дарыясынын оң жээгине өткөнү белгиленет. Ал эми тоолук кыргыздар Ташкент шаарына сексен чакырым жетпей, Цуй (Чүй) суусунан имерилип, Иле дарыясынын таралмасынан Балхаш көлүнө жүз чакырым жетпеген жерлерди ээлеп калган. Иле дарыясы жалгыз казак, кыргыздар эмес, Цин мамлекетин да өзүнчө ажыраткан үч тараптуу чек болуп турган. 1760–1761-жылдары ''Черикчи бийге'' караштуу кыргыздын сарыбагыш, саяк уруулары Ат-Башы жана Ысык-Көлдүн чыгышындагы Кеген-Каркыраны конуштап отурганы белгиленет. 1763-ж. жай айы өтө ысык, жаансыз болуп, Балкаш көлүнүн түн жак тарабындагы жайыттар дээрлик күйүп кетип, малга от жер жок, Орто жүздөгү Абылай султан, Күлсары баатырлар орус бийлигине кайрылып, Иртыш өзөнүнүн оң жээгинен жайыт сурайт. Бирок алар терс жооп алып, 1764-жылдын башында Орто жүздөгү көп уруулары Иле боюна көчүүгө аргасыз болушкан. Натыйжада негизинен Балхашка чейинки Иле дарыясынын алабы, Чүй жана Талас сууларынын төмөнкү агымындагы конуш жерлер кыргыз-казактардын ортолорунда талашка түшкөн. Архив маалыматтары боюнча 1764-ж. Абылмамбет хан уулу Болот аркылуу Абылай султанга кат жиберип, кыргыздарды чаап келүүнү буюрган. 1764–1765-жылдары кыргыздар Иле тараптан казактарды үч жолу катуу талоонго алган. Кыргыздарга каршы жардам сураган Абылай султан 1764-жылы ноябрдын аягында 30 ак боз ат тартуулап, Оторчу баштаган 30 адамды Пекинге элчиликке аттандырган. Бирок, кимиси биринчи кол салганы тууралуу так маалымат азырынча жок. Анткени 1765-ж. июль айындагы «Абылайдын кыргыздарга чабуул кылышына катыштуу Цяньлундун жарлыгы» деген жооп катында император казактын 2000 колу менен алгач Абылпейиз (Абулфеис) султандын (1783-ж. өлгөн) кол салганын эскертет. Оозеки кабарларда казактан Кооман, Жапек, Качыке, Дөөлөт (чапырашты уругунан), Түлөөкабыл, Жайсаң (ботбай), Малдыбай жана Конушбайдын (кашкороо) баатырлардын ысымдары аталат. Ушундай чабыштардын биринде сарыбагыштардын колунан Качыке, солтолордун колунан Жайсаң, Кооман баатырлар каза тапкан. 1765-ж. башында Абылпейиз султан Талас өзөнүнүн боюндагы кыргыздын кытай уруусунун бийи ''Каработонун'' айылына чабуул кылган. Болжол менен ушул жылы июнь-август айларында Абылай султан Иле өзөнү тараптагы кыргыздарды чабууга аттанып келип, бирок өзү колго түшүп калган. Бул тууралуу 1765-ж. 2-ноябрда Орто жүзгө жасаган сапарынан кайтып келген тилмеч К. Казанбаев өзү баргандан «12 күн мурун Абылай султан куралданып, мурун өз улусун (казактарды) талап, жылкыларын айдап кеткени жана өзүнүн колго түшүп, ыза көргөнү үчүн көпчүлүгү кытайлыктардын карамагында турган кадимки кыргыздардан (киргис-кайсак эмес) кек алуу максатында» аттанып кеткендиктен, жолуга албай калганын билдирген. Тилмечтер К. Казанбаев, У. Азлаевдин 1766-ж. 31-августтагы билдирүүсү боюнча Абылай уулдары менен Улуу жүз ичинде болуп, кыргыз бийи Каработо ага өз уулун жана мал-жанына кошуп, 7 түтүн (башка маалыматта 9 түтүн) кишисин аманатка бергенде, Абылай колго түшкөндөрдү кайтарган. Ага карабай Каработонун кишилери казактардын айылын чаап, 500 кишини туткунга алып кеткен. 