Difference between revisions of "АТАКЕ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
556-684>KadyrM
м (→‎top: категория кошуу)

(4 intermediate revisions by 3 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
Тынай бий уулу, А т а к е б а а т ы р (болжол м-н 1738 ‒ өлгөн жылы белгисиз) ‒ Чүй өрөөнүндөгү сарыбагыш уруусунун 18-к-дын 2-жарымындагы бийи: Орус тарыхый булакта
'''АТАКЕ Тынай бий уулу''', А т а к е б а а т ы р (болжол менен 1738 ‒ өлгөн жылы белгисиз) ‒ Чүй өрөөнүндөгү сарыбагыш уруусунун 18-кылымдын 2-жарымындагы бийи: орус тарыхый булактарында «князь» деп аталат.
[[File:АТАКЕ20.png | thumb | none]]
[[File:АТАКЕ20.png | thumb|none]]
рында «князь» деп аталат.

Ал Россиянын борбору Санкт-Петербургга элчилик жиберип (1785‒88), Россия менен дипломатиялык байланышты баштаган. Элчилери ''Абдырахман'' менен ''Шергазы'' аркылуу Россия императору Екатерина IIге кайрылып, кыргыз элине жөлөк болуусун өтүнгөн жана кыргыз жергеси аркылуу өтүүчү Россиянын кербендеринин коопсуздугун камсыз кылуу милдетин ала тургандыгын билдирген. Орус падышасына бир кул, 3 илбирстин, 5 сүлөөсүндүн терисин тартуулаган. Атаке 1787-жылы кыргыз жергесине келген орус элчиси Муслим Агоферовду коӊшу элдердин (өзбек, уйгур ж. б.) өкүлдөрүнүн катышуусунда салтанаттуу кабыл алган. 1788-жылы жазында Абдырахман (1-элчиликтин жетекчиси) уулу ''Сатынбайды'' баш кылып, Омск шаарына элчиликке жиберген. Бул элчиликке тоскоол көп болуп, бир нече жыл иш чаташып, акыры жыйынтык чыккан. Атакенин Россия бийлигине жазган (араб алфавитинде) 2 катынын түп нускасы Омск облустук мамлекеттик архивинде сакталып турат. Катка жеке мөөрү басылган. Мөөр тамчы түрүндө болуп, ичине «Тынай би абу (уулу) Атаке батур» деген жазуу түшүрүлгөн. Атаке казак хандары, султандары менен кырдаалга жараша мамиле түзгөн. Өзгөчө Бүкөй төрө менен өтө жакын болгон. Кыргыз санжырасында Атакенин Кокон башчысы ''Нарбото'' бийге жолукканы жөнүндөгү маалыматтар сакталып калган. Ошол кездешүүдө Атаке акылман башкаруучу, дипломат экенин көрсөткөн. Айрым маалыматтарда ал тубаса коёнээк төрөлгөн деп айтылса, экинчи бир маалыматта, салгылашта үстүӊкү эрдине найза тийип, эрини экиге бөлүнүп, тиши ачылып, ыраӊы бузулуп калгандыктан, оозу-мурдун жаап жүргөн деп айтылат. 1825-жылы Кокон хандыгынын кысымынан Атаке сарыбагыш уруусунун бир бөлүгү менен Ысык-Көлгө убактылуу журт которуп кеткен. Атакенин баласы ‒ Карабек, Карабектен ''Жантай'', Жантайдан ''Шабдан''. Кийинчерээк кыргыздар Россиянын курамына бириктирилгенден кийин Атакенин укум-тукуму Атаке болуштугун түзүшкөн.

Ал Россиянын борбору Санкт-Петербургга элчилик жиберип (1785‒88), Россия м-н дипл. байланышты баштаган. Элчилери ''Абдырахман'' м-н ''Шергазы'' аркылуу Россия императору Екатерина IIге кайрылып, кыргыз элине жөлөк болуусун өтүнгөн ж-а кыргыз жер
''Д. Сапаралиев,'' сүрөтчүсү ''Р. Исаков.''

