Difference between revisions of "ШАХ-ФАЗИЛ күмбөзү"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)
 
(4 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
[[Файл:1Шах-Фазил.jpg|left|thumb|Комплекстин негизги дарбазасы]]

[[Файл:Күмбөзү.jpg|thumb]]
'''ШАХ-ФАЗИЛ''' '''күмбөзү''' – ар кайсы доорлордун эстеликтерин бириктирген Орто Азия архитектурасынын чоң тарыхый-архитектуралык комплекси. Кыргызстандын Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Гулистан айылында Кербен шаарынан 10 километр алыстыкта жайгашкан. Аксы районунан Ала-Бука аймагына өткөн кезде сол тараптан Үңкүр-Тоо (Уңгар-Тоо) көрүнөт. Анын күн батыш тарабында айтылуу Шах-Фазилдин күмбөзү жайгашкан Сафед-Булан айылы орун алган. Бул аймакта уникалдуу эстеликтер көп болгондуктан, 1999-жылы '''ЮНЕСКОнун''' бүткүл дүйнөлүк тарыхый эстеликтерди каттоого алуу тизмесине киргизилген. Күмбөз Караханиддер дооруна (XI кылым) таандык диний имараттардын комплексине кирет.  Анын илимий жана тарыхый мааниси чоң, анткени ал Борбордук Азиядагы байыркы фаллик маданиятынын изин ачкан жалгыз комплекс. Бул комплекстин өзү исламга чейинки доордо ыйык Арча-Мазар тоосунда фаллик  маданиятынын корук жайы катары пайда болгонун көрсөтүп турат.
'''ШАХ-ФАЗИЛ''' күмбөзү – ар кайсы доорлордун эстеликтерин бириктирген Орто Азия архитектурасынын чоң тарыхый-архитектуралык комплекси. Кыргызстандын Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Гулистан айылында Кербен шаарынан 10 километр алыстыкта жайгашкан. Аксы районунан Ала-Бука аймагына өткөн кезде сол тараптан Үңкүр-Тоо (Уңгар-Тоо) көрүнөт. Анын күн батыш тарабында айтылуу Шах-Фазилдин күмбөзү жайгашкан Сафед-Булан айылы орун алган. Бул аймакта уникалдуу эстеликтер көп болгондуктан, 1999-жылы '''ЮНЕСКОнун''' бүткүл дүйнөлүк тарыхый эстеликтерди каттоого алуу тизмесине киргизилген. Күмбөз Караханиддер дооруна (XI кылым) таандык диний имараттардын комплексине кирет.  Анын илимий жана тарыхый мааниси чоң, анткени ал Борбордук Азиядагы байыркы фаллик маданиятынын изин ачкан жалгыз комплекс. Бул комплекстин өзү исламга чейинки доордо ыйык Арча-Мазар тоосунда фаллик  маданиятынын корук жайы катары пайда болгонун көрсөтүп турат.

Кийинчерээк комплекске тоонун өзүнөн тышкары ислам доорунун ар кандай мезгилдеринин эстеликтери: XIX кылымдагы Аламбердар күмбөзү, ыйык дервиш үңкүрү, 2772 араб шейиттери өлтүрүлгөн Кыргын-Мачет, XVIII–XIX кылымдарга таандык мечит, XI кылымга таандык Шах-Фазил күмбөзү, анын жанында фаллус түрүндөгү вертикалдуу орнотулган таш, ошондой эле XIX кылымдын мавзолейи «Сафед-Булан» тургузулган.

[[Файл:Сафед буландын.jpg|left|thumb|181x181px|Сафед-Булан күйөөгө тийбей өткөндүктөн, анын күмбөзүнө эркектерге кирүүгө тыюу салынган.]]

[[Файл:Ак аял.jpg|thumb|264x264px|Сафед-Булан - Ак аял]]
Эстеликтердин мүнөздүү өзгөчөлүгү болуп көк, ачык көк, сары жана кызыл түстөгү жарым-жартылай жарыктандыруу менен оюм-чийимдик ганч оюмдары менен берилген ички жасалгалардын байлыгы менен тышкы аскетизмдин айкалышы эсептелет. Бул чарчы курулуш оригиналдуу формадагы тепкичтүү барабан жана бийик күмбөз жайгашкан массалык кесилген пирамида түрүндө жасалган. Күмбөздүн ичи жерден шыпка чейин кооз ганч оюмдары менен капталган. Комплекстин курулушу Мухаммед пайгамбардын урпагы – Шах Жарир баштаган арабдардын исламды жайылтуу үчүн бул жерлерге жасаган жортуулу жөнүндөгү уламыш менен байланыштуу. Тарыхый маалыматтарга караганда Шах-Жарир ислам динин жайылтуу максатында 10 миң аскери менен Фергана өрөөнүнө жортуулга чыгат. Азыркы Аксы, Ала-Бука аймагындагы Үңкүр-Тоого чейин басып келишип, жергиликтүү эл менен убактылуу отурукташып калат. Ошол учурда жергиликтүү эл ислам дининде жума намазы ыйык экенин билип, намаз окулуп жаткан учурда аскерлерге кол салууну чечет. Шах-Жарирдин аскерлеринин баштары жума намазын окуп жатканда алына баштайт. Чоң жоготуудан соң Шах-Жарир калган аскерлери менен артка качат. Шах-Жарирдин теги африкалык болгон кара тору Булан аттуу күң кызы кожоюнун издеп жүрүп, жума намазда каза болгон 2772 араб аскеринин кесилген башын жууп, жерге берген деп эл оозунда айтылат. Сыйкыр менен кара терилүү Булан агарып, Сафед-Булан аттуу сулуу ак жуумал аялга айланган экен. Учурда араб аскерлери көмүлгөн жер Шейиттер кабыры, ал эми Шах-Жарирдин уулу көмүлгөн жер Шах-Фазил күмбөзү деп аталат. Шах-Жарирдин ишин анын уулу Шах-Фазил уланткан.