1768-ж. жазында Кудайменде баатыр, Дөөтбай тархан баштаган казактар Талас тараптагы кыргыздарга кол салган. Чабышта булардын экөө тең өлүп, алардын кунун кууп жана бир кызы менен беш миңге жакын малын кайтарып алмакка казактар Абылайга кайрылган. Ушул абалга байланыштуу Абылай уулу Валини аманат кылып бермекке 1768-ж. күзүндө Пекинге дагы бир жолу элчилерин жөнөтөт, бирок Цин өкмөтү Абылай кишилерин аманатка атак-даңк алууну гана көздөп жиберип жатканын эскертип, жардам бермек түгүл Валини шылдың кылып, кайра артка кайырган. Оренбургдун губернатору (1768–1781) И. А. Рейнсдорпко 1769-ж. жазган катында Абылай: «сырткы жоодон коргонуу үчүн оң миң, жакындагы душманга каршы миңге чейин жана ич ара иштерге 500 аскер берүүсүн» сураган. Бирок жооп ала алган эмес. 1771-ж. Абылмамбет хан көз жуумгандан кийин Түркстандагы Кожо Ахмед Йасауинин мечитинде хан көтөрүлүп, 1772-ж. Цин императору тарабынан дагы хан деп таанылган. 1772-ж. «сырткы душмандарды орус бийлигине баш ийдирүү үчүн» дагы бир жолу И. А. Рейнсдорпко кайрылган. Бул кайрылуусу жоопсуз калган. 1776-ж. 2-февралда өзүнүн орус бийлигине кылган кызматын жана жеке эрдиктерин көрсөтүп, өзүнө казактардын башка хандарынын үстүнөн караган «башкы хан» титулун ыйгарууну, ошондой эле жардамга курал-жарак, аскер берүүнү сурап, Екатерина IIге кат жазган. Абылай хандын минтип, кайра-кайра орус бийлигинен жардам сурап жаткан максатын өз өкмөтүнө түшүндүргөн тилмеч Я. Усманов: «башка эмес, кыргыздарга каршы, аларга туткунга кеткен түркстандыктарды куткарып, аларды (кыргыздарды) багындыруу» экенин жашыруун билдирген. Кыргыздар бир нече жолу Абылайга элчи жиберип, ортодогу мамилени оңдоого аракет кылышкан. Бул тууралуу Абылайдын аталаш тууганы, Султанмамбеттин уулу Орус султандын 1773-жылы июль айында Сибирь корпусунун командири (1771–1777) генерал-майор И. А. Деколонгко жазган 1-катында ортодогу жаңжалдарды токтотуу үчүн жакында тоолук кыргыздардан элчилер келип, Абылпейиз султандын бир уулун өзүлөрүнө хандыкка сураганын, бирок Абылпейиз ал маселени чече албай турганын билгизип, элчилерди кайра кайтарганы айтылат. Ошол эле жылдын 23-августта жазылган экинчи катында казак султандары Карабаш, Эшим, Дайырлар Абылайдан жардам сурап, тоолук кыргыздарга согуш ачып, аларды чаап алмак болгонун, ишенимдүү казактан укканы боюнча ал 600 тоолук кыргызды туткунга алып, жакында аларды дагы чаап алууга даярданып жатканын билдирген. Император Цяньлун 1774-ж. март айында окуянын качан болгонун эскербестен Мамлекеттик кеңешке буруттар (кыргыздар) өткөн жолу казактарды чаап-талаганын, үч ай өтпөй Абылай менен Абылпеиз кол курап