Difference between revisions of "Тармактык Энциклопедия:ТЕЛЛУРИЙ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
MMEE_>KadyrM
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:24, 20 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 -га соңку версиясы

– Күндү айланта Жердин жылдык кыймылын, о. эле Жердин өз огундагы суткалык айланышын даана көрсөтүүчү курал. Т-де Жер деп элестетилген кичине шарча Күн делинген чоң шардын же кандайдыр бир жарык булагын (мис., рефлектордук лампаны) тегеренип жылып турат. Андан тышкары Жер-шарча өз огунун айланасында жантайышын өзгөртпөй айланат. Кээде Т-де кичине шарча Жерди айланып турган Айды да элестетет.