'''УНИКАЛДУУ КУРУЛУШ'''
[[Файл:Жазуулар араб.jpg|left|thumb|Шах-Фазилдин күмбөзүндө таштарга жана дубалдарга эски араб жазмасы түшүрүлгөн.]]
 
«Сафед-Булан» компексинин негизги тарыхый эстеликтери Караханийлер мамлекети ислам динин кабыл алгандан кийин пайда болгон. Башкача айтканда, X–XII кылымдарда Шах-Фазил күмбөзү курулуп, ыйык жайлардын бирине айланган. Бара-бара бул аймак эл оозуна алынып отуруп, маанилүү маселелер кабыл алынчу, курултай өткөрүүчү жер болгон. Мунун мисалы, 1842-жылы Сафед-Булан мазарында Кокон ханы Шералы Нүзүп бийдин жардамы менен хан көтөрүлгөн. Ушул эле жерде 1873-жылы Аксы, Чаткал жана Ала-Бука эли Исхак Хасан уулун Полот хан деп атап, хан көтөрүшкөн. Мындан улам Сафед-Булан аймагы тарыхый окуялардын чордонуна айланган. Аталган комплекстин ичиндеги байыркы араб тилиндеги жазууларды үч кылымдан бери окумуштуулар толук окуп бүтө элек. Учурунда Шах-Фазил күмбөзү жана андагы таш жазуулар улуу окумуштуу академиктер В. В. Бартольд, А. Н. Бернштам, Б. Н. Засыпкин жана башка көптөгөн археологдор тарабынан иликтенип, анын уникалдуу тарыхый эстелик экендиги далилденген. Калыбына келтирүү иштери 1980-жылдары, андан кийин дагы 2003-жылы жүргүзүлгөн. Бардык эстеликтер эбактан бери Орто Азия мусулмандарынын зыярат кылуучу жайы болуп келген.

14 -сап: 13 -сап:

«Сафед-Булан» тарыхый-мемориалдык компекси курулгандан бери аз-аздан түзөтүүгө дуушар болуп келген. Советтер Союзу учурунда 1980-жылдары толук реставрациядан өткөрүлүп, бирок бул жерге көпчүлүк киргизилген эмес. Буга ошол учурдагы динге болгон көз караш себеп болгон. Кыргызстан эгемендүүлүктү алган соң «Сафед-Буландын» эшиктери жергиликтүү калк үчүн ачылып, бара-бара чет өлкөлүк туристтерди да кабыл ала баштаган. Тарыхый аймакты зыярат кылуу максатында АКШ, Венгрия, Польша, Өзбекстан, Орусия жана башка өлкөлөрдөн жылына 3-4 миңдей адам келет.

[[Категория:Жаңы макалалар]]

11:12, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

Комплекстин негизги дарбазасы

ШАХ-ФАЗИЛ күмбөзү – ар кайсы доорлордун эстеликтерин бириктирген Орто Азия архитектурасынын чоң тарыхый-архитектуралык комплекси. Кыргызстандын Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Гулистан айылында Кербен шаарынан 10 километр алыстыкта жайгашкан. Аксы районунан Ала-Бука аймагына өткөн кезде сол тараптан Үңкүр-Тоо (Уңгар-Тоо) көрүнөт. Анын күн батыш тарабында айтылуу Шах-Фазилдин күмбөзү жайгашкан Сафед-Булан айылы орун алган. Бул аймакта уникалдуу эстеликтер көп болгондуктан, 1999-жылы ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк тарыхый эстеликтерди каттоого алуу тизмесине киргизилген. Күмбөз Караханиддер дооруна (XI кылым) таандык диний имараттардын комплексине кирет. Анын илимий жана тарыхый мааниси чоң, анткени ал Борбордук Азиядагы байыркы фаллик маданиятынын изин ачкан жалгыз комплекс. Бул комплекстин өзү исламга чейинки доордо ыйык Арча-Мазар тоосунда фаллик  маданиятынын корук жайы катары пайда болгонун көрсөтүп турат.

