Difference between revisions of "ААЛАМ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

(One intermediate revision by one other user not shown)
1 -сап: 1 -сап:
'''ААЛАМ''' – мейкиндик менен убакыттан чектелбеген, дайыма өзгөрүп-өнүгүп турган объективдүү дүйнө. Ага жөнөкөй бөлүкчөлөрдөн баштап, асман нерселери (телолору), алардын системалары, космос мейкиндиктери жанa электрмагниттик толкундар кирет. Ааламда үзгүлтүксүз өзгөрүү жанa өнүгүү процесстери жүрүп, алар өз ара тыгыз байланышта болот. Андагы кубулуштар физиканын закондору менен түшүндүрүлөт. Ааламды изилдөөдө бардык табигый илимдердин салымы чоң. ''Астрономиянын'' Ааламды изилдөөчү бөлүгү ''космология'' деп аталат. Б. з. ч. 4-кылымда ''Аристотель'' Аалам  түзүлүшүн сфера түрүндө элестетип, анын борборуна Жерди жайгаштырып, калган бардык нерселер (телолор) анын тегерегинде айланат деген. Ушундай эле ойду б. з. ч. 4-3-кылымдарда жашаган механик-математик ''Архимед'' Аалам шар формада болорун жанa анын борбору Жер менен дал келерин түшүндүрүп, радиусу Жер менен Күндүн ортосундагы аралыкка барабар деген. ''Жордано Бруно  Н. Коперниктин'' окуусуна таянып, 16-кылымдын аягында Аалам чексиз, жылдыздар менен планеталар Күндүн тегерегинде айланат деген жанa алардын көпчүлүгүндө тиричилик болуу мүмкүнчүлүгү бар деп элестеткен. 19-кылымда ''күн системасын'' ичине алган өтө көп сандагы ири жылдыздар тобу - ''Галактика'' ачылган. Өзгөчө 20-кылымдын экинчи жарымында кубаттуу телескоптордун пайда болушу, ''радиоастрономиянын ''өнүгүшү, адамдын космос мейкиндигине чыгышы Аалам жөнүндөгү илимдин дүркүрөп өсүшүнө алып келди. Ааламдын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири – андагы материянын бир калыпта эмес жайгашышы. Материянын негизги бөлүгү өтө чоң тыгыздыктагы космос телолорунда (жылдыздарда, планеталарда), тыгыздыгы эң аз заттар Ааламдын калган көлөмдөрүндө жайгашкан. Мында да заттар бир кылка таралган эмес. Газ менен чаңдын тыгыздыктары (10 −23- 10 _25г/''см3)'' кадимки жылдыз аралык мейкиндиктин тыгыздыгына караганда көп эсе чоң. Биздин галактикага жакын бир нече галактикадан башка бардык галактикалар бири-биринен белгилүү ылдамдык менен алыстайт, бул кубулуш Ааламдын кеңейиши деп аталып, ''Хаббл законуна'' баш ийет. Ааламдагы заттардын тыгыздыктары ар түрдүү болуп, эң кичине объектиден чоң объектиге өткөндө өтө тез төмөндөйт''. ''
'''ААЛАМ''' – мейкиндик менен убакыттан чектелбеген, дайыма өзгөрүп-өнүгүп турган объективдүү дүйнө. Ага жөнөкөй бөлүкчөлөрдөн баштап, асман нерселери (телолору), алардын системалары, космос мейкиндиктери жанa электромагниттик толкундар кирет. Ааламда үзгүлтүксүз өзгөрүү жанa өнүгүү процесстери жүрүп, алар өз ара тыгыз байланышта болот. Андагы кубулуштар физиканын закондору менен түшүндүрүлөт. Ааламды изилдөөдө бардык табигый илимдердин салымы чоң. ''Астрономиянын'' Ааламды изилдөөчү бөлүгү ''космология'' деп аталат. Б. з. ч. 4-кылымда ''Аристотель'' Аалам  түзүлүшүн сфера түрүндө элестетип, анын борборуна Жерди жайгаштырып, калган бардык нерселер (телолор) анын тегерегинде айланат деген. Ушундай эле ойду б. з. ч. 4-3-кылымдарда жашаган механик-математик ''Архимед'' Аалам шар формада болорун жанa анын борбору Жер менен дал келерин түшүндүрүп, радиусу Жер менен Күндүн ортосундагы аралыкка барабар деген. ''Жордано Бруно  Н. Коперниктин'' окуусуна таянып, 16-кылымдын аягында Аалам чексиз, жылдыздар менен планеталар Күндүн тегерегинде айланат деген жанa алардын көпчүлүгүндө тиричилик болуу мүмкүнчүлүгү бар деп элестеткен. 19-кылымда ''күн системасын'' ичине алган өтө көп сандагы ири жылдыздар тобу - ''Галактика'' ачылган. Өзгөчө 20-кылымдын экинчи жарымында кубаттуу телескоптордун пайда болушу, ''радиоастрономиянын ''өнүгүшү, адамдын космос мейкиндигине чыгышы Аалам жөнүндөгү илимдин дүркүрөп өсүшүнө алып келди. Ааламдын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири – андагы материянын бир калыпта эмес жайгашышы. Материянын негизги бөлүгү өтө чоң тыгыздыктагы космос телолорунда (жылдыздарда, планеталарда), тыгыздыгы эң аз заттар Ааламдын калган көлөмдөрүндө жайгашкан. Мында да заттар бир кылка таралган эмес. Газ менен чаңдын тыгыздыктары (10 −23- 10 _25г/''см3)'' кадимки жылдыз аралык мейкиндиктин тыгыздыгына караганда көп эсе чоң. Биздин галактикага жакын бир нече галактикадан башка бардык галактикалар бири-биринен белгилүү ылдамдык менен алыстайт, бул кубулуш Ааламдын кеңейиши деп аталып, ''Хаббл законуна'' баш ийет. Ааламдагы заттардын тыгыздыктары ар түрдүү болуп, эң кичине объектиден чоң объектиге өткөндө өтө тез төмөндөйт''. ''

