Difference between revisions of "АНОРЕКСИЯ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)
 
2 -сап: 2 -сап:


Ад.: Бройтигам В., Кристиан П., Рад м.фон. Психосоматическая медициина.  М., 1999.
Ад.: Бройтигам В., Кристиан П., Рад м.фон. Психосоматическая медициина.  М., 1999.
[[Категория:1-Том]]

09:56, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АНОРЕКСИЯ ( а... гр. onerig...... - табит) – тамакка болгон физиологиялык талап сакталса да табиттин жок болушу. Анорексия нерв системасынын азыктануу борборунун органикалык бузулушунда (мисалы, шишик оорусунда, травмада, инсультта, ууланууда ), нерв системасы функциялык бузулганда ( мисалы, невроздо, стресс алганда ж. б.), эндокриндик ооруларда (гипофизардык кахексия, аддисон оорусу ж. б.), арыктатуучу өнөкөт ооруларда (туберкулез, залалдуу шишикте ж. б.), тамак сиңирүүчү органдардын ооруларында (өнөкөт гастрит ж. б.), ал эми балдарда (демейде, табиттин начарлашы түрүндө) бир өңчөй тамак бергенде, рациондун жана режимдин өзгөрүшүндө, витамин жетишсиздигинде, ашыкча жана зордоп тамактандырганда ж. б. учурларда болот. Анорексиянын нервдик формасы (нерв-психикалык) өз алдынча оору катары каралат. Мындай Анорексия – пубертаттык (өспүрүм) куракта (негизинен кыздарда) болуучу оорулуу абал. Мында кыздар арыктоо максатында тамакты өтө чектегенде (тамактан толук баш тарткан) абдан арыктап, денеде ар кандай сомалык бузулуулар болот. Тамактан баш тартуунун негизги себеби семирип кетүүдөн коркуу. Бул ооруну 1868-жылы англиялык врач У. Галл жана 1874-жылы франциялык невропатолог жана психиатр Э. Ш. Ласег сыпаттап жазышкан. Нервдик анорексиянын негизинде өтө семизмин деген ой жатат, ошонун натыйжасында оорулуу рационунан калориялуу тамактарды алып салат жана ичкен тамагынын көлөмүн да кескин азайтат. Арыкташ үчүн тамак ичкенден кийин атайылап кусуп, ич алдырма дары ичип, клизма жасап, интенсивдүү физикалык көнүгүүлөрдү жасайт. Дененин массасы азайганда ачка болуу сезими басаңдайт, эндокриндик (барынан мурда аменороя), дистрофиялык (тери, булчуң, миокард) бузулуулар, ичегинин атониясы, анемия, зат алмашуу бузулат ж. б. Өтө арыктап кеткенде жүрөктүн ритми бузулуп, капыстан өлүмгө учурашы мүмкүн. Анорексияда аффективдүү бузулуулар болуп, көбүнчө депрессига алып келет. Анорексия узакка созулуп жана сомалык бузулууларда ооруканада дарыланат: диетотерапия, психотерапия, жалпы чыңдоочу терапия ж. б. пайдаланылат.

Ад.: Бройтигам В., Кристиан П., Рад м.фон. Психосоматическая медициина. М., 1999.