Difference between revisions of "ТОКТАКУНОВА Самара"
м (→top: категория кошуу) |
|||
(3 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''ТОКТАКУНОВА Самарбүбү''' (9. 3. 1945, Чүй облусу, Кемин району, Кызыл-Суу айылы) – комузчу-аткаруучу. Кыргыз ССР эл артисти (1981), | '''ТОКТАКУНОВА Самарбүбү''' (9. 3. 1945, Чүй облусу, Кемин району, Кызыл-Суу айылы) – комузчу-аткаруучу. Кыргыз ССР эл артисти (1981), СССР эл артисти (1989). | ||
[[Файл:Жаңы.jpg|alt=Сүрөт|left|thumb|Самара Токтакунова]] | [[Файл:Жаңы.jpg|alt=Сүрөт|left|thumb|Самара Токтакунова]] | ||
Белгилүү комузчу Самара Токтакунованын атасы комузда, энеси ооз комузда мыкты ойногон. Мындан улам алар секелек кыздын музыканы тандап, чыгармачылыкка кадам таштоосуна себепчи болушкан. Айылдагы мектепти аяктагандан кийин өспүрүмдү апасы Фрунзедеги музыкалык | Белгилүү комузчу Самара Токтакунованын атасы комузда, энеси ооз комузда мыкты ойногон. Мындан улам алар секелек кыздын музыканы тандап, чыгармачылыкка кадам таштоосуна себепчи болушкан. Айылдагы мектепти аяктагандан кийин өспүрүмдү апасы Фрунзедеги музыкалык окуу жайына комуз бөлүмүнө тапшырткан. Борбор калаадагы окуу жайдын 1-курсун аяктагандан кийин 15 жашынан тарта кесиби боюнча иштей баштаган. Токтогул Сатылганов, Ыбрай Туманов, Карамолдо Орозов, Муратаалы Күреңкеев, Атай Огомбаев, Шекербек Шеркулов өңдү залкарлардын күүлөрүн чертип, көпчүлүктүн купулуна толуп таанылган. Комузчунун атасы Токтакун кызынын «Сынган бугуну» чертсе экен деген аруу тилеги болгон. Жаш талант кийин ал күүнү үч күн үйрөнүп, бир ай машыгып жолдошу менен төркүнүнө черткени барат. Үйдөгүлөр кошуналарын чакырып, дасторкон жайып ал күүнү алма бакта отуруп алып угушат. Ошондо атасы: «Садага болоюн, сен нан таап жегенге жарап, чоң артист болгон турбайсыңбы, эми өлсөм ыраазымын», – деп ыйлаган жайы бар. | ||
[[Файл:Жайлоодо.jpg|thumb]] | |||
Үчүнчү даражадагы «Манас» орденинин жана «Даңк» медалынын ээси 56 жыл оркестрде ойноп, 1972-жылдан бери бир комузду чертип келет. СССРдин эл артисти чыгармачылыгынын аркасында дүйнөнү түрө кыдырган. Түрдүү эл аралык сынактарга катышып, концерт коюп, Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештиги өлкөлөрүнөн сырткары Вьетнам, Швейцария, Монголия, Түркия, Куба, Америка Кошмо Штаттары, Канада, Кытай, Финляндия, Египет, Япония, Дания, Мексика, Белгия, Германия, Норвегия, Голландия, Францияга чейин барган. | Үчүнчү даражадагы «Манас» орденинин жана «Даңк» медалынын ээси 56 жыл оркестрде ойноп, 1972-жылдан бери бир комузду чертип келет. СССРдин эл артисти чыгармачылыгынын аркасында дүйнөнү түрө кыдырган. Түрдүү эл аралык сынактарга катышып, концерт коюп, Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештиги өлкөлөрүнөн сырткары Вьетнам, Швейцария, Монголия, Түркия, Куба, Америка Кошмо Штаттары, Канада, Кытай, Финляндия, Египет, Япония, Дания, Мексика, Белгия, Германия, Норвегия, Голландия, Францияга чейин барган. | ||
Чарчабаган профессор, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты азыр дагы Калый Молдобасанов атындагы улуттук консерваторияда мугалим болуп иштейт. Профессор 38 жылдан бери окутуучулук менен алектенип, бир топ шакирттерди тарбиялаган. Алардын алды өлкөнүн эмгек сиңирген артисти болсо, арты маданияттын мыкты кызматкери, эл аралык сынактардын жеңүүчүлөрү болгонго чейин жетишкен. | Чарчабаган профессор, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты азыр дагы Калый Молдобасанов атындагы улуттук консерваторияда мугалим болуп иштейт. Профессор 38 жылдан бери окутуучулук менен алектенип, бир топ шакирттерди тарбиялаган. Алардын алды өлкөнүн эмгек сиңирген артисти болсо, арты маданияттын мыкты кызматкери, эл аралык сынактардын жеңүүчүлөрү болгонго чейин жетишкен. | ||
[[Файл:Үчөө.jpg|left|thumb]] | |||
· М. Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык-хореографиялык окуу жайынын кыргыз эл аспаптар бөлүмүндө А. Асакеевден, К. Үкүбаевден окуган (1964). | · М. Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык-хореографиялык окуу жайынын кыргыз эл аспаптар бөлүмүндө А. Асакеевден, К. Үкүбаевден окуган (1964). | ||
27 -сап: | 27 -сап: | ||
Түндүк Каролинанын ардактуу айымы (1986). | Түндүк Каролинанын ардактуу айымы (1986). | ||
[[Категория:Жаңы макалалар]] |
11:12, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
ТОКТАКУНОВА Самарбүбү (9. 3. 1945, Чүй облусу, Кемин району, Кызыл-Суу айылы) – комузчу-аткаруучу. Кыргыз ССР эл артисти (1981), СССР эл артисти (1989).
