Difference between revisions of "Тармактык Энциклопедия:ГАЛИЛЕЙ"
Jump to navigation
Jump to search
MMEE_>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
13:31, 20 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 -га соңку версиясы
Галилео (15. 2. 1564 – 8. 1. 1642) – итал. илимпоз, табият таануу илимдерине негиз салуучулардын бири. 1609-ж. 1-телескопту жасаган. Айдын бетиндеги тоолорду, Юпитердин 4 жандоочусун, Чолпондун фазаларын, Күндөгү тактарды аныктаган. 1633-ж. дүйнөнүн гелиоборбордук системасын активдүү жактагандыгы үчүн Г. инквизиция сотуна берилип, Н. Коперниктин окуусунан баш тартууга мажбурланган. Өмүрүнүн акыркы жылдарын сүргүндө өткөргөн.