Difference between revisions of "АТЛАНТИДА"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
556-684>KadyrM
м (→‎top: категория кошуу)

(6 intermediate revisions by 4 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
ири жер титирөөнүн кесепети нен суу астына чөгүп кеткен, жогору өнүккөн цивилизация жайгашкан легендарлуу арал. Бул цивилизация байыркы Египет, Месопотамия цивилизацияларынан алда канча мурда, 10‒12миӊ жыл илгери жашагандыгы айтылат. А.ж-дөгү маалыматтар байыркы грек философу ''Платондун'' «Тимей» ж-а «Критий» диалогдорунда баяндалат. Платон А-ны калк жыш жайгашкан, жери түшүмдүү, Европа м-н Түн. Африканы бириктирген идеалдуу мамлекет катары эсептеген. Бирок байыркы мезгилдерде эле Платондун маалыматы күмөн туудуруп, А. цивилизациясы боюнча талаш-тартыштар башталган. Платондун окуучусу ''Аристотель'' А. ойдон чыгарылган деп белгилеген. 19-к-дын аягында Крит аралында ачылган байыркы миной цивилизациясын А. м-н окшоштурууга аракетте нишкен. Азыркы учурда Гибралтар кысыгынын батышында же Эгей деӊизиндеги Санторин а. же анын айланасындагы аймактар болуусу мүмкүн деп санаган пикирлердин айтылганды гына карабастан, А-нын болгондугу ж-а анын жайгашкан жери тууралуу маселе илимде талаш бойдон калууда.

'''АТЛАНТИДА''' – ири жер титирөөнүн кесепетинен суу астына чөгүп кеткен, жогору өнүккөн цивилизация жайгашкан легендарлуу арал. Бул цивилизация байыркы Египет, Месопотамия цивилизацияларынан алда канча мурда, 10‒12 миӊ жыл илгери жашагандыгы айтылат. Атлантида жөнүндөгү маалыматтар байыркы грек философу ''Платондун'' «Тимей» жана «Критий» диалогдорунда баяндалат. Платон Атлантиданы калк жыш жайгашкан, жери түшүмдүү, Европа менен Түндүк Африканы бириктирген идеалдуу мамлекет катары эсептеген. Бирок байыркы мезгилдерде эле Платондун маалыматы күмөн туудуруп, Атлантида цивилизациясы боюнча талаш-тартыштар башталган. Платондун окуучусу ''Аристотель'' Атлантида ойдон чыгарылган деп белгилеген. 19-кылымдын аягында Крит аралында ачылган байыркы миной цивилизациясын Атлантида менен окшоштурууга аракеттенишкен. Азыркы учурда Гибралтар кысыгынын батышында же Эгей деӊизиндеги Санторин аралы же анын айланасындагы аймактар болуусу мүмкүн деп санаган пикирлердин айтылгандыгына карабастан, Атлантиданын болгондугу жана анын жайгашкан жери тууралуу маселе илимде талаш бойдон калууда.

[[Категория:1-Том]]

10:47, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АТЛАНТИДА – ири жер титирөөнүн кесепетинен суу астына чөгүп кеткен, жогору өнүккөн цивилизация жайгашкан легендарлуу арал. Бул цивилизация байыркы Египет, Месопотамия цивилизацияларынан алда канча мурда, 10‒12 миӊ жыл илгери жашагандыгы айтылат. Атлантида жөнүндөгү маалыматтар байыркы грек философу Платондун «Тимей» жана «Критий» диалогдорунда баяндалат. Платон Атлантиданы калк жыш жайгашкан, жери түшүмдүү, Европа менен Түндүк Африканы бириктирген идеалдуу мамлекет катары эсептеген. Бирок байыркы мезгилдерде эле Платондун маалыматы күмөн туудуруп, Атлантида цивилизациясы боюнча талаш-тартыштар башталган. Платондун окуучусу Аристотель Атлантида ойдон чыгарылган деп белгилеген. 19-кылымдын аягында Крит аралында ачылган байыркы миной цивилизациясын Атлантида менен окшоштурууга аракеттенишкен. Азыркы учурда Гибралтар кысыгынын батышында же Эгей деӊизиндеги Санторин аралы же анын айланасындагы аймактар болуусу мүмкүн деп санаган пикирлердин айтылгандыгына карабастан, Атлантиданын болгондугу жана анын жайгашкан жери тууралуу маселе илимде талаш бойдон калууда.