Difference between revisions of "Тармактык Энциклопедия:ГЕРШЕЛЬ"
Jump to navigation
Jump to search
MMEE_>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
13:31, 20 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 -га соңку версиясы
Вильям (Уильям) – англ. астрономдору, атасы ж-а баласы: 1) Уильям (Фридрих Вильгельм) (15.10.1738 – 25.8.1822) – жылдыздар астрон-нын негиз салуучусу. Өзүлөрү жасаган телескоп м-н жылдыздуу асмандын системалуу көрүнүшүн, чогулмаларын, кош жылдыздарды, тумандуулуктарды изилдеген. 1802-ж. карата 2 миңден ашык жаңы тумандуулукту, о. эле жүздөгөн жаңы кош жылдыздарды ачкан. Галактиканын 1-моделин түзгөн, Күндүн мейкиндиктеги кыймылын тактаган. 1781-ж. Уранды, 1789-ж. анын 2 жандоочусун ачкан. 2) Жон Фредерик Уильям (7.3.1792 – 11.5.1871). Асмандын түш-дөгү жылдыздардын жылтырашы м-н абалына байкоо жүргүзгөн, кош жылдыздарды изилдеген, 1864-ж. жылдыз чогулмалары м-н тумандуулуктардын каталогун түзгөн. Астрофотометрияны эң алгачкы негиздөөчүлөрдөн болгон.