барып, Карабалдан (Кара-Балта) деген жердеги согушта буруттар талкаланып, миңден ашыгы чыгым болгонун, көптөгөн мал-мүлкү олжого кетип, бурут ''Атакенин'' Таласка качканын, алардын ишине кийлигишүү такыр мүмкүн эместигин эскерткен. Казактардын бул чабуулуна жооп катары Садыр менен Жайыл баатырлар биригип, Түркстан шаарына чектеш Чолок-Коргон, Сузакка жортуул жасап, Улуу жүзгө караштуу казактардын айылын чаап, жылкысын айдап кетишкен. Алар жардам сурап, ботбай уруусунан Жоогачты өкүл кылып, Абылай ханга жиберишкен. Архив маалыматтарында орус бийлигинен бир нече жолу жардам сурап, бирок, эч майнап чыкпасын көргөндө, Абылай 1779-жылы Түркстан менен тоолук кыргыздар чектешкен ченге (кыргыз санжыраларында Түгүшкөн) көчүп кеткени айтылат. Ал жерден баласы Чыңгыз султан жана тууганы Абулфейиз султанды же келишип, же күчкө салып багындырып келүү үчүн аттандырган. Бирок, алардын жолу болбой, кайтып барган. Натыйжада, кыргыздарды чаап алуу үчүн өз балдарын, бийлерди жана казактын билермандарын чогултуп, кеңеш жасап, 1779-жылы (айы азырынча белгисиз) 12 миң кол жыйнап, жүрүшкө аттанган. Абылай колунун бир бөлүгүн Олуя-Атага, экинчисин Таластын Капкасындагы Садыр баатырга жана үчүнчүсүн Чүйгө жөнөткөн. Чүйдүн аягы Түйүшкөндөгү салгылашууда кыргыздардын атактуу бийлеринин 15 үй-бүлөсү менен колго түшүрүп (''Алымбектин санжырасында'' Жайыл жана Садыр балдары менен), бешөөсүн өзүнө калтырып, калгандарын туугандарына бөлүштүрүп берген. Кыргыздын оозеки маалыматтарында солтонун талкан уругу катуу жеңилип, Жайыл үч уулу менен туткунга түшкөн. Капыстан тийген жоого Садыр дагы туруштук бере албай туткунга алынган. Ушул согушта солто уруусуна жардамга келаткан саруунун айрым бөлүктөрү жаңылыш Абылайдын колуна туш болгон. «Эрдигинен солто өлдү, энөөлүгүнөн куу билек колпоч өлдү» деген сөз ошондон калган. «Саны алда канча көп жана жоокерчилик жөндөмү жагынан казактардан артыкчылык кылган кыргыздардын бул жеңилишинин» башкы себептери тууралуу өз бийлигине көрсөтмө берген орустун тыңчы-тилмечтери биринчиден, Абылайдын чабуулунун капысынан болуп, башында эле атактуу бийлеринин балдарынын колго түшүшү, экинчиден, Абылайдын кыргыздарды амал кылып, орус жана цин империясынын бийлигинин атынан коркутуп (мис., Абылай өз колундагы аскер качкыны Яков дегенди согуштук аммунициясы менен кыргыздарга көрсөткөн жана Иле дарыясынын боюнда жайгашкан циндик 500 аскерди мага жардамга келе жатат деп алдаган), жеңишке жеткенин көргөзүшөт. Кыргыздар жеңилгенден кийин алардын башчысы чоң бий ''Эсенгул баатыр'' 21 жаштагы ''Түлөберди Жамансарт уулун'' элчиликке жиберген. Түлөберди Абылай хандын кабыл алуусунда болуп, тирүү калган туткундарды бошотуп алган. Түлөберди кайтып келип, Абылай хандын чек ара маселеси боюнча кыргыздарга катуу талап койгонун билдирген. Эсенгул баатыр ошондо кыргыздын аттуу-баштууларын жыйнап, алар менен кеңешип, эки элдин ортолорундагы чек ара маселесин тактап, чукул арада чечүү керектигин сунуштайт. 