Ад.: ''Шкловский И. С.'' Вселенная, жизнь, разум. 2-изд., М., 1965; ''Агекян Т. А.'' Звезды, галактика, метагалактика. М., 1966.

Ад.: ''Шкловский И. С.'' Вселенная, жизнь, разум. 2-изд., М., 1965; ''Агекян Т. А.'' Звезды, галактика, метагалактика. М., 1966.

[[Категория:1-Том]]

13:46, 17 Январь (Үчтүн айы) 2024 -га соңку версиясы

ААЛАМ – мейкиндик менен убакыттан чектелбеген, дайыма өзгөрүп-өнүгүп турган объективдүү дүйнө. Ага жөнөкөй бөлүкчөлөрдөн баштап, асман нерселери (телолору), алардын системалары, космос мейкиндиктери жанa электромагниттик толкундар кирет. Ааламда үзгүлтүксүз өзгөрүү жанa өнүгүү процесстери жүрүп, алар өз ара тыгыз байланышта болот. Андагы кубулуштар физиканын закондору менен түшүндүрүлөт. Ааламды изилдөөдө бардык табигый илимдердин салымы чоң. Астрономиянын Ааламды изилдөөчү бөлүгү космология деп аталат. Б. з. ч. 4-кылымда Аристотель Аалам түзүлүшүн сфера түрүндө элестетип, анын борборуна Жерди жайгаштырып, калган бардык нерселер (телолор) анын тегерегинде айланат деген. Ушундай эле ойду б. з. ч. 4-3-кылымдарда жашаган механик-математик Архимед Аалам шар формада болорун жанa анын борбору Жер менен дал келерин түшүндүрүп, радиусу Жер менен Күндүн ортосундагы аралыкка барабар деген. Жордано Бруно Н. Коперниктин окуусуна таянып, 16-кылымдын аягында Аалам чексиз, жылдыздар менен планеталар Күндүн тегерегинде айланат деген жанa алардын көпчүлүгүндө тиричилик болуу мүмкүнчүлүгү бар деп элестеткен. 19-кылымда күн системасын ичине алган өтө көп сандагы ири жылдыздар тобу - Галактика ачылган. Өзгөчө 20-кылымдын экинчи жарымында кубаттуу телескоптордун пайда болушу, радиоастрономиянын өнүгүшү, адамдын космос мейкиндигине чыгышы Аалам жөнүндөгү илимдин дүркүрөп өсүшүнө алып келди. Ааламдын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири – андагы материянын бир калыпта эмес жайгашышы. Материянын негизги бөлүгү өтө чоң тыгыздыктагы космос телолорунда (жылдыздарда, планеталарда), тыгыздыгы эң аз заттар Ааламдын калган көлөмдөрүндө жайгашкан. Мында да заттар бир кылка таралган эмес. Газ менен чаңдын тыгыздыктары (10 −23- 10 _25г/см3) кадимки жылдыз аралык мейкиндиктин тыгыздыгына караганда көп эсе чоң. Биздин галактикага жакын бир нече галактикадан башка бардык галактикалар бири-биринен белгилүү ылдамдык менен алыстайт, бул кубулуш Ааламдын кеңейиши деп аталып, Хаббл законуна баш ийет. Ааламдагы заттардын тыгыздыктары ар түрдүү болуп, эң кичине объектиден чоң объектиге өткөндө өтө тез төмөндөйт.

Ад.: Шкловский И. С. Вселенная, жизнь, разум. 2-изд., М., 1965; Агекян Т. А. Звезды, галактика, метагалактика. М., 1966.