Difference between revisions of "Тармактык Энциклопедия:ОРБИТАНЫН ЭЛЕМЕНТТЕРИ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
MMEE_>KadyrM
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:23, 20 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 -га соңку версиясы

– асман телосунун орбитасынын формасын ж-а өлчөмдөрүн, анын мейкиндиктеги абалын, о. эле ошол асман телосунун орбитадагы абалын аныктоочу алты чоңдук. О. э. асман телосунун кыймыл законун сүрөттөйт. Аны билүү асман телосу каалаган учурда мейкиндиктин кайсы чекитинде болорун эсептөөгө жардам берет. Орбитанын формасы ж-а өлчөмү орбитанын чоң жарым огу ж-а орбитанын эксцентриситети м-н аныкталат. Мейкиндиктеги орбитанын багыты кандайдыр бир тегиздикке салыштырмалуу аныкталат. Күн системасынын планеталары, кометалары үчүн эклиптика тегиздиги кызмат кылат. Орбитанын тегиздигинин абалы чыгуу түйүнүнүн узактыгы ж-а орбитанын жантайышы м-н берилет. Тегиздиктеги орбитанын абалы перигелий аргументи м-н аныкталат. Орбитадагы асман телосунун абалын аныктоочу алтынчы элемент – перигелий аркылуу өтүүчү учур. 


www.generat.narod.ru