Difference between revisions of "Тармактык Энциклопедия:БРАГЕ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
MMEE_>KadyrM
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:30, 20 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 -га соңку версиясы

Тихо (14.12.1546 – 13.10.1601) – дан. астроному. Практикалык астрон-нын реформатору. Ал 1576-ж. «Ураниборг» обсерваториясын куруп, анда асман жарык чыгаруучуларынын абалына 21 жыл бою байкоо жүргүзгөн. Ай кыймылындагы 2 барабарсыздыкты ачкан. Кометалар Айдан да алыс асман телолору экенин далилдеген. 800 жылдыздын каталогун, рефракция таблицасын ж. б. түзгөн. Анын Марска жүргүзгөн байкоолорунун негизинде И. Кеплер планеталар-дын кыймыл законун ачкан.