Difference between revisions of "АГРАРДЫК УКУК"
м (1 revision imported) |
м (→top: категория кошуу) |

(5 intermediate revisions by 4 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
, а й ы л ч а р б а у к у | '''АГРАРДЫК УКУК''', а й ы л ч а р б а у к у г у ‒ бири-бири менен өз ара тыгыз байланышкан жер, мүлк, эмгек жана уюштуруу-башкаруу мамилелерин жөнгө салуучу комплекстүү укук тармагы. Агрардык укуктун предметин өз ара ажырагыс болуп байланышкан агрардык мамилелердин комплекси түзгөндүктөн, аны жөнгө салуу да ар түрдүү. Агрардык укуктун өзгөчө объектилерине: айыл чарба жана агрардык бирикмелеринин жана алардын кызматкерлеринин укуктук статусу, айыл чарба ишканаларынын жер пайдалануу укугу, ушул ишканаларда өндүрүштү, эмгекти уюштуруу, укуктук жактан жөнгө салуу боюнча алардын мүлкүнө тиешелүү укук режими, өндүрүштүк, чарбалык, финансы иштерин жөнгө салуу, айыл чарба ишканалары менен бирикмелеринин келишим түзүү жагынан мамилелери, айыл чарба ишканаларынын мүлкүнө зыян келтиргени үчүн жоопкерчилик, айыл чарба ишканалары менен бирикмелердин жана башкалардын кызматкерлеринин көмөкчү чарбаларынын укуктук мамилелерин жөнгө салуу сыяктуу юридикалык нормалар кирет. Агрардык укук илимдин тармагы катары айыл чарбасынын укуктук маанилүү проблемаларын илимий жактан иштеп чыгууга, ошондой эле мыйзам актыларын бир системага салууга мүмкүнчүлүк берет. | ||
''А. Апышев.'' | |||
[[Категория:1-Том]] |
08:21, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АГРАРДЫК УКУК, а й ы л ч а р б а у к у г у ‒ бири-бири менен өз ара тыгыз байланышкан жер, мүлк, эмгек жана уюштуруу-башкаруу мамилелерин жөнгө салуучу комплекстүү укук тармагы. Агрардык укуктун предметин өз ара ажырагыс болуп байланышкан агрардык мамилелердин комплекси түзгөндүктөн, аны жөнгө салуу да ар түрдүү. Агрардык укуктун өзгөчө объектилерине: айыл чарба жана агрардык бирикмелеринин жана алардын кызматкерлеринин укуктук статусу, айыл чарба ишканаларынын жер пайдалануу укугу, ушул ишканаларда өндүрүштү, эмгекти уюштуруу, укуктук жактан жөнгө салуу боюнча алардын мүлкүнө тиешелүү укук режими, өндүрүштүк, чарбалык, финансы иштерин жөнгө салуу, айыл чарба ишканалары менен бирикмелеринин келишим түзүү жагынан мамилелери, айыл чарба ишканаларынын мүлкүнө зыян келтиргени үчүн жоопкерчилик, айыл чарба ишканалары менен бирикмелердин жана башкалардын кызматкерлеринин көмөкчү чарбаларынын укуктук мамилелерин жөнгө салуу сыяктуу юридикалык нормалар кирет. Агрардык укук илимдин тармагы катары айыл чарбасынын укуктук маанилүү проблемаларын илимий жактан иштеп чыгууга, ошондой эле мыйзам актыларын бир системага салууга мүмкүнчүлүк берет.
А. Апышев.