1780-жылы сол канаттан Туума бий, Мама бий, солтодон ''Кебек бий'', Түлөберди баатыр, сарыбагыштан Эсенгул, Атаке, бугудан Бирназар, чекир саяктан Жанболот, Качыке, саяктан Сейит, Келдибектер кеңешип, кыргыз-казак жер чегин ажыратуу үчүн кайрадан Түлөбердини жөнөтүшкөн. Түлөберди Абылай хандын алдына келип, батыш жагынан Күйүктүн бели, Үч-Буурул, Түймөкент, Абылкайырдын колоту, Түйүшкөн, Курагаттынын Чүйгө куйган жеринен Чүйдүн суусун кечип өтүп, Чокмордун кайкысын басып, Иленин суусунун жээгине чейинки жерлер эзелтен кыргыздар ээлеп келгенин далилдеген. Абылайдын алдында чогулган казак бийлери ага макул болбой, акырында чыгышы Үч-Алматы, түндүгү Чокмордун белинен Курагаттынын Чүйгө куйган жери, батышы Кичи-Буурул – Чоң-Буурул, Күйүктүн бели, Терс суусу андан ары Чаткал суусунун аягы Бетегелүү Кой-Ташка чейинки жерлер кыргыздарга тиешелүү деп чечилген. Тынчтык мамилени сактап туруу үчүн кыргыздар Түлөбердини казактарга ак үйлүүгө көчүрүшкөн. Ушуну менен Бердикожо баатырдын 1785-жылы баштаган согушуна чейин эки тараптын мамилеси тынчыган. | ||
Ад.: Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. Б., 1993; Алымбектин санжырасы. Б., 2007; Материалы по истории кыргызов и Кыргызстана. Б., 2003. Т. 2; Жайыл баатыр: тарых, учур жана келечек. Эл аралык илимий пактикалык конференциянын материалдары. Б., 2006; Казахско-русские отношение в XVI-XVIII веков (Сб. документов и материалов). А., 1961; Цинская империя и казахские ханства (вторая половина XVIII–первая треть XIX в.), 2 часть. А., 1989; Аристов Н. А. Усуни и кыргызы или кара-кыргызы: очерки истории и быта населения Западного Тянь-Шаня и исследования по его исторической географии. Б., 2001; Валиханов Ч. Ч. Собр. Соч.. в 5 томах. А., 1961; Сулейменов Р. Б., Моисеев В. А. Из истории Казахстана. А., 1988; Левшин А.И''.'' Описание киргиз-казачьих орд и степей. А., 1996; Андреев И.Г. Описание Средней орды киргиз-кайсаков. А., 1998. | |||
Т. Асанов. | |||
[[Категория:1-Том]] |
16:40, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АБЫЛАЙ ХАНДЫН КЫРГЫЗДАРГА КАРШЫ ЖОРТУУЛДАРЫ – кыргыздарды каратып алуу максатында 18-кылымдын 60–80-жылдарындагы Абылай хандын (1771–1780) баскынчыл согуштук аракеттери. Бул мезгилде Борбордук Азияда агрессивдүү саясат жүргүзүп жаткан күчтүү хандыктардын бири – Жуңгар хандыгында (1635–1758) саясий-экономикалык кризистер күчөп, алсырай баштаган. Ал учурлар кыргыз санжырасында «он сан ойрот бузулганда» деп айтылып калган. Хандыктын тез алсырап, тез жоюлушуна Цин империясынын (1644–1912) агрессивдүү тышкы саясаты да өзгөчө таасир тийгизген. Жаңыдан түзүлгөн кырдаалга байланыштуу кыргыздар эзелки конуштарын кайра кайтарууну чечкен. Оозеки санжыраларында