Difference between revisions of "САРТБАЕВА Кайыргүл Сартбаевна"
м (→top: категория кошуу) |
|||
(3 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
САРТБАЕВА Кайыргүл Сартбаевна (20. 6. 1936, Токтогул району, Кемин өрөөнүндөгү Кара-Булак айылы) – советтик жана кыргыз опера ырчысы (лирикалык-драмалык сопрано), Кыргыз ССР эл артисти (1974), СССР эл артисти (1980). | '''САРТБАЕВА Кайыргүл Сартбаевна''' (20. 6. 1936, Токтогул району, Кемин өрөөнүндөгү Кара-Булак айылы) – советтик жана кыргыз опера ырчысы (лирикалык-драмалык сопрано), Кыргыз ССР эл артисти (1974), СССР эл артисти (1980). | ||
[[Файл:Жаш.jpg|left|thumb]] | [[Файл:Жаш.jpg|left|thumb]] | ||
Анын ысымы 1960–1980-жылдардагы кыргыз музыка маданиятынын тарыхында сакталып калган. Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадио берүү корпорациясынын «Алтын фондуна» ырчынын аткаруусундагы 600гө жакын ария, романс жана ырлардын жазуулары кирген. К. Сартбаеванын вокалы – бай тембрдеги жана кең диапазондогу лирикалык-драмалык сопрано. | Анын ысымы 1960–1980-жылдардагы кыргыз музыка маданиятынын тарыхында сакталып калган. Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадио берүү корпорациясынын «Алтын фондуна» ырчынын аткаруусундагы 600гө жакын ария, романс жана ырлардын жазуулары кирген. К. Сартбаеванын вокалы – бай тембрдеги жана кең диапазондогу лирикалык-драмалык сопрано. | ||
5 -сап: | 5 -сап: | ||
'''Өмүр баяны''' | '''Өмүр баяны''' | ||
К. Сартбаева бала кезинен эле ырга жакын болуп, жакшы көргөн обондорун талыкпай созо берчү. 1954-жылы республиканын борборунда курулган жаңы «Спартак» стадионунда «Ыр майрамы» республикалык фестивалы өткөн. Мындай иш-чара биринчи жолу өтүп жаткандыктан, албетте, ага катышууну каалагандар көп болгон. Алардын арасында өзгөчө үнү бар Кайыргүл Сартбаева да жүргөн. Фестивалга республиканын жетекчилери, көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлер: Жогорку Советтин Президиумунун төрагасы Төрөбай Кулатов, маданият министри Абдыкайыр Казакбаев да | К. Сартбаева бала кезинен эле ырга жакын болуп, жакшы көргөн обондорун талыкпай созо берчү. 1954-жылы республиканын борборунда курулган жаңы «Спартак» стадионунда «Ыр майрамы» республикалык фестивалы өткөн. Мындай иш-чара биринчи жолу өтүп жаткандыктан, албетте, ага катышууну каалагандар көп болгон. Алардын арасында өзгөчө үнү бар Кайыргүл Сартбаева да жүргөн. Фестивалга республиканын жетекчилери, көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлер: Жогорку Советтин Президиумунун төрагасы Төрөбай Кулатов, маданият министри Абдыкайыр Казакбаев да катышкан эле. А. Казакбаев кийин Кайыргүлдүн тагдырында олуттуу ролду ойноду. Республика үчүн таланттын мааниси канчалык зор болгонун баамдап, Кайыргүлгө Москвага окууга өтүүгө жардам берген. | ||
