Difference between revisions of "АТ-БАШЫ КАПЧЫГАЙЫ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
556-684>KadyrM
м (→‎top: категория кошуу)

(4 intermediate revisions by 4 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
К е п т е ш ‒ Ат-Башы өрөөнүнүн түн.-батышындагы Кошойдун Кара-Тоосунун чыгыш бөлүгүн түштүктөн түндүккө кесип өткөн кууш капчыгай. Деӊиз деӊг. бийикт. 1860‒1900 ''м.'' Уз. 6 ''км,'' туурасы 20‒150''м.'' Капталдары бийик (200‒400 ''м''), кууш ж-а тик (50‒60°). Капчыгайдын түш. бөлүгү бир аз жайык, шагыл таш эшилмелери көп, түн. тарабы кууш. Ал аркылуу Ат-Башы суусу агат. Антецеденттик типке кирет. Палеозой заманынын кристаллд уу чулу тоотектеринен турат, түш. бөлүгүндө палеоген м-н неогендин конгломерат ж-а кумдук чөкмө тоо тектери жатат. Капталындагы күнөстүү майда торпуларда чөл ж-а жарым чөл өсүмдүкт өрү өсөт. Капчыгайда Ат-Башы ГЭСи курулган.

'''АТ-БАШЫ КАПЧЫГАЙЫ,'''  К е п т е ш ‒ Ат-Башы өрөөнүнүн түндүк-батышындагы Кошойдун Кара-Тоосунун чыгыш бөлүгүн түштүктөн түндүккө кесип өткөн кууш капчыгай. Деӊиз деӊгээлинен бийиктиги 1860‒1900 ''м.'' Узундугу 6 ''км,'' туурасы 20‒150 ''м.'' Капталдары бийик (200‒400 ''м''), кууш жана тик (50‒60°). Капчыгайдын түштүк бөлүгү бир аз жайык, шагыл таш эшилмелери көп, түндүк тарабы кууш. Ал аркылуу Ат-Башы суусу агат. Антецеденттик типке кирет. Палеозой заманынын кристаллдуу чулу тоо тектеринен турат, түштүк бөлүгүндө палеоген менен неогендин конгломерат жана кумдук чөкмө тоо тектери жатат. Капталындагы күнөстүү майда торпуларда чөл жана жарым чөл өсүмдүктөрү өсөт. Капчыгайда Ат-Башы ГЭСи курулган.

[[Категория:1-Том]]

10:38, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АТ-БАШЫ КАПЧЫГАЙЫ, К е п т е ш ‒ Ат-Башы өрөөнүнүн түндүк-батышындагы Кошойдун Кара-Тоосунун чыгыш бөлүгүн түштүктөн түндүккө кесип өткөн кууш капчыгай. Деӊиз деӊгээлинен бийиктиги 1860‒1900 м. Узундугу 6 км, туурасы 20‒150 м. Капталдары бийик (200‒400 м), кууш жана тик (50‒60°). Капчыгайдын түштүк бөлүгү бир аз жайык, шагыл таш эшилмелери көп, түндүк тарабы кууш. Ал аркылуу Ат-Башы суусу агат. Антецеденттик типке кирет. Палеозой заманынын кристаллдуу чулу тоо тектеринен турат, түштүк бөлүгүндө палеоген менен неогендин конгломерат жана кумдук чөкмө тоо тектери жатат. Капталындагы күнөстүү майда торпуларда чөл жана жарым чөл өсүмдүктөрү өсөт. Капчыгайда Ат-Башы ГЭСи курулган.