Маматкул бий, Кошой бийлер «өсүп-өнмөй бар, калмакты кууп чыгып, ата-бабалардан калган конушубуз, Чүйдүн аягы – Талас, Байгара, Жамбылды бошотолу, Иледен нары өтпөйлү» деп, жалпы эл менен кеңеш куруп, Чүй өрөөнүнө көчкөнү айтылат (кара: Кыргыздардын Чүйгө келиши). Натыйжада илгерки ата-бабаларынан калган Таластан Илеге чейинки жерлерди ар уруулар өз-өз бетинче коргоп калууну чечип, кушчу, саруу, кытай жана каба саяктар Талас жагын, чекир саяк Кочкордон Кегети – Ысык-Атага, солтолор Аксуу – Карабалтадан Олуя-Атага, сарыбагыштар Кеминден Илеге чейинки жерлерге орношо баштайт. Бул учурга тиешелүү кытай жана орус жазма маалыматтарында казактардын чек арасы Иртыш өзөнү менен түштүккө Нор-Зайсан көлүнө чейин, андан кытайлыктар койгон Тарбагатай тоосундагы бекет аркылуу Иле дарыясынын оң жээгине өткөнү белгиленет. Ал эми тоолук кыргыздар Ташкент шаарына сексен чакырым жетпей, Цуй (Чүй) суусунан имерилип, Иле дарыясынын таралмасынан Балхаш көлүнө жүз чакырым жетпеген жерлерди ээлеп калган. Иле дарыясы жалгыз казак, кыргыздар эмес, Цин мамлекетин да өзүнчө ажыраткан үч тараптуу чек болуп турган. 1760–1761-жылдары Черикчи бийге караштуу кыргыздын сарыбагыш, саяк уруулары Ат-Башы жана Ысык-Көлдүн чыгышындагы Кеген-Каркыраны конуштап отурганы белгиленет. 1763-ж. жай айы өтө ысык, жаансыз болуп, Балкаш көлүнүн түн жак тарабындагы жайыттар дээрлик күйүп кетип, малга от жер жок, Орто жүздөгү Абылай султан, Күлсары баатырлар орус бийлигине кайрылып, Иртыш өзөнүнүн оң жээгинен жайыт сурайт. Бирок алар терс жооп алып, 1764-жылдын башында Орто жүздөгү көп уруулары Иле боюна көчүүгө аргасыз болушкан. Натыйжада негизинен Балхашка чейинки Иле дарыясынын алабы, Чүй жана Талас сууларынын төмөнкү агымындагы конуш жерлер кыргыз-казактардын ортолорунда талашка түшкөн. Архив маалыматтары боюнча 1764-ж. Абылмамбет хан уулу Болот аркылуу Абылай султанга кат жиберип, кыргыздарды чаап келүүнү буюрган. 1764–1765-жылдары кыргыздар Иле тараптан казактарды үч жолу катуу талоонго алган. Кыргыздарга каршы жардам сураган Абылай султан 1764-жылы ноябрдын аягында 30 ак боз ат тартуулап, Оторчу баштаган 30 адамды Пекинге элчиликке аттандырган. Бирок, кимиси биринчи кол салганы тууралуу так маалымат азырынча жок. Анткени 1765-ж. июль айындагы «Абылайдын кыргыздарга чабуул кылышына катыштуу Цяньлундун жарлыгы» деген жооп катында император казактын 2000 колу менен алгач Абылпейиз (Абулфеис) султандын (1783-ж. өлгөн) кол салганын эскертет. Оозеки кабарларда казактан Кооман, Жапек, Качыке, Дөөлөт (чапырашты уругунан), Түлөөкабыл, Жайсаң (ботбай), Малдыбай жана Конушбайдын (кашкороо) баатырлардын ысымдары аталат. Ушундай чабыштардын биринде сарыбагыштардын колунан Качыке, солтолордун колунан Жайсаң, Кооман баатырлар каза тапкан. 