1954-жылы К. Сартбаева П. И. Чайковский атындагы Москва консерваториясына караштуу Мерзляковский атындагы Москва окуу жайына тапшырган. Үч жылдан кийин ал консерваторияга – профессор В. Ф. Рождественскаянын классына өткөн (1957). Ошентип, Кайыргүлдү оор окуу күндөрү, максатка умтулган жана жанын аябастан, талыкпай эмгектенген жылдар күтүп турган. Ата-энесинен эрте ажыраган Кайрыгүл эжелери Бурул, Накий, Жаңыл менен талыкпаган эмгегинин аркасында элдин көзүнө илиништи. Ырчынын чыгармачылык ишмердигинин өнүгүшүнө эбегейсиз зор колдоону республиканын Москвадагы элчиси С. Турсунов көрсөткөн. Москвадагы сегиз жылдык окуу Кайыргүл Сартбаева үчүн өтө көп мүмкүнчүлүктөргө жол ачты. Белгилүү маданият ишмерлери менен жолугушуулар, симфоникалык жана вокалдык музыканын концерттерине баруу, чоң театр, МАХАТ, Пушкин, Вахрушин музейлери жана Москванын өзүнүн атмосферасы келечектеги кыргыз ырчысынын талантынын өнүгүшүнө, ички дүйнөсүнүн байышына чоң таасирин тийгизди. | 1954-жылы К. Сартбаева П. И. Чайковский атындагы Москва консерваториясына караштуу Мерзляковский атындагы Москва окуу жайына тапшырган. Үч жылдан кийин ал консерваторияга – профессор В. Ф. Рождественскаянын классына өткөн (1957). Ошентип, Кайыргүлдү оор окуу күндөрү, максатка умтулган жана жанын аябастан, талыкпай эмгектенген жылдар күтүп турган. Ата-энесинен эрте ажыраган Кайрыгүл эжелери Бурул, Накий, Жаңыл менен талыкпаган эмгегинин аркасында элдин көзүнө илиништи. Ырчынын чыгармачылык ишмердигинин өнүгүшүнө эбегейсиз зор колдоону республиканын Москвадагы элчиси С. Турсунов көрсөткөн. Москвадагы сегиз жылдык окуу Кайыргүл Сартбаева үчүн өтө көп мүмкүнчүлүктөргө жол ачты. Белгилүү маданият ишмерлери менен жолугушуулар, симфоникалык жана вокалдык музыканын концерттерине баруу, чоң театр, МАХАТ, Пушкин, Вахрушин музейлери жана Москванын өзүнүн атмосферасы келечектеги кыргыз ырчысынын талантынын өнүгүшүнө, ички дүйнөсүнүн байышына чоң таасирин тийгизди. | ||
52 -сап: | 52 -сап: | ||
· «Князь Игорь» – Ярославна | · «Князь Игорь» – Ярославна | ||
[[Файл:С известными.jpg|thumb]] | |||
· «Дон Жуан» – Донна Анна | · «Дон Жуан» – Донна Анна | ||
82 -сап: | 82 -сап: | ||
· «Сепил» – Акбийке | · «Сепил» – Акбийке | ||
[[Файл:Композитор.jpg|thumb]] | |||
· «Ак-Мөөр» – Ак Мөөр | · «Ак-Мөөр» – Ак Мөөр | ||
94 -сап: | 94 -сап: | ||
Ошондой эле «Токтогул», «Жамийла», «Олжобай менен Кишимжан», «Аста, секин колукту», «Алтын кыз», «Аршин мал алан» операларында башкы каармандардын образын түзгөн. Москвадагы Чоң театрда Баттерфляй, Маргарита, Татьянанын партияларын аткарган. К. Сартбаева кыргыз, орус композиторлорунун ырларын, романстарын чебер аткаруучу катары белгилүү. | Ошондой эле «Токтогул», «Жамийла», «Олжобай менен Кишимжан», «Аста, секин колукту», «Алтын кыз», «Аршин мал алан» операларында башкы каармандардын образын түзгөн. Москвадагы Чоң театрда Баттерфляй, Маргарита, Татьянанын партияларын аткарган. К. Сартбаева кыргыз, орус композиторлорунун ырларын, романстарын чебер аткаруучу катары белгилүү. | ||
[[Категория:Жаңы макалалар]] |
11:12, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
САРТБАЕВА Кайыргүл Сартбаевна (20. 6. 1936, Токтогул району, Кемин өрөөнүндөгү Кара-Булак айылы) – советтик жана кыргыз опера ырчысы (лирикалык-драмалык сопрано), Кыргыз ССР эл артисти (1974), СССР эл артисти (1980).
