Difference between revisions of "АНТИГОНИДДЕР"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)

(One intermediate revision by one other user not shown)
1 -сап: 1 -сап:
'''АНТИГОНИДДЕР –''' Македониядагы падышалардын династиясы (б. з. ч. 306–168-ж.). ''Александр Македонскийдин'' кол башчысы «Жалгыз көздүү» Антигон I негиздеген (306–301-ж. бийлеген) жана улуу Деметрий I Полиоркет (301–286-ж. бийлеген) экөө тең падышабыз деп жарыялаган. Деметрий I туткунда өлгөндөн кийин, анын мурасчысы болуп уулу Антигон II Гонат (283–239-ж. башкарган) калат. Антигониддердин кийинкилеринен күчтүүсү Филипп V (221–179) кеңири эл аралык саясат жүргүзүп, 215-ж. Карфаген кол башчысы ''Ганнибал'' менен союз түзгөн. Грекияда өз үстөмдүгүн күчөтүү үчүн жасаган аракети Филипп Vни Рим менен кагылыштырган. Киноскефалдагы салгылашууларда жеңилгенден кийин, Македониядан тышкаркы аймактагы ээлигинен баш тарткан соң, Грекияны римдиктер бийлеп калган. Анын мурасчысы уулу Персей (179–168) 168-ж. Пидндеги салгылашууда жеңилип, Македония кыйраган жана Римге биротоло баш ийип калган.

'''АНТИГОНИДДЕР –''' Македониядагы падышалардын династиясы (б. з. ч. 306–168-жылдар). ''Александр Македонскийдин'' кол башчысы «Жалгыз көздүү» Антигон I негиздеген (306–301-жылдары бийлеген) жана улуу Деметрий I Полиоркет (301–286-жылы бийлеген) экөө тең падышабыз деп жарыялаган. Деметрий I туткунда өлгөндөн кийин, анын мурасчысы болуп уулу Антигон II Гонат (283–239-жылдарда башкарган) калат. Антигониддердин кийинкилеринен күчтүүсү Филипп V (221–179) кеңири эл аралык саясат жүргүзүп, 215-жылы Карфаген кол башчысы ''Ганнибал'' менен союз түзгөн. Грекияда өз үстөмдүгүн күчөтүү үчүн жасаган аракети Филипп Vни Рим менен кагылыштырган. Киноскефалдагы салгылашууларда жеңилгенден кийин, Македониядан тышкаркы аймактагы ээлигинен баш тарткан соң, Грекияны римдиктер бийлеп калган. Анын мурасчысы уулу Персей (179–168) 168-ж. Пидндеги салгылашууда жеңилип, Македония кыйраган жана Римге биротоло баш ийип калган.

[[Категория:1-Том]]

09:58, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АНТИГОНИДДЕР – Македониядагы падышалардын династиясы (б. з. ч. 306–168-жылдар). Александр Македонскийдин кол башчысы «Жалгыз көздүү» Антигон I негиздеген (306–301-жылдары бийлеген) жана улуу Деметрий I Полиоркет (301–286-жылы бийлеген) экөө тең падышабыз деп жарыялаган. Деметрий I туткунда өлгөндөн кийин, анын мурасчысы болуп уулу Антигон II Гонат (283–239-жылдарда башкарган) калат. Антигониддердин кийинкилеринен күчтүүсү Филипп V (221–179) кеңири эл аралык саясат жүргүзүп, 215-жылы Карфаген кол башчысы Ганнибал менен союз түзгөн. Грекияда өз үстөмдүгүн күчөтүү үчүн жасаган аракети Филипп Vни Рим менен кагылыштырган. Киноскефалдагы салгылашууларда жеңилгенден кийин, Македониядан тышкаркы аймактагы ээлигинен баш тарткан соң, Грекияны римдиктер бийлеп калган. Анын мурасчысы уулу Персей (179–168) 168-ж. Пидндеги салгылашууда жеңилип, Македония кыйраган жана Римге биротоло баш ийип калган.