геси аркылуу өтүүчү Россиянын кербендеринин коопсуздугун камсыз кылуу милдетин ала тургандыгын билдирген. Орус падышасына бир кул, 3 илбирстин, 5 сүлөөсүндүн терисин тартуулаган. А. 1787-ж. кыргыз жергесине келген орус элчиси Муслим Агоферовду коӊшу элдердин (өзбек, уйгур ж. б.) өкүлдөрүнүн катышуусунда салтанаттуу кабыл алган. 1788-ж. жазында Абдырахман (1-элчиликтин жетекчиси) уулу ''Сатынбайды'' баш кылып, Омск ш-на элчиликке жиберген. Бул элчиликке тоскоол көп болуп, бир нече жыл иш чаташып, акыры жыйынтык чыккан. А-нин Россия бийлигине жазган (араб алфавитинде) 2 катынын түп нускасы Омск обл. мамл. архивинде сакталып турат. Катка жеке мөөрү басылган. Мөөр тамчы түрүндө болуп, ичине «Тынай би абу (уулу) Атаке батур» деген жазуу түшүрүлгөн. Атаке казак хандары, султандары м-н кырдаалга жараша мамиле түзгөн. Өзгөчө Бүкөй төрө м-н өтө жакын болгон. Кыргыз санжырасында Атакенин Кокон башчысы ''Нарбото'' бийге жолукканы ж-дөгү маалыматтар сакталып калган. Ошол кездешүүдө А. акылман башкаруучу, дипломат экенин көрсөткөн. Айрым маалыматтарда ал тубаса коёнээк төрөлгөн деп айтылса, экинчи бир маалыматта, салгылашта үстүӊкү эрдине найза тийип,
[[Категория:1-Том]]
эрини экиге бөлүнүп, тиши ачылып, ыраӊы бузулуп калгандыктан, оозу-мурдун жаап жүргөн деп айтылат. 1825-ж. Кокон хандыгынын кысымынан А. сарыбагыш уруусунун бир бөлүгү м-н Ысык-Көлгө убактылуу журт которуп кеткен. А-нин баласы ‒ Карабек, Карабектен ''Жантай'', Жантайдан ''Шабдан''. Кийинчерээк кыргыздар Россиянын курамына бириктирилгенден кийин А-нин укум-тукуму Атаке болуштугун түзүшкөн.

''Д. Сапаралиев,'' сүрөтчүсү ''Р. Исаков.''

10:41, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АТАКЕ Тынай бий уулу, А т а к е б а а т ы р (болжол менен 1738 ‒ өлгөн жылы белгисиз) ‒ Чүй өрөөнүндөгү сарыбагыш уруусунун 18-кылымдын 2-жарымындагы бийи: орус тарыхый булактарында «князь» деп аталат.

АТАКЕ20.png

Ал Россиянын борбору Санкт-Петербургга элчилик жиберип (1785‒88), Россия менен дипломатиялык байланышты баштаган. Элчилери Абдырахман менен Шергазы аркылуу Россия императору Екатерина IIге кайрылып, кыргыз элине жөлөк болуусун өтүнгөн жана кыргыз жергеси аркылуу өтүүчү Россиянын кербендеринин коопсуздугун камсыз кылуу милдетин ала тургандыгын билдирген. Орус падышасына бир кул, 3 илбирстин, 5 сүлөөсүндүн терисин тартуулаган. Атаке 1787-жылы кыргыз жергесине келген орус элчиси Муслим Агоферовду коӊшу элдердин (өзбек, уйгур ж. б.) өкүлдөрүнүн катышуусунда салтанаттуу кабыл алган. 1788-жылы жазында Абдырахман (1-элчиликтин жетекчиси) уулу Сатынбайды баш кылып, Омск шаарына элчиликке жиберген. Бул элчиликке тоскоол көп болуп, бир нече жыл иш чаташып, акыры жыйынтык чыккан. Атакенин Россия бийлигине жазган (араб алфавитинде) 2 катынын түп нускасы Омск облустук мамлекеттик архивинде сакталып турат. Катка жеке мөөрү басылган. Мөөр тамчы түрүндө болуп, ичине «Тынай би абу (уулу) Атаке батур» деген жазуу түшүрүлгөн. Атаке казак хандары, султандары менен кырдаалга жараша мамиле түзгөн. Өзгөчө Бүкөй төрө менен өтө жакын болгон. Кыргыз санжырасында Атакенин Кокон башчысы Нарбото бийге жолукканы жөнүндөгү маалыматтар сакталып калган. Ошол кездешүүдө Атаке акылман башкаруучу, дипломат экенин көрсөткөн. Айрым маалыматтарда ал тубаса коёнээк төрөлгөн деп айтылса, экинчи бир маалыматта, салгылашта үстүӊкү эрдине найза тийип, эрини экиге бөлүнүп, тиши ачылып, ыраӊы бузулуп калгандыктан, оозу-мурдун жаап жүргөн деп айтылат. 1825-жылы Кокон хандыгынын кысымынан Атаке сарыбагыш уруусунун бир бөлүгү менен Ысык-Көлгө убактылуу журт которуп кеткен. Атакенин баласы ‒ Карабек, Карабектен Жантай, Жантайдан Шабдан. Кийинчерээк кыргыздар Россиянын курамына бириктирилгенден кийин Атакенин укум-тукуму Атаке болуштугун түзүшкөн.

Д. Сапаралиев, сүрөтчүсү Р. Исаков.