Анын ысымы 1960–1980-жылдардагы кыргыз музыка маданиятынын тарыхында сакталып калган. Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадио берүү корпорациясынын «Алтын фондуна» ырчынын аткаруусундагы 600гө жакын ария, романс жана ырлардын жазуулары кирген. К. Сартбаеванын вокалы – бай тембрдеги жана кең диапазондогу лирикалык-драмалык сопрано.
Өмүр баяны
К. Сартбаева бала кезинен эле ырга жакын болуп, жакшы көргөн обондорун талыкпай созо берчү. 1954-жылы республиканын борборунда курулган жаңы «Спартак» стадионунда «Ыр майрамы» республикалык фестивалы өткөн. Мындай иш-чара биринчи жолу өтүп жаткандыктан, албетте, ага катышууну каалагандар көп болгон. Алардын арасында өзгөчө үнү бар Кайыргүл Сартбаева да жүргөн. Фестивалга республиканын жетекчилери, көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлер: Жогорку Советтин Президиумунун төрагасы Төрөбай Кулатов, маданият министри Абдыкайыр Казакбаев да катышкан эле. А. Казакбаев кийин Кайыргүлдүн тагдырында олуттуу ролду ойноду. Республика үчүн таланттын мааниси канчалык зор болгонун баамдап, Кайыргүлгө Москвага окууга өтүүгө жардам берген.
1954-жылы К. Сартбаева П. И. Чайковский атындагы Москва консерваториясына караштуу Мерзляковский атындагы Москва окуу жайына тапшырган. Үч жылдан кийин ал консерваторияга – профессор В. Ф. Рождественскаянын классына өткөн (1957). Ошентип, Кайыргүлдү оор окуу күндөрү, максатка умтулган жана жанын аябастан, талыкпай эмгектенген жылдар күтүп турган. Ата-энесинен эрте ажыраган Кайрыгүл эжелери Бурул, Накий, Жаңыл менен талыкпаган эмгегинин аркасында элдин көзүнө илиништи. Ырчынын чыгармачылык ишмердигинин өнүгүшүнө эбегейсиз зор колдоону республиканын Москвадагы элчиси С. Турсунов көрсөткөн. Москвадагы сегиз жылдык окуу Кайыргүл Сартбаева үчүн өтө көп мүмкүнчүлүктөргө жол ачты. Белгилүү маданият ишмерлери менен жолугушуулар, симфоникалык жана вокалдык музыканын концерттерине баруу, чоң театр, МАХАТ, Пушкин, Вахрушин музейлери жана Москванын өзүнүн атмосферасы келечектеги кыргыз ырчысынын талантынын өнүгүшүнө, ички дүйнөсүнүн байышына чоң таасирин тийгизди.
Ырчынын кесипкөй ишмердүүлүгүнүн башталышы 60-жылдарга туура келет – бул кандайдыр бир ренессанс мезгили, республикада опера, балет, симфоникалык жана драма искусствосу гүлдөп турган учур эле.
Мына ушундай чыгармачылык кырдаалда жашап, эмгектенип жаткан Кайыргүл Сартбаева да эл алдындагы жоопкерчилигин сезген. Дал ушул жоопкерчилик өзү аткарган ролдордогу образды ачып берүүнүн жаңы жолдорун издөөгө, чеберчилигин тынымсыз өркүндөтүүгө болгон умтулуусунда байкалат. Кыска убакыттын ичинде ал башкы ролдорду аткарып, театрдын негизги спектаклдерине кире алган. «Русалка» операсында Ольганын, «Айчүрөк» операсында Айчүрөктүн, Калыймандын, Сары кыздын жана Кара кыздын, «Евгений Онегинде» Татьянанын партиялары ага атак-даңк алып келген. Ушундай эле жигердүүлүгү менен ал республиканын бардык аймактарындагы сахналарга чыгып, көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгон.