Белгилүү комузчу Самара Токтакунованын атасы комузда, энеси ооз комузда мыкты ойногон. Мындан улам алар секелек кыздын музыканы тандап, чыгармачылыкка кадам таштоосуна себепчи болушкан. Айылдагы мектепти аяктагандан кийин өспүрүмдү апасы Фрунзедеги музыкалык окуу жайына комуз бөлүмүнө тапшырткан. Борбор калаадагы окуу жайдын 1-курсун аяктагандан кийин 15 жашынан тарта кесиби боюнча иштей баштаган. Токтогул Сатылганов, Ыбрай Туманов, Карамолдо Орозов, Муратаалы Күреңкеев, Атай Огомбаев, Шекербек Шеркулов өңдү залкарлардын күүлөрүн чертип, көпчүлүктүн купулуна толуп таанылган. Комузчунун атасы Токтакун кызынын «Сынган бугуну» чертсе экен деген аруу тилеги болгон. Жаш талант кийин ал күүнү үч күн үйрөнүп, бир ай машыгып жолдошу менен төркүнүнө черткени барат. Үйдөгүлөр кошуналарын чакырып, дасторкон жайып ал күүнү алма бакта отуруп алып угушат. Ошондо атасы: «Садага болоюн, сен нан таап жегенге жарап, чоң артист болгон турбайсыңбы, эми өлсөм ыраазымын», – деп ыйлаган жайы бар.
Үчүнчү даражадагы «Манас» орденинин жана «Даңк» медалынын ээси 56 жыл оркестрде ойноп, 1972-жылдан бери бир комузду чертип келет. СССРдин эл артисти чыгармачылыгынын аркасында дүйнөнү түрө кыдырган. Түрдүү эл аралык сынактарга катышып, концерт коюп, Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештиги өлкөлөрүнөн сырткары Вьетнам, Швейцария, Монголия, Түркия, Куба, Америка Кошмо Штаттары, Канада, Кытай, Финляндия, Египет, Япония, Дания, Мексика, Белгия, Германия, Норвегия, Голландия, Францияга чейин барган.
Чарчабаган профессор, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты азыр дагы Калый Молдобасанов атындагы улуттук консерваторияда мугалим болуп иштейт. Профессор 38 жылдан бери окутуучулук менен алектенип, бир топ шакирттерди тарбиялаган. Алардын алды өлкөнүн эмгек сиңирген артисти болсо, арты маданияттын мыкты кызматкери, эл аралык сынактардын жеңүүчүлөрү болгонго чейин жетишкен.
· М. Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык-хореографиялык окуу жайынын кыргыз эл аспаптар бөлүмүндө А. Асакеевден, К. Үкүбаевден окуган (1964).
· Мамлекеттик Токгогул атындагы сыйлыгынын лауреаты (1984).
· Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун оркестр-дирижёрлук бөлүмүн бүткөн (1988).
· Кыргыз мамлекеттик филармониясынын эл аспаптар оркестринде иштеген (1963–1988, 1970-жылдан комузчу).
· «Камбаркан» этнографиялык-фольклордук тобунда иштеген, 1988–1990)
· 1990-жылдан кайрадан К. Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде иштеген.
· С. Токтакунова элдик классикалык күүлөрдү жана Токтогул, Карамолдо, Шекербек, Ыбырай, Ныязаалы жана башкалардын күүлөрүн устаттыкта аткарат.
Жаштардын бүткүл дүйнөлүк 11-фестивалынын (1978), Орто Азия республикаларынын, Казакстан чөлкөм аралык конкурсунун (1975) лауреаты.
Вьетнам Республикасынын «Достук», Түркиянын «Даңк» медалы(1997), «Манас» ордени (2003), Монголия, Молдавия Республикасынын Ардак грамоталары менен сыйланган.
Түндүк Каролинанын ардактуу айымы (1986).