1765-ж. башында Абылпейиз султан Талас өзөнүнүн боюндагы кыргыздын кытай уруусунун бийи Каработонун айылына чабуул кылган. Болжол менен ушул жылы июнь-август айларында Абылай султан Иле өзөнү тараптагы кыргыздарды чабууга аттанып келип, бирок өзү колго түшүп калган. Бул тууралуу 1765-ж. 2-ноябрда Орто жүзгө жасаган сапарынан кайтып келген тилмеч К. Казанбаев өзү баргандан «12 күн мурун Абылай султан куралданып, мурун өз улусун (казактарды) талап, жылкыларын айдап кеткени жана өзүнүн колго түшүп, ыза көргөнү үчүн көпчүлүгү кытайлыктардын карамагында турган кадимки кыргыздардан (киргис-кайсак эмес) кек алуу максатында» аттанып кеткендиктен, жолуга албай калганын билдирген. Тилмечтер К. Казанбаев, У. Азлаевдин 1766-ж. 31-августтагы билдирүүсү боюнча Абылай уулдары менен Улуу жүз ичинде болуп, кыргыз бийи Каработо ага өз уулун жана мал-жанына кошуп, 7 түтүн (башка маалыматта 9 түтүн) кишисин аманатка бергенде, Абылай колго түшкөндөрдү кайтарган. Ага карабай Каработонун кишилери казактардын айылын чаап, 500 кишини туткунга алып кеткен. 1768-ж. жазында Кудайменде баатыр, Дөөтбай тархан баштаган казактар Талас тараптагы кыргыздарга кол салган. Чабышта булардын экөө тең өлүп, алардын кунун кууп жана бир кызы менен беш миңге жакын малын кайтарып алмакка казактар Абылайга кайрылган. Ушул абалга байланыштуу Абылай уулу Валини аманат кылып бермекке 1768-ж. күзүндө Пекинге дагы бир жолу элчилерин жөнөтөт, бирок Цин өкмөтү Абылай кишилерин аманатка атак-даңк алууну гана көздөп жиберип жатканын эскертип, жардам бермек түгүл Валини шылдың кылып, кайра артка кайырган. Оренбургдун губернатору (1768–1781) И. А. Рейнсдорпко 1769-ж. жазган катында Абылай: «сырткы жоодон коргонуу үчүн оң миң, жакындагы душманга каршы миңге чейин жана ич ара иштерге 500 аскер берүүсүн» сураган. Бирок жооп ала алган эмес. 1771-ж. Абылмамбет хан көз жуумгандан кийин Түркстандагы Кожо Ахмед Йасауинин мечитинде хан көтөрүлүп, 1772-ж. Цин императору тарабынан дагы хан деп таанылган. 1772-ж. «сырткы душмандарды орус бийлигине баш ийдирүү үчүн» дагы бир жолу И. А. Рейнсдорпко кайрылган. Бул кайрылуусу жоопсуз калган. 1776-ж. 2-февралда өзүнүн орус бийлигине кылган кызматын жана жеке эрдиктерин көрсөтүп, өзүнө казактардын башка хандарынын үстүнөн караган «башкы хан» титулун ыйгарууну, ошондой эле жардамга курал-жарак, аскер берүүнү сурап, Екатерина IIге кат жазган. Абылай хандын минтип, кайра-кайра орус бийлигинен жардам сурап жаткан максатын өз өкмөтүнө түшүндүргөн тилмеч Я. Усманов: «башка эмес, кыргыздарга каршы, аларга туткунга кеткен түркстандыктарды куткарып, аларды (кыргыздарды) багындыруу» экенин жашыруун билдирген. Кыргыздар бир нече жолу Абылайга элчи жиберип, ортодогу мамилени оңдоого аракет кылышкан. Бул тууралуу Абылайдын аталаш тууганы, Султанмамбеттин уулу Орус султандын 1773-жылы июль айында Сибирь корпусунун командири (1771–1777) генерал-майор