Кесиптик жактан жетилген маалда К. Сартбаева педагогикалык ишмердикке баш-оту менен кирген. Искусство институтунун ректору, профессору, азыр болсо консерваториянын профессору катары таланттуу жаштарга вокал өнөрүн үйрөтүп, тарбиялап келүүдө. Өзүнүн кесипкөй кредосу тууралуу айтып жатканда Кайыргүл Сартбаева буларды белгилеген: «Жакшы ырдоо менен эле баары бүтүп калбайт, сахнада жашаш керек». Ал сахнада гана эмес, турмушта да ушундай ишеним менен кыргыз искусствосун даңазалоо үчүн кызматын улантууда.
Алган сыйлыктары
Ырчынын коомдо жана анын лирикалык-драмалык сопрано күйөрмандарынын алдындагы эмгектери татыктуу баа алды. К. Сартбаева – Орто Азиянын жана Казакстандын вокалисттер конкурсунун лауреаты, бир нече жолу республиканын Өкмөтүнүн Ардак грамоталары менен сыйланган. Музыкалык искусствону жана операны өнүктүрүүгө кошкон эбегейсиз зор салымы үчүн ага алгач «Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти», андан кийин «СССРдин эл артисти» деген жогорку наамдар ыйгарылган. 1976-жылы Эл аралык «Мадам Баттерфляй» (Токио) конкурсуна катышып, «Дүйнөдөгү ири опера сахналарында ырдай алат» деген медалга арзыган.
Кайыргүл Сартбаеванын опералык репертуары
· «Евгений Онегин» – Татьяна
· «Фауст» – Маргарита
· «Чио-Чио-Сан» – Баттерфляй
· «Кармен» – Микаэла
· «Борис Годунов» – Ксения
· «Отелло» – Дездемона
· «Русалка» – Ольга
· «Аида» – кечил, Аида
· «А зори здесь тихие» – Бричкина Лиза
· «Иоланта» – Иоланта
· «Оптимисттик маанайдагы трагедия» – улгайган аял
· «Мефистофель» – Маргарита
· «Дон Карлос» – Елизавета
· «Фигаронун үйлөнүү тою» – Графтын аялы, дыйкан
· «Монастырда баш кошуу» – Клара, Луиза
· «Князь Игорь» – Ярославна
· «Дон Жуан» – Донна Анна
· «Алеко» – Земфира
· «Айчүрөк» – Калыйман, Келин, Сары Кыз, Кара Кыз
· «Ажал ордуна» – Зулайка
· «Манас» – Каныкей, Калыйман
· «Алтын кыз» – Чынар, Анар, Алтын Кыз
· «Токтогул» – Тотуя, Валентина
· «Фрунзе» – Гүлсара
· «Олжобай менен Кишимжан» – Кишимжан
· «Абайла, келин!» – Зияда
· «Эненин жүрөгү» – Зинохан
· «Саманчынын жолу» – Жер эненин үнү
· «Аршин Мал-Алан» – Гүлчахра
· «Алтын Көкүл» – Көкүл
· «Сепил» – Акбийке
· «Ак-Мөөр» – Ак Мөөр
· «Курманбек» – Канышай
· «Бойдоктор» – Ширин
Негизги партиялары
Сартбаева дүйнөлүк классикалык жана улуттук опералардагы негизги партияларды да чебер аткарат: Татьяна, Лиза (П. Чайковский, «Евгений Онегин» «Карганын маткеси») Микоэла (Ж. Бизе, «Кармен») Дездемона (Ж. Верди, «Отелло») Маргарита (Ш. Гуно, «Фауст») Баттерфляй (Ж. Пуччини, «Чио-Чио-сан») Айчүрөк, Калыйман, Каныкей, Зулайка (А. Малдыбаев, В. Власов жана В. Фере, «Айчүрөк», «Манас», «Ажал ордуна») жана башка.
Ошондой эле «Токтогул», «Жамийла», «Олжобай менен Кишимжан», «Аста, секин колукту», «Алтын кыз», «Аршин мал алан» операларында башкы каармандардын образын түзгөн. Москвадагы Чоң театрда Баттерфляй, Маргарита, Татьянанын партияларын аткарган. К. Сартбаева кыргыз, орус композиторлорунун ырларын, романстарын чебер аткаруучу катары белгилүү.