Кийинчерээк комплекске тоонун өзүнөн тышкары ислам доорунун ар кандай мезгилдеринин эстеликтери: XIX кылымдагы Аламбердар күмбөзү, ыйык дервиш үңкүрү, 2772 араб шейиттери өлтүрүлгөн Кыргын-Мачет, XVIII–XIX кылымдарга таандык мечит, XI кылымга таандык Шах-Фазил күмбөзү, анын жанында фаллус түрүндөгү вертикалдуу орнотулган таш, ошондой эле XIX кылымдын мавзолейи «Сафед-Булан» тургузулган.

Сафед-Булан күйөөгө тийбей өткөндүктөн, анын күмбөзүнө эркектерге кирүүгө тыюу салынган.
Сафед-Булан - Ак аял

Эстеликтердин мүнөздүү өзгөчөлүгү болуп көк, ачык көк, сары жана кызыл түстөгү жарым-жартылай жарыктандыруу менен оюм-чийимдик ганч оюмдары менен берилген ички жасалгалардын байлыгы менен тышкы аскетизмдин айкалышы эсептелет. Бул чарчы курулуш оригиналдуу формадагы тепкичтүү барабан жана бийик күмбөз жайгашкан массалык кесилген пирамида түрүндө жасалган. Күмбөздүн ичи жерден шыпка чейин кооз ганч оюмдары менен капталган. Комплекстин курулушу Мухаммед пайгамбардын урпагы – Шах Жарир баштаган арабдардын исламды жайылтуу үчүн бул жерлерге жасаган жортуулу жөнүндөгү уламыш менен байланыштуу. Тарыхый маалыматтарга караганда Шах-Жарир ислам динин жайылтуу максатында 10 миң аскери менен Фергана өрөөнүнө жортуулга чыгат. Азыркы Аксы, Ала-Бука аймагындагы Үңкүр-Тоого чейин басып келишип, жергиликтүү эл менен убактылуу отурукташып калат. Ошол учурда жергиликтүү эл ислам дининде жума намазы ыйык экенин билип, намаз окулуп жаткан учурда аскерлерге кол салууну чечет. Шах-Жарирдин аскерлеринин баштары жума намазын окуп жатканда алына баштайт. Чоң жоготуудан соң Шах-Жарир калган аскерлери менен артка качат. Шах-Жарирдин теги африкалык болгон кара тору Булан аттуу күң кызы кожоюнун издеп жүрүп, жума намазда каза болгон 2772 араб аскеринин кесилген башын жууп, жерге берген деп эл оозунда айтылат. Сыйкыр менен кара терилүү Булан агарып, Сафед-Булан аттуу сулуу ак жуумал аялга айланган экен. Учурда араб аскерлери көмүлгөн жер Шейиттер кабыры, ал эми Шах-Жарирдин уулу көмүлгөн жер Шах-Фазил күмбөзү деп аталат. Шах-Жарирдин ишин анын уулу Шах-Фазил уланткан.

Шах-Фазилдин күмбөзүндө таштарга жана дубалдарга эски араб жазмасы түшүрүлгөн.

«Сафед-Булан» компексинин негизги тарыхый эстеликтери Караханийлер мамлекети ислам динин кабыл алгандан кийин пайда болгон. Башкача айтканда, X–XII кылымдарда Шах-Фазил күмбөзү курулуп, ыйык жайлардын бирине айланган. Бара-бара бул аймак эл оозуна алынып отуруп, маанилүү маселелер кабыл алынчу, курултай өткөрүүчү жер болгон. Мунун мисалы, 1842-жылы Сафед-Булан мазарында Кокон ханы Шералы Нүзүп бийдин жардамы менен хан көтөрүлгөн. Ушул эле жерде 1873-жылы Аксы, Чаткал жана Ала-Бука эли Исхак Хасан уулун Полот хан деп атап, хан көтөрүшкөн. Мындан улам Сафед-Булан аймагы тарыхый окуялардын чордонуна айланган. Аталган комплекстин ичиндеги байыркы араб тилиндеги жазууларды үч кылымдан бери окумуштуулар толук окуп бүтө элек. Учурунда Шах-Фазил күмбөзү жана андагы таш жазуулар улуу окумуштуу академиктер В. В. Бартольд, А. Н. Бернштам, Б. Н. Засыпкин жана башка көптөгөн археологдор тарабынан иликтенип, анын уникалдуу тарыхый эстелик экендиги далилденген. Калыбына келтирүү иштери 1980-жылдары, андан кийин дагы 2003-жылы жүргүзүлгөн. Бардык эстеликтер эбактан бери Орто Азия мусулмандарынын зыярат кылуучу жайы болуп келген.

Жылына 3-4 миңдей адам зыяратка келет