И. А. Деколонгко жазган 1-катында ортодогу жаңжалдарды токтотуу үчүн жакында тоолук кыргыздардан элчилер келип, Абылпейиз султандын бир уулун өзүлөрүнө хандыкка сураганын, бирок Абылпейиз ал маселени чече албай турганын билгизип, элчилерди кайра кайтарганы айтылат. Ошол эле жылдын 23-августта жазылган экинчи катында казак султандары Карабаш, Эшим, Дайырлар Абылайдан жардам сурап, тоолук кыргыздарга согуш ачып, аларды чаап алмак болгонун, ишенимдүү казактан укканы боюнча ал 600 тоолук кыргызды туткунга алып, жакында аларды дагы чаап алууга даярданып жатканын билдирген. Император Цяньлун 1774-ж. март айында окуянын качан болгонун эскербестен Мамлекеттик кеңешке буруттар (кыргыздар) өткөн жолу казактарды чаап-талаганын, үч ай өтпөй Абылай менен Абылпеиз кол курап барып, Карабалдан (Кара-Балта) деген жердеги согушта буруттар талкаланып, миңден ашыгы чыгым болгонун, көптөгөн мал-мүлкү олжого кетип, бурут Атакенин Таласка качканын, алардын ишине кийлигишүү такыр мүмкүн эместигин эскерткен. Казактардын бул чабуулуна жооп катары Садыр менен Жайыл баатырлар биригип, Түркстан шаарына чектеш Чолок-Коргон, Сузакка жортуул жасап, Улуу жүзгө караштуу казактардын айылын чаап, жылкысын айдап кетишкен. Алар жардам сурап, ботбай уруусунан Жоогачты өкүл кылып, Абылай ханга жиберишкен. Архив маалыматтарында орус бийлигинен бир нече жолу жардам сурап, бирок, эч майнап чыкпасын көргөндө, Абылай 1779-жылы Түркстан менен тоолук кыргыздар чектешкен ченге (кыргыз санжыраларында Түгүшкөн) көчүп кеткени айтылат. Ал жерден баласы Чыңгыз султан жана тууганы Абулфейиз султанды же келишип, же күчкө салып багындырып келүү үчүн аттандырган. Бирок, алардын жолу болбой, кайтып барган. Натыйжада, кыргыздарды чаап алуу үчүн өз балдарын, бийлерди жана казактын билермандарын чогултуп, кеңеш жасап, 1779-жылы (айы азырынча белгисиз) 12 миң кол жыйнап, жүрүшкө аттанган. Абылай колунун бир бөлүгүн Олуя-Атага, экинчисин Таластын Капкасындагы Садыр баатырга жана үчүнчүсүн Чүйгө жөнөткөн. Чүйдүн аягы Түйүшкөндөгү салгылашууда кыргыздардын атактуу бийлеринин 15 үй-бүлөсү менен колго түшүрүп (Алымбектин санжырасында Жайыл жана Садыр балдары менен), бешөөсүн өзүнө калтырып, калгандарын туугандарына бөлүштүрүп берген. Кыргыздын оозеки маалыматтарында солтонун талкан уругу катуу жеңилип, Жайыл үч уулу менен туткунга түшкөн. Капыстан тийген жоого Садыр дагы туруштук бере албай туткунга алынган. Ушул согушта солто уруусуна жардамга келаткан саруунун айрым бөлүктөрү жаңылыш Абылайдын колуна туш болгон. «Эрдигинен солто өлдү, энөөлүгүнөн куу билек колпоч өлдү» деген сөз ошондон калган. «Саны алда канча көп жана жоокерчилик жөндөмү жагынан казактардан артыкчылык кылган кыргыздардын бул жеңилишинин» башкы себептери тууралуу өз бийлигине көрсөтмө берген орустун тыңчы-тилмечтери биринчиден, Абылайдын