Difference between revisions of "Тармактык Энциклопедия:ЭЛЕКТРОН-ОПТИКАЛЫК ӨЗГӨРТКҮЧ"
Jump to navigation
Jump to search
MMEE_>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
13:30, 20 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 -га соңку версиясы
– объектинин көзгө көрүнбөгөн (инфракызыл, ультракызгылт-көк же рентген нуру) сүрөттөлүшүн көзгө көрүнгөн сүрөттөлүшкө өзгөртүүчү же көрүнгөн сүрөттөлүштүн дааналыгын күчөтүүчү вакуумдуу фотоэлектрондук прибор. Мында оптикалык же рентген сүрөттөлүш фотокатоддун жардамы м-н электрондук сүрөттөлүшкө, ал эми электрондук сүрөттөлүш катод-люминесценциялуу экранда көзгө көрүнгөн сүрөттөлүшкө өзгөртүлөт. Караңгыда байкоо үчүн (объектинин инфракызыл нур м-н жарыктандырууда) оптикалык ж-а микроскопиялык изилдөөлөрдө пайдаланылат.