Difference between revisions of "АТАКСИЯ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
м (→‎top: категория кошуу)

(4 intermediate revisions by 4 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
(гр. ataxia ‒ баш аламандык) ‒ кыймылдын бузулушу. Көбүнчө четки нерв талчалары, көрүү дөӊчөлөрү, вестибуль аппараты, жүлүн, кара куш, маӊдай ж-а төбө мээлери жабыркаганда (сезгенүү, шишик ж. б.) болот. Дене (статикалык) ж-а бут-кол (динамикалык) А-сы болуп бөлүнөт. Дене А-сында оорулуу көзүн жумса, теӊселип түз тура албайт. Бут-кол А-сында көзүн жуумп, сөөмөйүн мурдунун учуна тийгизе албайт, көтөргөн бутунун согончогун экинчи бутунун тизесине жеткире албайт, теӊ салмагын жоготуп теӊселип, буттарын талтайтып мас кишиге окшоп басат. Дарылоо ооруну пайда кылган себептерди жоюуга багытталат. ''Дарылоочу физкультуранын'' жардамы м-н бузулган кыймылдарды калыбына келтирүүгө болот.

'''АТАКСИЯ''' (гр. ataxia ‒ баш аламандык) ‒ кыймылдын бузулушу. Көбүнчө четки нерв талчалары, көрүү дөӊчөлөрү, вестибуль аппараты, жүлүн, кара куш, маӊдай жана төбө мээлери жабыркаганда (сезгенүү, шишик ж. б.) болот. Дене (статикалык) жана бут-кол (динамикалык) Атаксиясы болуп бөлүнөт. Дене Атаксиясында оорулуу көзүн жумса, теӊселип түз тура албайт. Бут-кол Атаксиясында көзүн жуумп, сөөмөйүн мурдунун учуна тийгизе албайт, көтөргөн бутунун согончогун экинчи бутунун тизесине жеткире албайт, теӊ салмагын жоготуп теӊселип, буттарын талтайтып мас кишиге окшоп басат. Дарылоо ооруну пайда кылган себептерди жоюуга багытталат. ''Дарылоочу физкультуранын'' жардамы менен бузулган кыймылдарды калыбына келтирүүгө болот.

[[Категория:1-Том]]

10:41, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АТАКСИЯ (гр. ataxia ‒ баш аламандык) ‒ кыймылдын бузулушу. Көбүнчө четки нерв талчалары, көрүү дөӊчөлөрү, вестибуль аппараты, жүлүн, кара куш, маӊдай жана төбө мээлери жабыркаганда (сезгенүү, шишик ж. б.) болот. Дене (статикалык) жана бут-кол (динамикалык) Атаксиясы болуп бөлүнөт. Дене Атаксиясында оорулуу көзүн жумса, теӊселип түз тура албайт. Бут-кол Атаксиясында көзүн жуумп, сөөмөйүн мурдунун учуна тийгизе албайт, көтөргөн бутунун согончогун экинчи бутунун тизесине жеткире албайт, теӊ салмагын жоготуп теӊселип, буттарын талтайтып мас кишиге окшоп басат. Дарылоо ооруну пайда кылган себептерди жоюуга багытталат. Дарылоочу физкультуранын жардамы менен бузулган кыймылдарды калыбына келтирүүгө болот.