чабуулунун капысынан болуп, башында эле атактуу бийлеринин балдарынын колго түшүшү, экинчиден, Абылайдын кыргыздарды амал кылып, орус жана цин империясынын бийлигинин атынан коркутуп (мис., Абылай өз колундагы аскер качкыны Яков дегенди согуштук аммунициясы менен кыргыздарга көрсөткөн жана Иле дарыясынын боюнда жайгашкан циндик 500 аскерди мага жардамга келе жатат деп алдаган), жеңишке жеткенин көргөзүшөт. Кыргыздар жеңилгенден кийин алардын башчысы чоң бий Эсенгул баатыр 21 жаштагы Түлөберди Жамансарт уулун элчиликке жиберген. Түлөберди Абылай хандын кабыл алуусунда болуп, тирүү калган туткундарды бошотуп алган. Түлөберди кайтып келип, Абылай хандын чек ара маселеси боюнча кыргыздарга катуу талап койгонун билдирген. Эсенгул баатыр ошондо кыргыздын аттуу-баштууларын жыйнап, алар менен кеңешип, эки элдин ортолорундагы чек ара маселесин тактап, чукул арада чечүү керектигин сунуштайт. 1780-жылы сол канаттан Туума бий, Мама бий, солтодон Кебек бий, Түлөберди баатыр, сарыбагыштан Эсенгул, Атаке, бугудан Бирназар, чекир саяктан Жанболот, Качыке, саяктан Сейит, Келдибектер кеңешип, кыргыз-казак жер чегин ажыратуу үчүн кайрадан Түлөбердини жөнөтүшкөн. Түлөберди Абылай хандын алдына келип, батыш жагынан Күйүктүн бели, Үч-Буурул, Түймөкент, Абылкайырдын колоту, Түйүшкөн, Курагаттынын Чүйгө куйган жеринен Чүйдүн суусун кечип өтүп, Чокмордун кайкысын басып, Иленин суусунун жээгине чейинки жерлер эзелтен кыргыздар ээлеп келгенин далилдеген. Абылайдын алдында чогулган казак бийлери ага макул болбой, акырында чыгышы Үч-Алматы, түндүгү Чокмордун белинен Курагаттынын Чүйгө куйган жери, батышы Кичи-Буурул – Чоң-Буурул, Күйүктүн бели, Терс суусу андан ары Чаткал суусунун аягы Бетегелүү Кой-Ташка чейинки жерлер кыргыздарга тиешелүү деп чечилген. Тынчтык мамилени сактап туруу үчүн кыргыздар Түлөбердини казактарга ак үйлүүгө көчүрүшкөн. Ушуну менен Бердикожо баатырдын 1785-жылы баштаган согушуна чейин эки тараптын мамилеси тынчыган.
Ад.: Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. Б., 1993; Алымбектин санжырасы. Б., 2007; Материалы по истории кыргызов и Кыргызстана. Б., 2003. Т. 2; Жайыл баатыр: тарых, учур жана келечек. Эл аралык илимий пактикалык конференциянын материалдары. Б., 2006; Казахско-русские отношение в XVI-XVIII веков (Сб. документов и материалов). А., 1961; Цинская империя и казахские ханства (вторая половина XVIII–первая треть XIX в.), 2 часть. А., 1989; Аристов Н. А. Усуни и кыргызы или кара-кыргызы: очерки истории и быта населения Западного Тянь-Шаня и исследования по его исторической географии. Б., 2001; Валиханов Ч. Ч. Собр. Соч.. в 5 томах. А., 1961; Сулейменов Р. Б., Моисеев В. А. Из истории Казахстана. А., 1988; Левшин А.И. Описание киргиз-казачьих орд и степей. А., 1996; Андреев И.Г. Описание Средней орды киргиз-кайсаков. А., 1998.
Т. Асанов.